Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

COVID-19: Абал курчуду, кеңеш сурагандар көбөйдү


Ушул күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында коомдук транспорт дезинфекцияланып жатат.

Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус дагы 205 адамдан табылып, илдеттен үч киши каза болду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал арада 118 ыкчам номуруна кайрылып, жооп ала албагандар нааразы болуп жатышат.

Бийлик абал курч экенин эскертип, коңгуроо кагууда. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды оорунун белгилери аныкталганда дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Себеби акыркы кезде үйдө өз алдынча дарыланып жата берип өлүм менен аяктаган учурлар көбөйүп жатат.

Дагы үч адам жашоо менен кош айтышты

Өткөн бир суткада COVID-19 вирусу жаңы аныкталгандардын ичинен 82 адам Бишкек шаарына туура келет. Чүй облусунда 33, Ош шаарында 25, Ош облусунда 20, Нарында 19, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда сегиз, Таласта алты жана Баткен облусунда эки киши.

Ошондой эле үч адам каза болду. Алар Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы менен Талас аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы эркек жана аял. Дагы бирөө Ноокен аймактык ооруканасында жаткан 60 жаштагы аял.

Ошентип, 22-июнга карата өлкөдө коронавирус 3356 адамга жугуп, алардын ичинен 40 киши каза болду жана илдетке чалдыккан 2021 бейтап ооруканадан сакайып чыкты.


Дүйшөмбү күнү Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал опурталдуу экенин дагы бир жолу кайталады. Ал вирустан көз жумгандар тууралуу сүйлөп жатып, илдетти жуктуруп алып үйдө өз алдынча дарылануунун кооптуулугун эскертти.

«Акыркы 10 күндө каза болгондорго анализ жүргүздүк. Тилекке каршы, алар өз алдынча дарылана берип ооруканага оор абалда түшүп, бир-эки күндөн кийин эле каза болуп калышууда. Себеби, көпчүлүгүнүн кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу дарттары болгон. Мисалы, Түптө каза болгон киши тоого барып келгенден кийин ооруп жатып калган. Эки күндөн кийин эле көз жумду. Ноокен районунда бейтап бир-эки күндө эле кайтыш болуп кетти. Мындай фактылар көп. Ошондуктан өз алдынча дарыланып жата бербегиле. Бир аз гана шек жаралса, ооруканага кайрылгыла. Айрым учурларда биздин дарыгерлер да ката кетирип коюшу мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги ар бир өлүмдү өзүнчө иликтеп, дарыгерлерден ката кетсе чара көрөт».

Медицинаны сынаган оор мезгил

Дарыгерлер «эң кооптуусу бейтаптардын көбү ооруну кайдан жуктуруп алганын билбей жатышат» дейт. Бейтаптардын көбөйүшү ансыз да араңжан кыргыз медицинасына чоң сыноо болду.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб ооруканалардын жүгүн жеңилдетиш үчүн вирус жуктургандарды карантинге алуу жол-жобосун өзгөрттү. Штаб 16-июндан тартып илдетке чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптарды үйүндө кармоо чечимин кабыл алган. Ушул тапта абалы анча оор эмес 724 киши үй карантининде жатат. Интернетте ооруканаларда орун калбай калганы тууралуу видеолор тарап жатат.

Сабиржан Абдикаримов бейтаптар үчүн 1821 орун бар экенин, зарылчылык болсо айрым ооруканалар COVID-19 жуктургандары жаткырууга ылайыкташтырыларын айтты.

«Республикалык инфекциялык ооруканага, Кыргыз-Түрк ооруканасына жана Улуттук фтизиатрия борборуна коронавирус аныкталган бейтаптар гана жаткырылат. Улуттук госпиталда 120 адамга орундук даярдадык. Ал жакка анализи таза чыккан бирок өпкөсү кагынып (пневмония) калган адамдар кабыл алынат. Эгерде зарылчылык болсо Бишкектеги Фучик (шаардык №1 оорукана) ооруканасын жана «Ак Кеме» мейманканасын стационарга ылайыкташтырабыз».


Коронавирус Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен аныкталды. COVID-19 илдети Коомдук телерадиокорпорациясынын кызматкеринен да чыкты. 20-июнда Бишкектин мэри Азиз Суракматовдон да вирус аныкталып, учурда дарыланып жатат.

Эми "Эпидемиологиялык кырдаалды кантип көзөмөлдөш керек?" деген суроо турат. Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Елена Баялинова «Азаттыкка» пикири менен бөлүштү.

«Ар ким өз ден соолугуна кам көрүү болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат. Анткени Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму мынчалык көп бейтапты кабыл алууга даяр эмес. Саламаттык сактоо министрлиги «2 миңге жакын орун даярдап койдук» дейт. Бул жакшы, бирок ал деле жетишсиз да. Азыр бул абалга алып келгендерди күнөөлөп, аларды издөөгө убакыт жок. Биз колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, абалдан чыгуунун жолун карайлы. Ар бир ооруканада менеджерлер бар. Баары ошолордон көз каранды».

Штаб абалды көзөлгө алып, адамдардын байланышын азайтыш үчүн Бишкек шаарында ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспортту токтотуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, облус аралык маршруттук автобустарга чектөө киргизди.

Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып айрым оору күчөгөн аймактарга өзгөчө абал киргизилип, 1-майда кайра жоюлган. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө.


Коомчулукта «өзгөчө абал режиминде эл үйдө отурганда бийлик оорунун жайылышын алдын алуу, мындан аркы кадамдар боюнча кандай иш жасады?» деген суроону берип жатат. Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов ал учурда көзгө көрүнөрлүк жумуш болбогонун билдирди.

«Азыр абалды оңдоп кетиш кыйын болуп калды. Мындан бир-эки ай мурун кырдаалды көзөмөлдөп, абалды туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал кезде вирус жуктургандар аз эле да. Азыр болсо коронавирус менен ооругандар көп болуп кетти. Буга чейин атайын бир план болгонуна да көзүм жетпей турат. Биз төрт ай мурун эле «даярдык көрүш керек» деп айтып жаттык. Медицинага оорчулук болбош үчүн ар бир облуска жеңил жол менен жок жегенде бирден оорукана куруш керек болчу. Эми мындан ары да көбөйө берсе, оорусу күчөп кеткендерди кантип дарылайбыз деп кабатыр болуп жатам. Кудай сактасын деп жүрөбүз».

Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев элди санитардык талаптарды так сактоого чакырып, «дүрбөлөңгө түшпөш керек» деди.

«Ооруга чалдыккандар көбөйгөнүн көрсөтүп, аны трагедия кылыштын кереги жок. «Кечээ 192 киши эле, бүгүн 205 адам» деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Вирус бар жана биз аны менен жашайбыз. Айрымдар ооруну эртең эле жоготуп жиберчүдөй сүйлөп жатат. Коронавирусту көзөмөлгө алуу ар бир жарандын жоопкерчилигинде. Сыйкырдуу таяк алып келип бизди эч ким куткарып кетпейт. Кыргызстандын медициналык инфраструктурасы ошол эле, жаңы оорукана курулган жок. Ошондуктан колубуздагы мүмкүнчүлүктү колдонолу. Андан тышкары штаб айткандай беткапты тагынып, аралыкты сактап жана массалык иш-чараларды токтотуш керек».

19-июнда Коопсуздук кеңеши өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалын карап чыгып, бир катар чечимдер кабыл алды. Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин жана коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөөгө жооптуу органдардын, жергиликтүү бийликтердин иши «жетишсиз» деп табылган.

Кеңеш сурагандар көбөйдү

Ал арада коронавирус боюнча кеңеш сурап, 118 ыкчам номуруна чалып, бирок жооп ала албагандар нааразы болуп жатышат.

Саясат таануучу, адам укугу боюнча Борбор Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу Сания Токтогазиева жолдошу экөө 4-5 күндөн бери дене табы көтөрүлүп, жыт сезбей, жөтөлүп, коронавирус илдетинин бардык белгилери байкалып жатканын билдирди.

Бирок жардам алуу үчүн 118 номуруна көп ирет чалып, жооп ала албай койгон.

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

«Биз 118 номуруна үч күн мурда кайрылып, оорунун белгилерин айтып, мобилдик топту жиберүүнү өтүнгөнбүз. Азыркыга чейин күтүп отурабыз. Бирок алар кайрылгандар абдан көп болуп, жетишпей жатканын кабарлашты. Мобилдик топ келип, бизден тест алса деле анын жыйынтыгын төрт күндөй күтө турганыбызды айтышты. Азырынча үйдөн чыкпай, эч ким менен байланышпай тургула дешти. Үч күндөн бери аларды күтүп, эч кайда чыкпай отурабыз. Абалыңар начарлап кетсе «Тез жардам» чакыргыла дешкен».

118 кыска номери 18-мартта Кыргызстанда алгач ирет коронавируска чалдыккандар катталганда ишке киришкен. Өкмөттүн демилгеси менен түзүлгөн бул кызмат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карайт. 6-апрелден тартып ооруга чалдыккандарга аралыктан кеңеш берип, вирустун белгиси байкалгандарды аныктоо, андан соң мобилдик топторго кабарлоо боюнча алты линия толук ишке кирген.

Учурда Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинде алты, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда сегиз линия бар. Алар 22-июндан тартып күнү-түнү иштөө тартибине өткөнүн Бишкек шаардык саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Ал вируска байланышы жок эле телефон чалуулар көп экенин, мындан улам иш тоскоолдукка учурап жатканын кошумчалады:

«"Чек аралар ачылдыбы? Ысык-Көлгө барсак болобу? Тесттин жыйынтыгын кайдан алабыз? Кайдан акы төлөп тест жасатсак болот?" деген сыяктуу суроолор менен чалгандар көп. Сурап-билүү номурундай эле көрүп жатышат. Ушундай тынымсыз чалуулардан линиябыз бошобой, эл нааразы. Биз элге кеңеш берүү менен гана чектеле алабыз. Эч кимге буйрук бере албайбыз».

Линияда иштегендер айлык албайт

Дарыгерлер акыркы күндөрү мобилдик топтор бейтаптарга барганга жетишпей жатканын айтышууда. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординатору Айжамал Жусупова 118 линиясы ачылгандан бери ыктыярчы болуп иштеп жатат.

«Бизге көп учурда коронавирустун бир эле симптому болсо, дене табы көтөрүлсө эле чалып жатышат. «Мобилдик топту жибергиле, анализ алсын» деп урушкандар көп. Алардын баарына жооп берүү кыйын. Негизи, бул ыктыярдуу иш, эч кандай айлык албайбыз. Вирус башталганда каалоочуларды ишке чакырышкан. Эмне иш экенин билбей эле келсек, ушундай ыкчам линияга кеңеш бергени отургула дешти. Карантин маалында ишибиз жок болгондон көрө элге жардам берели деп отурабыз».

Ыкчам линияны ачуу, иштетүү жоопкерчилиги мамлекетте болсо да, анын техникалык жабдылышын, иштөө алгоритмин эл аралык донорлор каржылап беришкен.

«Сорос-Кыргызстан» фонду менен Швейцария элчилигинин Өнүктүрүү долбоору бул кызматтын иштөөсү үчүн керектүү техникалык камсыздоону июнь айында токтотмок. Бирок шартка жараша долбоор июлга чейин уланышы күтүлүп жатат.

Айбек Мукамбетов
Айбек Мукамбетов

«Сорос-Кыргызстан» фондунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов 118 кызматын натыйжалуу иштетүү үчүн өкмөт каражат аябашы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мобилдик топтор да көбөйтүлүшү керек.

«Ыкчам линиянын жакшы иштеши мамлекеттик маанидеги маселе болушу керек. Бул багытта ресурстарды аябай, каржылоо толук жүрсө жакшы болмок. Ыкчам линияга 50 кишини отургузуп, элдин баарына жооп бердирип койгон күндө да, вирусту текшерген мобилдик топтор жетишсиз болсо, элдин саламаттыгына эч кандай пайдасы тийбейт. Азыр Бишкек боюнча 20-25 эле мобилдик топ иштеп жатат. Алар кеминде 40 же 50 болгондо гана шаарга толук жетишип, калктын талабын аткара алат да».

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июнда COVID-19 дартына каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында 118 кызматына кайрылгандар тийиштүү маалыматты ыкчам түрдө алышы керектигин билдирди.

Өкмөт башчы элди өлкөдө абал начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болууга чакырып, «Тез жардам» кызматынын санын көбөйтүү зарылдыгы бар экенин да моюнга алган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG