Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Үсөнбаев: Үйдөн дарылануунун кесепети кейиштүү


Жарандарга COVID-19 илдети тууралуу түшүндүрүп жүргөн дарыгерлер. Май, 2020-жыл.
Жарандарга COVID-19 илдети тууралуу түшүндүрүп жүргөн дарыгерлер. Май, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды оорунун белгилери билинери менен дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Анын 18-июндагы брифингде айтканына караганда, убагында медицина кызматкерлерине кайрылбай, үйдө өзүм билемдик менен дарылануунун кесепети көп болууда:

“Өз алдынча дарыланган шарттар каттала баштады. Көп учурда үйүндө жатып алып, ар кимдин сөзү менен эле дарыланып жүрүп, орточо абалын оор абалга өткөрүп жибергендер көбөйдү. Анын арты минтип кейиштүү аяктап жатат”.

Үсөнбаев дене табы көтөрүлүп же респиратордук оорулардын белгилери каттала турган болсо, 118 номуру аркылуу медицина кызматкерлерине кайрылууга чакырды.

Коронавирус илдетин жуктуруп алган 36 жаштагы жаран 17-июнда каза тапкан. COVID-19 илдетине каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, ал оорунун белгилери билинсе да дарыгерлерге кайрылбай, үйдөн өз алдынча дарыланып жүрүп, ооруну өтүштүрүп жиберген.

18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 2650 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 31 адам каза болду. Каза тапкандардын ичинен экөөнүн курагы кырк жашка жете элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG