Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Четтен алынган акча, чеке жылытпаган иш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан пандемия маалында эл аралык каржы уюмдарынан 290 млн. доллардан ашуун насыя жана грант алды.

Өкмөт келген каражаттын көбүн айлыкка, пенсияга жана жөлөкпулга коротту. Депутаттар кайра үстөгү менен кайтарылчу акчага көзгө көрүнөрлүк иш жасалбай, кумга сиңген суудай эле жок болуп жатканын сындап жатышат.

25-июнда Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан дагы 20 млн. доллар алуу боюнча макулдашууну ратификация кылуу маселесин карады. Ал каражаттын 10 млн. доллары 40 жылга насыяга, калганы гранттык негизде алынып жатат.

Депутаттар келишимди кароодо өлкө эл аралык финансы уюмдарынан алып жаткан каражатты колдонуу маселесин көтөрдү. Эл өкүлү Наталья Никитенко четтен алынган акча саламаттык сактоо системасына жетпей калганына көңүл бурду.

«Сырттан алынган насыя жана гранттын көбү социалдык чыңалуу болбош үчүн пенсияга, жөлөкпулга жумшалды. Ал эми жасалма дем алдыруучу аппараттарды, «Тез жардам» автоунаасын, сапаттуу тесттерди сатып алууга каражат бөлүнбөй жатат. Саламаттык сактоо тармагы пандемия менен күрөшүү үчүн жетиштүү каражат алган жок. Тез арада өкмөткө чет жактан келген акчаны бөлүштүрүү тартибин карап чыгуу тапшырмасын беришибиз керек».

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө начарлап ооруканаларда орун жетишпестиги байкалды.

Штабдын чечими менен илдетти жеңил көтөргөн адамдар үйүндө дарыланууда.

Депутат Марлен Маматалиев пандемия башталгандан бери өлкөдө бейтаптар үчүн бир да объект курулбаганына нааразы.

«Акчаны алып эле жатасыңар, бирок андан жыйынтык жок. Жөнөкөй гана уюштуруу иштери боюнча маселе чечилбей турат. Канча деген акча алдык. Ал каражатка эчак эле бир шаарча куруп койсок болмок. Алты миллион кишини карантинге алгандан көрө алты миң кишини көзөмөлдөсөк жеңил болбойт беле. Акча жок болсо башка маселе. Бирок каражат келип жатат да».

Ошол эле кезде башка мамлекеттер оору менен күрөшүү үчүн жаңы ооруканаларды куруп, кырдаалдан чыгуунун ар кандай жолдорун издеп жатышат.

Алыс кетпей эле Кыргызстандын коңшуларын карасак, Кытай коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында быйыл жыл башында вирус жуктурган бейтаптар үчүн 10 күндүн ичинде жаңы оорукананы салып коюшкан.

Казакстандын Алматы шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу 18 күндө бүтүп пайдаланууга берилген. Өзбекстан бейтаптарга өзүнчө шаарча куруп, атүгүл жасалма дем алдыруучу аппарат да чыгара баштады. Жыл аягына чейин жок эле дегенде 100 аппарат өндүрүүнү пландап жатышат.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

«Биз өкмөттөн акчаны колдонуунун максатын өзгөртүүнү талап кылышыбыз керек. Азыр каражатты көзгө көрүнбөгөн эле иштер үчүн алып жатабыз. Коронавирус токтойт, пандемия да бүтөт. Анын үстүнө бул акча насыя. Ошондуктан атайын жайларды куруп, ал жерлерге жабдыктарды сатып келишибиз керек. Биз каражатты эмне үчүн алып жатабыз, эртең насыяны кантип төлөйбүз?», - деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын соңку берген маалыматына караганда, Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга биринчи транш менен 120,8 млн. доллар, экинчи транш менен 121,1 млн. доллар насыя берди. Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар келди. Анын жарымы грант.

Өкмөт Эл аралык валюта фонду биринчи которгон 120,8 млн. долларды бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына, жөлөкпулга, пенсияга сарптады. Экинчи траншы казынада турат.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Эл аралык валюта фондунан алынган 120,8 млн. долларды кыргыз валютасына алмаштырганда 10 млрд. 256 млн. сом болгон. Анын эң көбү - 4 млрд. 115 млн. сому айлыкка коротулду. 2 млрд. 131 млн. сом Соцфондго, 1 млрд. 310 млн. сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кетти.

Депутат Акылбек Жапаров эл аралык каржы булактарынан алынган акчаны өкмөт натыйжалуу пайдаланып жатканынан күмөн саноодо. Ал каражат максаттуу колдонулбай, өлкөдө коронавирус күчөп, илдет менен күрөшүүдө жыйынтык начар деп эсептейт.

«20 млн. долларга 20 оорукана куруп койсок болот эле. Азия өнүктүрүү банкы «силерге эмне керек болсо, ошого акчаны берип жатабыз» деп билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинен сурасаң Азия өнүктүрүү банкына же Финансы министрлигине шылтайсыңар. Финансы министрлиги кайра силерге шылтайт. Акчанын баары ооруканаларды оңдоого кеткени жатат. Жок дегенде 10 оорукана куруш керек болчу. Саламаттык сактоо министрлигинде эрк жок болуп атат».

Өкмөт эл аралык финансы институттарынан, донор өлкөлөрдөн үч багыт боюнча – бюджетти колдоо, COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын- алуу жана экономиканы колдоо үчүн акча сурап жатат.

Алынган каражаттын сарпталышы көрсөтүп тургандай, мамлекет келген акчанын көбүн жарандардын алдындагы милдетин аткарууга жумшоодо. Саламаттык сактоо тармагы үчүн дарыгерлерге жеке коргонуу каражаттарын, тесттерди сатып алууда. Адамдарды вирустан дарылоо, аларды обсервацияда кармоого да каражат кетет. Бизнести колдоо үчүн 14 млрд. сом табылганы да сөз болгон.

Өкмөт болсо пандемиядан улам дүйнөлүк экономикалык кризистин фонунда Кыргызстандын да экономикасы артка кеткенин айтып колун куушурат. Ушул жылдын алгачкы беш айында эле бюджетке Бажы менен Салык кызматынан 13,3 млрд. сом түшпөй калды. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева ушундай шартта бюджетти колдоого дагы карыз алынарын айтууда.

«Жыл аягына чейин бюджетти колдоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн. АКШ долларын алуу пландалууда. Андан тышкары Европа Биримдигинен 12,2 млн. АКШ долларын алуу да каралып жатат. Биз ушул багытта дагы да иш алып барабыз».

Пандемиядан улам 2020-жылга карата республикалык бюджетти өзгөртүүгө да туура келди. Ага ылайык, казынанын кирешеси 135 346,8 млн. сом, чыгашасы 163 039,0 млн. сом, ал эми таңкыстык 27,7 миллиард сом деп белгиленди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG