Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Акыркы суткада коронавирус жуктурган 235 адам катталды


Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 28-июнга карата дагы 235 адамдан коронавирус аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан.

Бишкек шаарында – 107

Чүй облусунда – 43

Ош шаарында – 33

Ош облусунда – 9

Нарын облусунда – 1

Жалал-Абад облусунда – 15

Ысык-Көл облусунда – 14

Баткен облусунда – 13

Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавируска кабылгандардын саны 4748 адамга жетти.

Акыркы суткада 30 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6 адам. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 2242 бейтап коронавирустан айыкты.

28-июнга карата бир адам – 56 жаштагы аял Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында каза болду. Коронавирус жуктургандан кийин каза болгондордун жалпы саны 47 болду.

Бүгүнкү күнү стационарда 628 адам дарыланууда. 20 киши жандандыруу бөлүмүндө.

27-июнда Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 309 адам катталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.(ZKo)

XS
SM
MD
LG