Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Өзбекстан Тажикстанга ГЭС курганы жатат


Рогун ГЭСинин курулушу.

Ташкенттен алынган маалыматка караганда тажик-өзбек сүйлөшүүсү азырынча эки ГЭСтин курулушу тууралуу жүрдү.

Ал ГЭСтердин курулушу качан ишке ашары ачык айтыла элек. Өзбекстан буга чейин Кыргызстан менен да бир нече ГЭСти биргелешип курууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген эле.

28-январда Ташкентте өзбек-тажик расмий өкүлдөрү жолугуп, Тажикстанда эки ГЭСти биргелешип салуунун шарттарын талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

«Бул жолу Тажикстанда салына турган ГЭСтердин шарттары, эки өлкөнүн салымдары жана пайдалануудагы үлүштөрү талкууланды. Биринчи этапта кубаттуулугу 140 МВаттык Яван ГЭСин куруу планы бар. Бул үчүн 282 млн. доллар сарпталары эсептелген. Кийинки баскычта курула турган дагы бир ГЭС үчүн 270 млн. доллар сарпталары алдын-ала сүйлөшүлдү», - деп айтылат жаңылыкта.

Баштапкы маалыматка караганда жаңы курула турган эки ГЭС жалпысынан жылына 1,4 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөрү, ал негизинен Өзбекстандын муктаждыгына жумшалары белгилүү болду. Бул аракеттер Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери ГЭСтерди биргелешип куруу тууралуу 2018-жылдын августундагы жолугушуусунан кийин жанданып отурат.

Буга чейин ГЭСтерди биргелешип куруу тууралуу Өзбекстан Кыргызстан менен да сүйлөшкөн болчу. Ал макулдашуулар Өзбекстандын башына Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жанданган. Ага чейин Ислам Каримов тирүү кезинде расмий Ташкент Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна караманча каршы чыгып турган. Бул курулуштун долбоору эки өлкөнүн алака-катышындагы эң түйүндүү маселеге да айланган.

2017-жылы Өзбекстандын президенти Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, коңшулар ГЭСти чогуу-чаран куруу тууралуу макулдашкан. Анда Мирзиёев Кыргызстандагы бир эмес, бир нече ГЭСти биргелешип курууга расмий Ташкенттин кызыкчылыгы бар экенин билдирген:

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Атамбаев бир да ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганын айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан - каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек. Эгер биз чындап эле мамилени жандантпасак тарых кечирбейт. Биз муну акыл калчап, ойлонуп жасашыбыз керек. Эгер биз муну керек болгондой жасасак, бул эки өлкөгө тең пайдалуу болот.

2017-жылы айтылган бул сөздөн улам Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча жумушчу топ түзгөн. 2019-жылы февраль айында Кыргызстандын расмий өкүлдөрү ГЭСтин курулушун сүйлөшүү маселеси менен Ташкентке барарын жарыялашкан. Бирок Кыргызстан ал сүйлөшүүгө барган-барбаганын, маселе чечилген-чечилбегенин ачык жарыялаган эмес. Ошол эле 2019-жылы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, «Камбар-Ата-1 ГЭСине инвесторлор келип жатат» деген бүдөмүк жооп менен гана чектелген.

Ал арада бир топ депутаттар ГЭСтердин курулушун сындап чыгышкан. Маселен, Акылбек Жапаров ГЭС куруу боюнча Кыргызстан 30 жылга кечиккенин айтып шаштырган. Депутат Аалы Карашев стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу деги эле унутулуп калганын сынга алган:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Биз азыр тез аранын ичинде электр кубатын өндүргөн ишкана, ГЭСтерди курушубуз керек. Биз CASA-1000 деген долбоорго кошулуп, жогорку чыңалуудагы линияга кошулганы жатабыз. Анын алкагында биз Тажикстан менен катар Ооганстанга, Пакистанга электр энергиясын сатууга милдеттенме алдык. Бул долбоордун бизге тиешелүү бөлүгүн 2021-жылга бүтүшүбүз керек. Азыркы абалыбызда өндүрүлгөн электр энергиясы өзүбүздүн пайдалануудан ашпай, экспортко сата албай калабыз.

Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору 1980-жылдардын аягында даярдалган. Анын кубаттуулугу 1 860 мегаватт болот деп эсептелген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу көп сөз болуп жүрөт. Бирок али алардын бири да эч бир инвестор менен же мамлекеттин өзүнүн күчү менен аткарыла элек. Буга чейин ал долбоорлорду Орусиянын «РусГидро» компаниясы менен ишке ашыруу аракетинен майнап чыккан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG