Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Өкмөттүн планы: Антикризистик фонд жана ишкерлерди колдоо


Антикризистик план эки жылга эсептелип, жалпы суммасы 40 миллиард сомду түзөрү айтылды.

Кыргыз өкмөтү пандемия шартында антикризистик чаралардын экинчи этабын 6-майда бекитти. Анда негизинен өлкөдөгү ишкерлерди колдоо, карантиндик режимден соң калыбына келтирүүнүн жол-жобосу камтылган.

Бул антикризистик план эки жылга эсептелип, жалпы суммасы 40 миллиард сомду түзөрү айтылууда. Пландын алкагында атайын өкмөт Антикризистик фондду түзүп, ал аркылуу ишкерлерге жеңилдетилген, күрөөсү жок насыяларды берүү, салык боюнча милдеттенмелерди кайрадан карап чыгуу жана капиталдарды легалдаштыруу сыяктуу чараларды сунуш кылып жатат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев учурда эң негизги басым ишкерлерди колдоого багытталганы жатканын билдирди:

Эркин Асрандиев
Эркин Асрандиев

«Эң негизги басымды биз жеңилдетилген каржылоого же жеңилдетилген насыя берүүгө коюп жатабыз. Бул тууралуу өзүнчө да программа даярдалып жатат, анда насыянын мөөнөттөрү, үстөгү жана кошумча жеңилдиктер бекитилет. Андан тышкары антикризистик пландын алкагында Мамлекеттик кепилдик фондунун капиталын 1 млрд. сомго көбөйтүү каралган. Салык келишимдерин кайра эсептеп чыгып, капиталды жана мүлктү мыйзамдаштырып, көмүскө акчаны ачыкка чыгарып, экономикага иштетсек, пайдасы тиет».

Өкмөт антикризистик планда каралган 40 миллиард сомдун булагы аныкталганын кабарлады. Тагыраагы "Кумтөрдүн" эсебинен 4,2 млрд. сом, эл аралык донорлордун эсебинен 14 млрд. сом, тышкы карызды төлөөнү узартуунун эсебинен – 4,3 млрд. сом бар. Ал эми 17,5 млрд. сомго жакын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу сыяктуу уюмдардан келери эсептелүүдө. Кыргыз өкмөтү алгач болуп 14 миллиард сомдон кем эмес каражатты ишкерлерди колдоого жумшаларын жарыялады.

Мындан сырткары өзгөчө кырдаал шартында карантинге байланыштуу иши токтоп калган ишкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижара акысынан убактылуу бошотуу да каралган.

Вице-премьер Асрандиев кризистик шартта жумушсуз калган жарандарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн кыска мөөнөттөгү кесиптик курстарды уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.

“Жумушу жок калган жарандарга акысыз түрдө квалификациясын көтөрүү же жаңы кесипке үйрөнүү боюнча убактылуу курстар уюштурулганы жатат”.

Коронавирус пандемиясынын шартында жарыяланган антикризистик план өкмөттүн негизги чарасы болуп калды. Аткаруу бийлиги буга чейинки жарыялаган ишкерлерди колдоонун финансылык жана фискалдык чаралары көбүнчө куру документ болуп калганы айтылган. Бул жолу болсо жардамдын конкреттүү каражаттын суммасы айтылган үчүн ишкерлер аз да болсо көмөк болобу деп үмүттөнүп турушат.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков учурда кеп антикризистик планды жарыялоодо эмес, аны аткарууда экенин айтууда:

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

“Албетте, ниет жакшы. Өкмөттүн бул жаатта иш алпарышы зарыл экени айтылып эле жаткан. Бирок буга чейинки тажрыйбаларды эске алганда ишкерлерди колдоо жаатындагы бардык эле пландар ишке аша берген эмес. Мисалы, ошол эле Акаев, Бакиев башкарган учурда ушул сыяктуу фонд, кеңештер түзүлгөнү менен толук жыйынтыгын бербей калган учурлар болгон. Ошондуктан мындай маселелерде артынан түшүмүн бере турган, көзөмөл боло тургандай болуш керек. Жөн эле отчет үчүн түзүлүп, ал каражатты кимдир-бирөө колдонбогондой иштетүү абдан маанилүү".

Чынында эле Кыргызстанда орто жана чакан ишкерлерге карата колдоо абдан маанилүү болуп турат. Бул чөйрөдө 800 миңге жакын адам иш алпарып, кризистен соң өз алдынча ишин жандантууга кудурети жок. Алардын көпчүлүгү пандемияга байланыштуу ишин токтоп, учурда оор кырдаалга туш болууда.

Кыргызстанда жүздөгөн чакан ишканалардын башын кошкон Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, антикризистик чараларды аткаруунун ачыктыгы абдан маанилүү:

Фархад Пакыров
Фархад Пакыров

“Бул жерде каражатты бөлүштүрүүнүн ачыктыгы менен бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу абдан маанилүү. Чынында эле каражатка муктаж болгондор алса абдан жакшы болот. Экинчиден, бизде каржылоо десе эле салттуу түрдө насыя түрүндө беребиз деп келишет. Бирок башка да инструменттер каралса жакшы болмок. Мисалы, биз менен кызматташкан ишкерлер учурда кардар, жабдык, жумушчулардын баары даяр бизге оборот үчүн каражат керек деп жатышат. Алар ишин жөнгө салып алган соң каражатты кайтарып беришет. Мына ушундай сунуштарды карап көрүшү керек”.

Учурда өкмөт кыйынчылыкка туш болгонун жашырган деле жок. Президент баш болуп эл аралык донорлор берген каражаттын көпчүлүгү бюджеттин тартыштыгын төлөөгө кетери айтылууда. Быйыл 40 миллиард сомго чейин киреше бюджетке түшпөй калары айтылган болчу.

Дал ушул карантин шарттарынан улам мамлекеттик органдар кыйынчылык тарта баштаганы ачык эле айтылууда. Маселен, 7-майда Бишкек мэриясы акыркы эки айда шаардык бюджетке 900 миллион сом түшпөй калганын жарыялады. Анын айынан бюджеттик кызматкерлердин маянасы кечигиши мүмкүн экенин эскерткен шаар бийлиги өкмөттөн көмөк сурады.

Ал эми жумушу жок же күнүмдүк акчасын күндө тапкан адамдар учурда абдан кыйынгы кырдаалга кептелгенин айтышууда. Өкмөт бул жаатта азык-түлүктөн гана жардам берерин айтканы менен башка өлкөлөрдөй болуп каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирип келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG