Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

COVID-19га чалдыккандар 10 миллиондон ашты


АКШнын Чикаго шаарындагы оорукана, 2020-жылдын май айы.
АКШнын Чикаго шаарындагы оорукана, 2020-жылдын май айы.

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 10 миллиондон ашты. Илдеттен каза тапкандар жарым миллионго чукулдады. Вирус АКШнын айрым штаттарында кайра жайылууда. Индия баштаган Азия өлкөлөрүндө илдетке чалдыккандардын саны азайбай жатат.

Бир нече апта мурда эле коронавирустун жайылышын басаңдатып, чектөөлөрдү алууга киришкен АКШнын түштүк жана батыш аймактарында илдеттин жаңы очоктору пайда болду. Маселен, Флорида штатында жума күнү COVID-19га кабылган 9 миң адам катталса, ишемби күнү алардын саны бери дегенде 9500гө жетти. Мындан улам штатта ичимдик саткан барларга жаңы чектөөлөр киргизилди. Майами шаарынын бийлиги 4-июль - АКШнын эгемендик күнүнө карата фейерверк аттырбай турган болду. Ошондой эле дем алышта пляждар жабык болоорун эскертти.

АКШнын штаттарынын ичинен карантинди биринчилерден болуп жумшарткан Техаста да коронавирусту жугузуп алгандар көбөйгөндүктөн жергиликтүү бийлик барларды жаап, ресторандардын ички бөлүгүндө кардарлардын санын 50 пайызга чейин кыскартуу чечимин кабыл алды. Калифорниянын бийлиги да штаттагы бир округда үйдө отуруу тартибин кайра киргизди. Ошентсе да президент Дональд Трамптын администрациясы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

“Жаңы учурлар чыккан сайын америкалыктардын арасында “эки ай мурдагы абалыбызга кайра келдикпи” деп ойлогондор болушу мүмкүн. Чоң жоготуулар жана кыйынчылык башыбыздан өтүп жаткандай сезилиши ыктымал. Бирок чынында абал жакшыраак. Биз илдеттин жайылышын басаңдата алдык. Өмүрлөрдү сактап калдык”, - деди АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

Нью-Йорк шаарындагы ресторан, 25-июнь 2020-жыл.
Нью-Йорк шаарындагы ресторан, 25-июнь 2020-жыл.

28-июнга карата АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 2,5 миллиондон ашты. Алардын 125 миңден көбү каза тапты. Ал эми дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен бул вирус 10 миллиондон ашуун адамга жукту. Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухан шаарынан башталган илдет дүйнөдө жалпысынан жарым миллионго чукул адамдын өмүрүн алды.

Дабасы табыла элек оорудан каза болгондор менен ага чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийинки эле экинчи орунда турган Бразилияда 27-июнда бир күндө 38 693 кишиден коронавирус табылды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бир сутка ичинде 1109 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Ушуну менен Бразилияда эпидемия башталгандан бери COVID-19дан көз жумгандардын саны 57 миңден ашты. Вирусту жугузуп алгандар 1 миллион 313 миңге жетти.

Калкынын саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турган Индияда да коронавирус күч алууда. 27-июнда өлкөдө бир сутка ичинде 18 500 адамдан вирус табылып, бир күн ичинде 385 бейтап бул илдеттен көз жумду. Индияда расмий маалымат боюнча, жалпысынан 509 миң киши илдетти жугузуп алса, алардын 15 600дөйү көз жумду. Өлкө аймактарындагы, анын ичинде баш калаа Делидеги бейтапканаларда орун жетишпей жатат.

“Коронавируска чалдыккандар көбөйөт деп күтүп жатканбыз. Бирок алардын саны биз күткөндөн да өсүп кетти. Июнь айынын алгачкы аптасында бейтапканаларда орун жетишпей калды. Делиде калкты тесттен өткөрө албай жаттык. Орун тартыш болгондуктан, айрым бейтаптар оруканаларга жаткырылбай калды. Натыйжада өлгөндөрдүн саны да көбөйдү”, - деди Делинин башкы министри Арвинд Кеджривал.

Индиянын Ахмедабад шаары, 27-апрель 2020-жыл.
Индиянын Ахмедабад шаары, 27-апрель 2020-жыл.

Эпидемиянын баштапкы толкунун ийгиликтүү ооздуктай алган Түштүк Корея коронавирустун жаңы очоктору менен алпурушуп жатат. 28-июнга чейинки бир сутка ичинде өлкөдө 62 адамдан коронавирус табылды. Карантинди май айында жумшарткан Түштүк Кореяда вирус түнкү клубдар, чиркөөлөр жана дүкөндөр аркылуу кайра жайылганы кабарланган.

Кытайда 28-июнда дагы 17 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталды. Жаңы учурлардын көбү Бээжиндеги азык-түлүк саткан базардан тараганы белгилүү болгон. Ошентсе да май айынын ортосунан бери Кытайда COVID-19дан каза тапкандардын саны 4634 бойдон турат. Саламаттык сактоо тармагындагы көз карандысыз эксперттер Кытайдын расмий статистикасынан күмөн санап келишет.

Кыргызстандын Коронавируска каршы ыкчам штабы маалымдагандай, 28-июнга карата дагы 235 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү же 107си Бишкек шаарына туура келет. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавируска кабылгандардын саны 4748 адамга жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG