Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

COVID-19: Сот Бразилиянын президентин беткап тагынууга милдеттендирди


Жаир Болсонару

АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү өлкөнүн бардык аймагында коронавирус кеңири жайылып жатканынан улам тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун жетекчиси Энтони Фаучи эпидемияны ооздуктоо үчүн алдыдагы эки жумада болгон аракет көрүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкө коронавирустун алгачкы толкунан чыга электигин эскертти.

АКШда ушул тапта күн сайын оору жуккан 30 миңдей учур катталып жатат. Карантин чаралары киргизилген маалда бул көрсөткүч 20 миңге чейин төмөндөгөн.

Шаршембиге карай Кошмо Штаттарда коронавирусту 2 миллион 347 миңден көп киши жугузуп алды, COVID-19дан каза болгондордун саны 121 миңден ашты.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 9,2 миллион адамдан көп, илдет 474 миңден ашык бейтаптын өмүрүн кыйды.

Европада бул оорудан көз жумгандардын саны 193 миңдей адамды түзөт жана өлкөлөр биринин аркасынан бири карантин чараларын жумшартып жатат.

Ал арада "New York Times" гезити Еврошаркет АКШдан келген-кеткендерди чектеши мүмкүн экенин жазды.

Ушу тушта илдеттин очогуна айланган Бразилияда коронавирус жугузуп алгандар 1,1 миллион адамдан ашты, бул илдеттен 51 миңден көп бейтап өлдү. Өлкөнүн федералдык соту бардык расмий адамдарды, анын ичинде президент Жаир Болсонаруну коомдук жайларда беткап кийүүгө милдеттендирди.

Коронавирус пандемиясынан улам эл жыш жашаган Индия менен Пакистанда да жагдай оор. Бул мамлекеттерде ооруканаларга бейтаптар батпай, саламаттык сактоо тармагында олуттуу кыйынчылыктар жаралды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG