Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Боронов: 118 кызматына кошумча адистерди тартыш керек


Республикалык штабдын жыйыны.
Республикалык штабдын жыйыны.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында 118 кызматына кайрылган адамдар тийиштүү маалыматты ыкчам алышы керек экенин айтты. Боронов учурда бул кызматтын ишине нааразы жарандар көп экенин белгилеп, "операторлор жетишсиз болсо, кошумча адистерди тартыш керек" деди.

“Көптөгөн жарандар адистердин кеңешин алуу үчүн 118 түз байланыш кызматына чалып, ала албай жаткандарын билдирип нааразы болууда. Адамдар чалганда ыкчам жооп кайтаруу зарыл. Эгерде операторлор жетишсиз болсо, оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек”, - деди Боронов.

Өкмөт башчы өлкөдө абал начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болуп, "Тез жардамдын" санын көбөйтүү зарылдыгын айтты.

“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, оору жуктуруп алгандар көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан бейтаптар жаткырылчу жайларды камсыздоо керек. Бул өлкөнүн бардык региондоруна тийиштүү”, - деди Боронов.

Социалдык тармактарда дене табы көтөрүлгөн жарандар 118 кызматына чалып байланыша албай жатканын жазышууда.

21-июнга карата Кыргызстанда 170 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Жалпы коронавирус жуктургандардын саны 3151 адамга жетти. Акыркы суткада вирус жуктуруп алган эки адам каза тапты. Ушул тапта стационарда 528 бейтап бар. 38 адамдын абалы оор. 11 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG