Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Сооронбаев: Бузукулардын айынан коронавирус күчөп кетти


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айтты. Эгер оорунун белгилерин байкасаңыз, үйдөн чыкпай обочолонууну сунуштады.

"Азаттык": Сиз жакында эле Кыргызстанда күчөгөн сасык тумоонун баарын коронавирус инфекциясы деп айттыңыз. Бул тыянакка атайын иликтөөдөн кийин келдиңизби?

Талантбек Сооронбаев: Биринчиден, жай мезгилинде азыркыдай дене табы көтөрүлүп, пневмония болгон учурлар мынчалык көп катталган эмес. Ушундай эле көрүнүш азыр дүйнө жүзүндө да болуп жатат.

Өтө көп адамдар жөтөлүп, тамагы ооруп, дене табы көтөрүлүп, пневмонияга чалдыгышууда. Жөнөкөй сасык тумоо күз, кыш мезгилдеринде күчөйт.

Андыктан ооругандардын баарын коронавирус деп айтканыбыз негиздүү. Кайсы бир сырттан келген маалыматка таянган жокпуз. Адамдар азыр топ-тобу менен сыркоолоп жатат. Маселен, үйдө бирөө ооруса, анда жашагандын баары ооруп калууда. Коронавирус - ушундай бат таркай турган инфекция.

"Азаттык": Эл азыр абдан чочулап жатат, эмне кылыш керек?

Талантбек Сооронбаев: Оорудан коркпош керек. Ошентсе да ар бир адам тартипти, тазалыкты сактап, жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Азыр дарыгерлер айткан кеңештерди көпчүлүк аткарбай жатат. Керек болсо тойго барып, көчөдө жүрүшөт, аралыкты сакташкан жок, кокус бир маршруткага кирип калсаңыз дээрлик баары беткап тагынбай отурган болот. Ар түрдүү жыйындарды, жолугушууларды өткөрүп жатышат. Азыр дүйнөдө көп мамлекеттерде бул нерсенин баары тыйылган да. Бизде баары тескерисинче, бир жакка барса, 20-30 киши тыгылып кезекке туруп алышат. Ар бир жаран гигиеналык нормаларды так аткарышы керек эле.

Мага күнүгө көптөгөн адамдар телефон чалышып, дене табы көтөрүлгөнүн, оорунун белгилери байкалганын айтышат. Айрымдары билимдүү, илимдүү эле кишилер. Алар ооруса да болбой сыртка чыгып, бейтапканага барып, рентген тарттырып, өз алдынча асма дары сайдырып, дүкөнгө, жумушуна барып эле жүргөнүн айтышты. Ушул аралыкта ал канча кишиге жуктурду? Абдан көп да. Оорунун белгилери байкалган адам изоляцияда болушу керек. Үйдөн эч жакка чыкпай, дарыгер менен телефон аркылуу гана байланышса болот. Коронавирус - өтө тез тарайт. Айрыкча кары-картаңдар, өнөкөт оорусу барларга кыйын. Аларды оолактатыш керек.

"Азаттык": Азыр ПЧР-анализи коронавирусту көрсөтпөй, бирок өпкөсү кагынган адамдар көп болуп жатпайбы? Арасынан өлүмгө учурагандар да көп. Аларды вируска кошсо болобу?

Талантбек Сооронбаев: COVID-19 полимердик чынжыр реакциясы тестинен чыкпай, бирок өпкөсү пневмония болуп кеткендердин баары – коронавирус. Аларды азыркы пандемиядан бөлүп кароого болбойт. Дагы бир нерсени баса белгилегим келет,

Коронавирус болгон адамда ПЧР тест аныкталбай деле калат. Азыр пневмонияга учураган, каза болуп жаткандардын бардыгын бул вируска чалдыкты деп ишенимдүү айта алам.

Азыр “жөн эле сасык тумоо болуп калдым же ангинамын” деп элди алаксытып, өзүн-өзү алдап, вирустан качуунун кереги жок.

Илимий жактан тастыктоону бизге калтыргыла, бул үчүн атайын догдурлар, адистер иштеп жатабыз. Ар кайсы элди алаксыткан сөздү айтпай, берилген кеңештерди аткарып, тартип менен гана бул ооруну жеңсе болот.

Анан биз айткан көрсөтмөлөрдү “куру сөз” деп танып, үйүндө жатып эле социалдык тармактарда коомду дүрбөткөндөр көп болуп жатат. Мунун баары жакшы көрүнүш эмес. Пандемия бизге жайылды, аны баарыбыз моюнубузга алып, ооругандар дароо обочолонсун. Жеңил түрүндөгүлөр үйүнөн эле айыкса болот. Азыр медиктер күнү-түнү тынбай иштеп жатышат. Айрым “эксперт болумуштар” бизди сындап, элдин башын айлантып жатат. Токтоткула демекчимин! Жетишет, ушундай өйдө-ылдый пикирлерден улам азыр бир оор кырдаалга кабылдык.

Эми убакыт корото албайбыз. Мен бул өлкөнүн башкы өпкө дарыгери катары болгон жоопкерчиликти моюнума алып жатам. Биздин ишке кийлигишип, сындай бербей, жардам бергиле. Азыр дарыгерлер да абдан кыйналды, чарчады, оор абалда турабыз.

"Азаттык": Абал ушинтип курчуй берсе кандай болот? Адистер бейтаптарды караганга жетишеби?

Талант Сооронбаев: Албетте, биз аябай чарчадык. Эл, жарандарыбыз азыр дарыгерлерге жардам бериши керек. Догдурлар жетиштүү болоруна кепилдик бере алам. Баары иштейт, бирөөндө да коркуу сезими жок. Тилекке каршы, биздин дарыгерлер эмес, өзүн "дарыгермин" деп эсептеген айрым бузукулар коомчулукка дүрбөлөң салып, туура эмес маалымат таратып жатышпайбы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG