Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өкмөт бюджет тешигин тышкы жардам менен жабат


Бишкек

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу бюджетти өзгөртүүдө.

Коронавирус илдетинен улам келип чыккан экономикалык кризис шартында кыргыз өкмөтү өзгөрткөн бюджетти 14-майда парламент депутаттары талкуулап, биринчи окууда колдоп берди.

Экономика министри Санжар Мукамбетов пандемияга чейин өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДӨ) 5% арбыйт деген божомол айтылса, учурда ал тескерисинче 5,3% чейин төмөндөгөнү жатканын айтты:

Cанжар Мукамбетов.
Cанжар Мукамбетов.

«Биздин баамыбыз боюнча, быйыл апрель жана май айларында былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу ай сайын 12-14% төмөндөшү күтүлгөн. Бирок апрель айында ИДӨ 17,7% чейин төмөндөдү. Эми жылдын аягына чейин үчүнчү кварталдан баштап орточо 3-4% өсүш болсо, болжол менен 2020-жылы ИДӨнүн өсүш темпи 94,7% гана түзөт».

Коронавирустун кедергиси быйыл өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарында көбүрөөк сезилгени турат. Жыл башында кызмат көрсөтүү 4,8% арбыйт деп болжолдонсо, бюджеттеги өзгөртүүлөргө ылайык 9,1% кемигени атат.

Ал эми өнөр жайы болсо 4,8% ылдыйлайт. Айыл чарбасы менен курулуш тармактарынын өнүгүшү 2% терегинде басаңдайт. Өзгөртүлгөн бюджетке ылайык инфляциянын деңгээли мурда белгиленген 3,7% эмес, 10,8% чейин көтөрүлөрү айтылган. Кыргызстанга келчү инвестициянын көлөмү да мурда күтүлгөндөн 20% төмөндөгөнү жатат.

Пандемиядан улам бюджеттин тартыштыгы өлкө эгемендик алган жылдардагы рекорддук чекке жетип, 28 миллиард сомду түзүүдө. Тактап айтканда, быйыл бюджеттин кирешеси 132,9 миллиард сом болсо, чыгаша 161,3 миллиард сом деп белгиленди.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өкмөт бюджеттин тартыштыгын четтен алган каражаттар менен жабууну пландап жатканын билдирди:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Буга чейин бекитилген дефицит 7,9 миллиард сом деп болжолдонгон, азыр болсо 28,4 миллиард сом болуп атат. Ошол тартыштыкты көбүнчө тышкы булактардан жабууга мажбур болуп жатабыз. Анткени өкмөт социалдык милдеттенмелерин аткарышы керек. Ошондуктан айла жоктон ушундай кадамдарга барганы жатабыз. Карыз, грант алып төлөгөнү жатабыз».

Министр Жээнбаеванын айтымында, буга чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) бөлгөн 120 миллион доллар дал ушул тартыштыкты жабууга жумшалган. Министр ай сайын пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык төлөмдөргө 13 миллиард сом керектелип жатканын кошумчалады. Сырткы жардамдан тышкары кыргыз бийлиги айрым чыгашаларды да азайтканы жатат. Анын эсебинен 10 миллиард сомго чейин үнөмдөсө болору айтылууда.

Маселен, Жогорку Кеңеш 79 миллион сом, президенттик аппарат 45 миллион сом өлчөмүндө, өкмөт аппараты 42 миллион сомдун тегерегинде чыгышаларын азайткан. Бирок бул чыгаша азайтуу аялуу болуп саналган спорт, маданият тармактарына абдан таасири тийгени парламентте кеп болду.

Мисалы, депутат Рыскелди Момбеков: «Жогорку Кеңештин бюджетинен 80 млн. кесипсиңер - 10%, Башкы прокуратураныкын 15 млн. азайтыпсыңар - 2,6%, финансы министри өзүнүн бюджетин 21 млн. сомго азайтыптыр. Анан эң кызыгы Маданият министрлигинин 4,9 млн. сомун алып салыпсыңар, спорт менен туризмдикин жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага ким барат?» - деп суроо салган.

Ошентип, кыргыз өкмөтү пандемиянын шартында бюджетти азайтуу менен кырдаалдан чыгуунун жолун көрүп жатат. Бирок бюджетти кемитүү менен эле жагдайды жөнгө салуу мүмкүнбү деген маселе турат. Мисалы, депутат Аалы Карашев учурдагы экономикалык саясаттын кесепети кийинкиге тийбейби деп чочулап турганын жашырган жок:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Сырттан келген акчаны эле айлык акыга, пенсияга, жөлөк пулга бере берсек кандай болот? Ал каражатты антикризистик фонд дейбизби, топтоп өнүгүүгө жумшаш керек болчу. Өнөр жайына, насыяга бериш керек. Алып эле жеп алсак, эртең аны кантип кайтарабыз?»

Чынында эле тыштан алынган каражат бюджеттин тартыштыгын жабууга гана жумшалууда. Мындай шартта өлкөнүн өнүгүшү үчүн эч кандай каржы булагы каралбай калып жатат. Эксперттер элестүү түрдө азыр Кыргызстанды күндө тапканын күндө коротуп, келечекке каражаты жок калган адамга салыштырып жатышат. Мындан сырткары, пандемия шартында ишсиз калып, каражаттан каржылган жарандарга кантип жардам беришибиз керек деген суроо турат.

Буга чейин өкмөт антикризистик план иштеп чыгып, анда атайын фондго эки жылда 40 миллиард сом топтолорун билдирген. Анын алкагында аткаруу бийлиги узак мөөнөттүү насыяларды берүүнү пландап жатат.

Бирок жумушсуз калган адамдарды аныктап, акчалай жардам берүүнүн жол-жобосун издесек болмок деген пикирлер арбын. Мындай ойду колдогондордун бири депутат Дастан Бекешев:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Өкмөттүн антикризистик планында жөнөкөй жарандарды колдоо боюнча эч чара жок. Силер берчү каражаттарды негизинен банктар жана кайсы бир ишкерлер алышы мүмкүн. Ал эми жөнөкөй жаранга кантип жардам беребиз дегенди ойлонуш керек болчу. Мисалы, жалгыз бой энелерди, кары-картаңдарды аныктап, 2 миллион адамга беш миң сом болбосо да үч миң сомдон берсек болмок», - деди.

Бирок өкмөт андай кадамга барбай турганын билдирди. Азырынча муктаждарга азык-түлүк гуманитардык жардам катары берилип жатат. Өкмөт эми жакын арада экономиканы колдош үчүн ЭВФтен 121 миллион доллар, Азия Өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар, Евразия өнүктүрүү банкынын 100 миллион доллар насыя жана Европа Биримдигинен 15 миллион доллар грант алганы жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG