Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Кыргыз энергетикасынын араңжан абалы


Кыргызстандын энергетикасын дымагы бийик, бирок жашы кыйлага келип калса деле атасынын жонунан түшпөгөн, өз алдынча куурай башын сындырбаган кемчонтойго салыштырса жарашмак.

Өлкөнүн эң карама-каршылыктуу сектору десе болот. Кыргыз экономикасынын флагманы аталганы менен, жарак-жабдыктары эскирип, ураганы турат; экологиялык жактан таза гидроэнергетикасы менен мактанат да, ошол эле мезгилде кара түтүнү башкалааны каптаган көмүр менен иштеген Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөп, дагы жарым кылым ыштаганы отурат; энергокомпаниялардын баары жеке колдо, бирок аларды көзөмөлдөө мамлекеттин ээлигинде; инвестор тартыш үчүн бир топ амал-арга издейт, бирок өзүн-өзү актай албаган араңжан абалда; электр энергиясын алыскы Ооганстан менен Пакистанга сата турганын жар салат, бирок жетишпеген энергияны коңшулардан кымбатка сатып алат...

Макаланын түп нускасы орус тилинде жарыяланган.

Азыноолак сандар

  • Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 млрд. кВт/ч электр энергиясы өндүрүлөт.
  • Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциялары иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбарата-2 анан Ат-Башы. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жетип калган.
  • Дагы эки жылуулук электр борбору бар - Бишкек менен Ошто. Алардын эскилиги 60%.
  • Электр линияларынын өлкөдөгү жалпы узундугу- 64 700 км.
  • 2020-жылдын башына карата энергокомпаниялардын карызы - 106 млрд. сом.
  • Кыргызстандын энергетика тармагында 16 миңден ашуун киши иштейт.

ТАРМАК ТҮЗҮМҮ. ЭЛЕКТРДИН ПАЙДА БОЛУШУ

Үй ичиндеги жандыргычка жетиш үчүн электр энергиясы оңой эмес жолду басып өтөт, аны үч этапка бөлүүгө болот: энергияны өндүрүү, аймактарга жеткирүү, кардарларга бөлүштүрүү.

Мына ушул иштердин баарын өлкөдөгү тогуз компания жүзөгө ашырат.

1. Өндүрүү.

Кыргызстандагы электр энергиясынын 98% “Электр станциялары” ачык акционердик коому иштеп чыгарат. Компанияга жети ГЭС менен эки ЖЭБ тиешелүү. “Электр станцияларынын” кожоюну - мамлекет, анын үлүшү 94% түзөт.

Ири жана чакан ГЭСтердин, ошондой эле, ЖЭБдердин жайгашуу картасы. Булагы: Коомчулукту энергосектор менен кабардар кылуу программасы.
Ири жана чакан ГЭСтердин, ошондой эле, ЖЭБдердин жайгашуу картасы. Булагы: Коомчулукту энергосектор менен кабардар кылуу программасы.

Компаниянын эң ири ишканасы - Токтогул ГЭСи, өлкөдөгү электр энергиясынын 30% ал өндүрөт. Суу сактагычына 19 млрд. кубометр суу батат, бул Нарын дарыясынын агымын теске салууга, ошондой эле Сырдарыя алабындагы суунун таралышына таасир көрсөтөт.

ГЭСтин кубаттуулугу - 1200 МВт. Токтогул суу сактагычынын тосмосунун бийиктиги - 215 метр, эни - 292 метр.

Кызыктуу факт: жасалма көлдү куруш үчүн 1960-жылдары 18 миң жергиликтүү эл башка жерлерге көчүрүлгөн, 10 миңден ашуун маркумдун сөөгү башка жерлерге коюлган. Суу алдында 25 айыл, кыш заводу, чакан аэропорт калган.

Токтогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт.
Токтогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири электр энергиясын иштеп чыккан ишкана - Бишкек ЖЭБ, өлкөнүн энергия керектөөсүнүн 15% камсыз кылат. Анын кубаттуулугу - 812 МВт. Бишкек ЖЭБи көмүр жагат, башкалааны басып турган кара түтүндүн көбү ушул жерден чыгат.

Дагы бир кызыктуу факт: бул жерде иштелип чыккан 1 кВт/с электр энергиясынын өздүк наркы Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан энергиядан 20 эсе кымбат - 3 сом 9 тыйын, тигиники 16 тыйын.

Бишкектин борборундагы ЖЭБден кышындасы чыккан түтүн. 2020-жыл.
Бишкектин борборундагы ЖЭБден кышындасы чыккан түтүн. 2020-жыл.

Мындан тышкары «Чакан ГЭС» ААК компаниясы бар, анын Чүй облусунда жайгашкан эскилиги жетип калган чакан 8 ГЭСи иштейт. Компанияга жалпы республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын 2% гана туура келет.

2. Аймактарга жеткирүү.

Иштелип чыккан электр энергиясын жер-жерлерге жеткирүү керек. Бул милдет “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК компаниясына жүктөлгөн. Ири көмөк чордондор, асман челген электр мамылары, жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары - ушунун баары “Кыргызстан улуттук электр тармагына” таандык мүлк. Анын электр энергиясын ташып жеткирүү линияларынын узундугу 7548 чакырымды түзөт. Ошондой эле компания ири ишканаларга электр энергиясын жеткирип, ортомчу компанияларга электр энергиясын сатат. “Кыргызстан улуттук электр тармагынын” болгон кардарларынын тизмеси бул жерде.

Кыргызстандын негизги электр тамактарынын схемасы. Булагы: Коомчулукту энергосектор жөнүндө кабарлап туруу программасы.
Кыргызстандын негизги электр тамактарынын схемасы. Булагы: Коомчулукту энергосектор жөнүндө кабарлап туруу программасы.

Ташып жеткирүү маалында электр энергиясынын 5-6% жолдо жоголот. Бирок ташылып жеткен энергияны колдончу кардарга жеткиргенге чейинки техникалык жоготуулар андан да жогору.

3. Кардарларга бөлүштүрүү.

Электрди облустарга жеткирип, аны кардарларга бөлүштүрүү жумушу башка компаниялардын энчисинде.

Бул иштер ири төрт компаниянын мойнуна жүктөлгөн:

  • «Түндүк электр» ААК. Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарын тейлейт. Жалпы өлкөнүн 40% электрин мына ушул компания бөлүштүрөт;
  • «Чыгыш электр» ААК. Ысык-Көл менен Нарын облустарын жарык менен камсыз кылат;
  • «Ош электр» ААК. Баткен, Ош облустары менен Ош шаарын камсыз кылат;
  • «Жалалабат электр» ААК. Жалал-Абад облусун камсыздайт.

СЕКТОРДУН АБАЛЫ. АЛБЕТТЕ, ООР

Ушу тапта Кыргызстан мактанып жаткан энергетика тармагы - СССРден калган мурас. Убакыт деген токтобойт, жабдуулары эскирди.

«Эл аралык тажрыйбада негизги жабдыктардын эскиргени 30% деңгээлге жетсе коркунучтуу деп эсептелет. Азыр Кыргызстандын энергетика тармагынын негизги фондусунун эскириши 60% ашып кетти, бул өтө эле коркунучтуу».

Кыргызстандын энергосектору тууралуу коомчулукту кабардар кылуу программасында тармактын абалы ушундай сыпатталган.

Ошол эле мезгилде энергетика – кредитти эң көп алган тармактардын бири. Болгон акчанын баары тармакты жаңылоого жумшалат. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстан энерго долбоорлорго баш-аягы 2 миллиард доллар насыя алды.

Энергетикалык компаниялар жеке менчик болгонуна карабастан аны каржылоо милдетин мамлекет өзүнө алган. Менчик компаниялар иштелип чыккан энергияга базар баасын коё алышпайт. Эгемендик жылдары электрге баа саясий чайкоочулуктун торуна түшүп, жыйынтыгында бааны базар-нарк механизмдери аныктабай, коомдук колдоого жараша баа коюу көз карандылыгы пайда болду.

Анын натыйжасында энергосектор инвестиция тартуу боюнча атаандаштыкка туруштук берүүгө алы жок тармакка айланды, келип аткан чет элдик каражаттар мамлекеттин кепилдиги менен гана тартыла турган болуп калды.

ЭНЕРГЕТИКАНЫН ДАРАМЕТИ

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан энергетикасына тартылган 2 миллиард доллардын баары мамлекеттин кепилдиги менен келген каражаттар, алар үстөгү менен бюджет эсебинен төлөнөт. Эгемендик жылдарында өлкөдө бир да ири инвестициялык энергетикалык долбоор жүзөгө ашырылган жок.

Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга карата улуттук өнүктүрүү стратегиясында мындай деп айтылат: инвесторлорду бул тармакка тартуу үчүн мамлекет менен жеке менчик өнөктөштүгүн кеңири колдонуу аракети көрүлөт, инвесторлор стратегиялык объекттерди курууга, керек болсо, башкарууга тартылат.

Иш жүзүндө энергетика тармагындагы ар бир инвестициялык долбоор талаш-тартышка түшүп, аягы өкмөт менен соттошууларга чейин жетүүдө. Анын мисалы катары «Лиглас» менен «Тегирменти ГЭСинин» айланасындагы чатактарды көрсөтүүгө болот.

Анткен менен республиканын энергетика тармагынын потенциалы өзгөчө жогору. Кыргызстандын суу ресурстары жетиштүү, энергетикалык объектилерди курууга шарты, артыкчылыктары аябай көп. Ири дарыяларга ондогон чоң-кичине ГЭСтерди курууга болот. Азырынча ал мүмкүнчүлүктүн ондон бири гана пайдаланылууда.

Кыргызстан коңшусу Тажикстан менен 2023-жылдан тарта CASA-1000 долбоорунун негизинде Пакистан менен Ооганстанга электр энергиясын экспорттоого киришмекчи.

Азырынча электр энергиясын жайкы ысыкта гана сатуу пландалууда, бул кезде өлкөдө электр энергиясы арбын өндүрүлөт. 15 жыл ичинде Кыргызстан долбоордон 1,5 миллиард доллар каражат иштеп табарына ишенич артууда.

CASA-1000 долбоорунун картасы.
CASA-1000 долбоорунун картасы.

Бирок азырынча Кыргызстан электр энергиясы менен өзүн-өзү араңдан зорго камсыз кылууда. Электр энергиясын иштеп чыгуу жай жүрүүдө, ал эми аны колдонуу ыкчам өсүүдө, жетишпей калган учурларда суу башында турган Кыргызстан электр энергияны коңшулардан сатып алууга мажбур.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG