Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Кыргызстан карыздын мөөнөтүн узартуу жолун издөөдө


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү тышкы карызды реструктуризациялоого даярдана баштады. Учурда кредиторлор менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Бул жөнүндө өтүнүчтү мурдараак президент БУУнун онлайн жыйынында да айткан. 4,6 миллиард долларлык мамлекеттик карыздын 86% сырткы аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет. Пандемия шартында бюджетин толтура албаган Кыргызстан үчүн муну төлөө кыйынга туруп жатат.

Алмайдын бермейин кечеңдетүүнүн амалы

Тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жана ага карата пландарды тактоону Тышкы иштер министрлиги менен Финансы министрлиги алып барууда. Жооптуу эки мекеме андагы иш-мерчемдерди деталдуу ачыкка чыгара элек. Өкмөт азырынча кайсы кредиторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын да кенен маалымдаган жок.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков маалыматтар расмий билдирүүдө так айтыларын «Азаттыкка» билдирди:

Руслан Татиков.
Руслан Татиков.

«Учурда бизде насыя алган кредиторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча алардын мазмунун айтууга эртелик кылат. Тараптар жыйынтыкка келгенден кийин баары расмий түрдө айтылат».

Деген менен тышкы карыз боюнча маселе коронавирус пандемиясы башталгандан кийин эле козголгон. Апрелдин ортолорунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, коңшу өлкөдөн карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну суранган. 26-майда болсо Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кызматташы Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда да ушул маселени көтөргөн.

Жээнбеков аталган темага 28-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) видеоконференциясында да кайрылды. Кыргыз мамлекет башчысынын сөзү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин «айрым өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүүгө чакырган билдирүүсүнө» үндөшкөндөй болду.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Биринчи баскычта тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Бул механизм өлкөлөргө өнүгүү максаттарына жетиш үчүн кошумча мүмкүнчүлүк жаратат. Экинчи баскыч менен саламаттык сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуш кылам. Үчүнчү баскыч алкагында экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарыл. Бул ушул жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган алты чарага шайкеш келет», - деди Сооронбай Жээнбеков БУУнун онлайн жыйынында.

«Карыз алганга чейин ойлонуш керек эле»

Реструктуризациялоо демекчи, бул мамлекеттик карызды төлөөнүн шарттарын кайра карап чыгуу дегенди түшүндүрөт. Адатта бул жараянда насыянын суммасын, пайызын азайтуу же көбөйтүү, же болбосо кайтарып берүү мөөнөттөрүн жылдыруу жагы чечилет.

Жалпы маанайга караганда кыргыз бийлиги карыздын биротоло кечилишинен түңүлгөндөй. Ошого жок дегенде төлөө убактысын жылдырып турууну өтүнүүдө. Ага да болбосо алмашуу сунушталганы - эл аралык институттардын миссиясына кирген долбоорлорду өкмөт өз эсебинен жүргүзөт, бирок ага кеткен сумманы кредиторлор жоюшу керек деген сөз.

Алгач бюджетте карызды төлөөгө быйыл 28 млрд. сом каралган эле, кийин валюталык олку-солкулуктан кийин ал сумма 32 млрд. сом болот деп бекитилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев карызды кечтирүүгө жетишүүгө дагы эле мүмкүн экенин белгилеп, бирок ушундай шартта кайра чоң суммада карыз алынып жатканын айыптады:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Албетте, пандемия, кризис болгондон кийин бюджеттин киреше бөлүгү азаят. Натыйжада карызды төлөөдө маселе жаратат. Ошол себептен мен деле, башка эл өкүлдөрү да тышкы карыздар боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөрдү сунуш кылганбыз. Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) сыяктуу уюмдардан жеңилдик алуу кыйыныраак. Бирок мамлекеттерден алынган карызды жакшылап сүйлөшүп, кечтирип койгонго да болот. Кытайдан, Түркиядан, Германиядан сурансак болот. Бирок ошол эле учурда, «бюджеттин кирешеси 30 млрд. сом кем болуп калды» деп аргасыздан сырттан дагы карыз алып жатышат. ЭВФтен 241,9 млн. доллар келди. Өкмөт жалпысынан «432 млн. долларга сүйлөшүүлөр болду» деп жатат. Бул демек, биздин сырткы карызыбыз эле 4,5 млрд. доллар болуп калат деген кеп. Мунун баарын эртеби-кечпи кайра төлөйбүз, бекер келген акча эмес. Беш жылдан кийин карыз төлөөнүн туу чокусуна чыгабыз. Азыр карызды тейлөөгө жылына 190 миллион доллардай жумшап жатсак, 2025-жылы 400 миллион доллардай жумшай баштайбыз. Өкмөт мына ушуну да ойлонуш керек».

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 599,47 млн. (371 млрд. 683,52 млн. сом) долларды түздү.

Мунун ичинен 86% же 3 956,32 млн. доллар (319 млрд. 710,30 млн. сом) тышкы карыз, 14,0% же 643,15 млн. доллар (51 млрд. 973,22 млн. сом) ички карыз.

Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Бул жагдайда көбүрөөк кабатыр кылганы - сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келгени. Тагыраагы Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд. доллар карыз. Башкача айтканда, бул жалпы тышкы карыздын 44,7% түзөт.

Арийне, Кытайдан көп карыз алуунун кооптуулугу тууралуу буга чейин да эскерткендер болгон. Анын ичинде айрымдар коңшудан карыз алуу аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратарын эскертишсе, башкалары бул өлкө башка рычагдарды колдонушу мүмкүн экенин белгилешкен. Кризис учурунда Кыргызстандын Бээжинге күнү түшүп жатканы деле ошонун бир бөлүгү болсо керек.

Экономист Төлөнбек Абдыров - муну мурдараак эскерткендердин бири.

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

«Ошо акчаны катар-катар алып жаткан кезде ушундай маселелер чыгып калышы мүмкүн, мындай тобокелдиктер бар деп эске алыш керек болчу. Мындан беш-он жыл мурда эле «карызды көп ала бербегиле, башкалардын да албагыла, анын ичинде өзгөчө Кытайдан албагыла» деп көп эскерткенбиз. «2020-2021-жылдары, анан 2025-жылдардан тартып көп акча төлөп калабыз» дегенбиз. Пайызына эле жыл сайын 500 миллион доллар төлөп каларыбызды да айтканбыз. Эми мына ошолор келип атпайбы. Негизи ушунча карыз алгандан бери деле ошонун натыйжасы сезилерлик болбой атпайбы», - деди ал.

Пандемия шартында алынган дээрлик жарым миллиард доллардын көпчүлүк бөлүгү насыя экенин эске алганда, быйыл жайкы же күзгү статистикада мамлекеттик карыз 5 млрд. долларга чукулдап калчудай.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG