Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Москвадагы окуя тесттен күмөн саноого түрттү


24-июнь, 2020-жыл. Москва.
24-июнь, 2020-жыл. Москва.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга аны коштоп барган делегациядагы эки кишиден коронавирус чыкканы үчүн катышпай калды. Бул Кыргызстандагы COVID-19 вирусун текшерген тесттердин сапатынан күмөн саноону күчөттү.

Бишкектен анализи таза чыккандардан эмне үчүн Москвага барганда вирус табылды? Кыргызстандагы тесттердин сапатын текшерген органдар барбы?

"Сапатсыз тест жок!"

Тесттердин сапаты жана анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда COVID-19 илдети катталгандан бери эле ар кандай кептер айтылып келет.

Бирок министрлик андай күмөн саноолор негизсиз экенин билдирген жайы бар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Республикалык штабдын 25-июнда өткөн брифингинде​ тесттердин сапаты боюнча буларга токтолду:

“Бизде сапатсыз ПЧР-тесттер жүргүзүлбөйт. Делегация курамы кетерден үч күн мурда тест тапшырганбы же жокпу толук билбейм. Бирок, анализди кечээ эле тапшырып, анын жыйынтыгы чыга электе ооруган адам менен байланышта болсо да вирус жугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул окуяны изилдемейинче бир жактуу айта албайм”, - деди Мадамин Каратаев.

23-июнда президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Орусиянын борбору Москвага Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык парадга катышуу үчүн барган. Бирок делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, мамлекет башчысы майрамдык иш-чараларга катышпай калган.

25-июнда мамлекет башчынын маалымат кызматы Москвага барып келген расмий делегациянын курамындагы эки адамдан коронавирус тастыкталып, президенттин анализи таза чыкканын кабарлады.

“Азаттыктын” казак кызматы жакында эле Актөбө облусунда ПЧР-тесттен коронавирус аныкталбаганы менен өпкөсү кагынгандар көбөйгөнүн маалымдаган.

Көз карандысыз эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстанда да ушундай эле кырдаал өкүм сүрүп жатканын белгиледи:

“Улуттук фтизиатрия борбору менен Бишкектеги Темир жол ооруканасында азыр пневмония болуп жаткан бейтаптар бар. Алардын ПЧР-анализинен коронавирус табылган эмес, бирок оорунун белгилери бүт бар. Бул бейтаптардын оорусун сөзсүз түрдө коронавирус катары кабылдаш керек. Тилекке каршы, сапатсыз тесттерденби же тестирлөө туура эмес болуп жатабы, айтор коронавирус болгондордун статистикасына булар кошулган жок. Ал арада Улуттук фтизиатрия борборунда эл ооруп, өлүп жатат”.

Эксперттер туура эмес тестирлөө бейтаптын андан аркы дарыланышына, ооруну тез аныктап, алдын-ала профилактикалык иш-чараларды баштоосуна тоскоолдук жаратып, вирустун жайылышын шарттайт дешет.

"Туура эмес да алышат"

Азыр Кыргызстанда 18 лаборатория COVID-19 оорусун полимердик чынжыр реакциясы (ПЧР) аркылуу аныктап жатат.

Фармакология боюнча адис, илимпоз Аида Зурдинова коронавирус аныкталган адам менен байланышта болгондордон гана ПЧР-анализ алууну туура деп эсептейт. Бирок бул анализди алууда да бир топ өксүктөр бар деген ойдо:

“Кыргызстандагы тесттердин сапаты көрүнүп эле калбадыбы. Президентти ыңгайсыз абалга калтырышты. Бул жактан вирусту көрсөтпөй, Орусиядан кайра чыгып калганы эле биздеги ПЧР-тесттер мандемдүү деген ой жаратат. Дагы бир жагы, бизде адистер мурундан анализди туура эмес алышат. Анан адам тумоолоп жаткандар менен байланышта болсо, баары бир ПЧР-анализинен, мурундагы суюктуктан вирус чыкпайт. Вирус анын канына тараган болот. Оорунун белгилери байкалса, анда ПЧР-тесттин эч кандай зарылдыгы жок. Сөзсүз кан аркылуу аныкташ керек. Ошол анализде кичине вирустун сезимталдыгы жогорураак көрүнөт”.

"Тесттер жаңы, баары так деп айтууга кыйын"

Кыргызстанда колдонулуп жаткан коронавирусту аныктоочу тесттердин сапатын кайсы орган көзөмөлдөйт?

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо бөлүмү бул милдетти Республикалык оорулардын алдын-алуу илимий борборуна берген.

Борбордун эл аралык сертификаты бар, жугуштуу ооруларды аныктоочу анализдердин сапатын текшерген илимий-практикалык бөлүмүнүн адиси Татьяна Кучук Германия, Нидерланд, Кытай, Орусия, Беларустан алып келинген тест-системалардын сапатына токтолду.

“Ар дайым биринчи чыккан нерсенин төгөрөгү төп болбойт. Коронавирус - жаңы инфекция. Жети ай мурда эле тарады. Окумуштуулар аны тез арада аныктай турган тесттердин түрүн чыгарышты. Кытайлык тесттердин сапаты ар кандай болот экен. Абдан мыктылары да бар. Тесттер бир нече түргө бөлүнөт. Экспресс, ПЧР же серологиялык тест деп коет. ПЧР-тесттердин сезимталдыгы башкаларга салыштырмалуу жогору. Ооруну аныктоо мүмкүнчүлүгү да бийик. Анткен менен коронавирустун геному азырынча толук изилденип бүтө элек. Биз сапатын текшерген тесттердин арасында начарлары, жакшылары деле бар. Болгону биз аларды колдонсо болот же болбойт деген сунуштаманы министрликке беребиз. Андан ары кайсы тестти колдонуп жатышканын көзөмөлдөй албайбыз. Анан калса бул тесттер өтө кымбат”.

Март айынын ортосунда өлкөдө алгач коронавирус аныкталганда 10 миң тест-система алынган. Орусия, Кытайдан гуманитардык жардам иретинде миңдеген тесттер келген.

Мамлекеттик лабораториялар бейтаптарды жана байланышта болгондорду текшергенге жетишпей, апрелден тарта менчик Бонецкий лабораториясы социалдык долбоор аркылуу 3 миңден ашуун адамга акысыз ПЧР-тест жасады. Бир ПЧР-тесттин баасы 2300 сомдун тегерегинде болууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстанда ПЧР тесттери өтө сапаттуу экенин, картридж системасындагы тестирлөө да кирерин билдирген эле. Майдын аягында ал Беларустан 150 миң тест алынарын кабарлаган.

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган 228 адам катталды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Илдет катталган 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG