Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Өкмөт: 118 кызматына нааразылык күч


Мобилдик бригада. Бишкек. Май, 2020-жыл.
Мобилдик бригада. Бишкек. Май, 2020-жыл.

Коронавирустун белгилери байкалган жарандар менен иштеген 118 түз байланыш кызматынын ишине нааразылык көп экенин өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын 20-июндагы жыйынында белгиледи.

«Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы. Эгерде жаран call-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Call-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди ал.

Кубатбек Боронов 118 кызматынын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл экенин да белгиледи.

Премьер-министр мындан тышкары мамлекеттик лабораториялар да анализдер кыска убакыт ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөөгө тийиш экенин айтты.

118 кызматынын ишине нааразылык социалдык тармактарда да көп болууда. Эки күн мурун коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу 118 кызматы анын үй-бүлөсүнөн ПЧР-анализ албай, кечиктирип жатканына нааразылыгын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG