Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Бишкек: абал өзгөрбөсө, мэрия шаарды 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берет


Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 25-июндагы онлайн брифингде илдеттин жайылуусу күчөп кетсе борбордук штабга калаанын 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берилерин билдирди.

"Эгерде бул оору жайыла берсе, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жабууга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Себеби, элдин ден соолугун, өмүрүн ойлошубуз керек", - деген Түлөбаев шаардагы бардык коомдук жайлар санитардык эрежени сактабаса кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Келаткан жумадан баштап ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт жана такси кызматтарынын иштөөсүнө тыюу салынарын белгиледи. Мэриянын аппарат жетекчиси коомчулуктун кайдыгерлигинен эпидемия күчөп баратканын айтты.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын эң көп саны - 228 адам катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июнда билдиргендей, бир суткада 4160 кишинин анализи текшерилип, анын 228инен коронавирус табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 113 адам.

Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG