Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Тажикстандагы COVID-19дун курмандыктары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жабышкан оорудан сактануунун, адам өмүрүн коргоонун мыкты дабасынын бири - так маалымат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.

Таажы вирусунан жантаслим болгондор тууралуу Тажикстанда ар кыл маалыматтар жарыяланат - расмий кабарларды Саламаттык сактоо жана Калкты социалдык коргоо министрликтери ачыкка чыгарышат, алардан айырмаланып маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр менен оорудан набыт болгондордун жакындарынын кабарлары “элдик сайтта” жайнап чыгат.

“Азаттыктын” тажик кызматы өлкөдө COVID-19 таажы вирусунан каза тапкандар тууралуу расмий маалыматтар менен эл арасында айтылган маалыматтар ортосундагы айырмачылыктын себебин түшүндүрүп берүү өтүнүчүн Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигине жолдогон. Катка жооп келе элек.

COVID-19 апаатынан ажал тапкандар тууралуу расмий маалыматтар менен эл арасындагы кабарлардын ортосундагы опсуз чоң айырмачылыкты көрүп, пневмония менен таажы вирус инфекциясын жугузуп алгандардын сандаган каттарын алып “Озоди” радиосунун журналисттери өз алдынча иликтөөгө киришти.

Кеп башында белгилей кетчү жагдай, жакындары, медициналык кызматкерлер, мамлекеттик атаминерлер, жарандык коомдун активисттери жана күбөлөрдүн айткандары кылдат текшерилип, тийиштүү документтер менен ырасталды.

Анын жыйынтыгында таажы вирусунан набыт болду деп болжолдонгон 442 курмандыктын 152синин ушул апааттан ажал тапканы такталды. COVID-19 инфекциясынан набыт болгондордун айрым жакындары, ошондой эле бир топ аткаминерлер “Озоди” радиосунун кабарчылары менен аңгемелешүүдөн баш тартышты.

Иликтөө маалында журналисттер таажы вирусунун инфекциясынан каза тапкандар менен айрым бүдөмүк жагдайлар боюнча так маалымат топтоо максатын коюшкан.

Белгилүү болгондой, Тажикстанда COVID-19дун курмандыгы болду деп күмөн саналгандардын көбү медициналык кызматкерлер (72), ошондой эле билим берүү тармагынын өкүлдөрү (67).

Каза тапкандардын арасында күч кызматтарында иштегендер, иш кызыкчылыгына байланыштуу эл көп чогулган жерде болушка милдеттүү кызмат адамдары да арбын. Тизмедеги аялдардын саны – 75, ал эми эркектер - 360.

Тести жок диагноз?

COVID-19 апаатынын курмандыктарынын санын тактоо кыйын, анын себеби каза болгондордун айрымдары таажы вирусту аныктоочу тесттен өтүшкөн, көпчүлүгүнө дарыгерлер башка диагноз, мисалы, өпкөнүн кагынышы - пневмония деп коюшкан. Көпчүлүк өлкөлөрдө, ошол эле Орусияда пневмонияга чалдыккандардын көбү таажы вирусун жуктуруп алгандан кийин ооруп калышкан деп эсептешет. Апрелдин аягында бийликтегилер пневмонияга чалдыккандарды таажы вирусун жуктуруп алгандар менен чогуу дарылоону чечишкен.

Май айынын башында Тажикстандын Улуттук банкы расмий сайтында республикада 2020-жылдын төрт айында пневмония менен 5489 адам ооруганын, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда оорулардын саны 850гө көп экендигин кабарлады.

Андан бир аз мурда Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жарандык коомдун кат түрүндөгү кайрылуусуна жооп кылып, республикадагы эпидемиологиялык жагдайга токтолуп, үч айда пневмония менен ооруп калгандардын саны 5023кө чыкканын, бул 2019-жылдын биринчи кварталына караганда 169 учурга аз экенин ырастаган.

Тажик президентинин алдындагы Статистика боюнча агенттик апрелде биринчи кварталда өткөн жылга салыштырмалуу өлүм-житим 19 учурга аз болгонун белгилеген. Мекеме быйыл алгачкы төрт айда жугуштуу оорулардын саны 24% азайганын кабарлаган.

Статистика боюнча агенттик “Озоди” радиосунун быйылкы беш айдагы өлүм-житим боюнча кат менен кайрылуусуна жооп берген жок. Анын себебин агенттик өкмөт тарабынан бекитилген программага ылайык “демографиялык маалыматтарды чогултуу, анын ичинде өлүм-житим тууралуу маалыматтарды жыйноо ар бир үч ай сайын жүргүзүлөрүнө” байланыштуу түшүндүрдү.

Анткен менен жергиликтүү түзүмдөрдүн статистикасы пандемия жайылгандан бери өлүм-житим көбөйүп кеткенин ырастоодо. Мисалы, Дүйшөмбү шаарынын Фирдоуси районундагы ЗАГС бөлүмү быйыл январдан майга чейин 340 адам каза тапканын каттаган, бул өткөн жылдын ушул учуруна караганда 100 адамга көп.

Тажикстандын башка жерлеринде деле ушундай абал. Айрым ЗАГС кызматкерлеринин айтуусунда, жакындары каза болгондор жергиликтүү бийликке маркум тууралуу маалыматты убагында беришпейт.

“Озоди” радиосунун кабарчылары менен маегинде Дүйшөмбү менен Согди облусунун ооруканаларынын башкы дарыгерлери апааттан набыт болгондордун так статистикасын түзүү мүмкүн эмес экендигин билдиришти, алар медициналык мекемелерде каза болгондордун айрымдары таажы вирусу боюнча тест тапшырбаганын айтышты.

«COVID-19 белгиси менен түшкөн бейтаптардын медициналык картасында бир гана диагноз – пневмония деп жазылган», - деп айтышты атын ачык айтуудан чочулаган дарыгерлер.

«Таажы вирусунан бизде үч бейтап каза болду, аларды жергиликтүү санэпидемстанциянын кызматкерлери көмүштү. Аларда COVID-19дун симптомдору бар болчу, бирок бизде таажы вирус боюнча экспресс-тесттер болбогондуктан анализ тапшыра алышкан жок», - деп айтты Согди облусундагы райондук ооруканалардын биринин башкы дарыгери.

COVID-19ду жугузуп алган бейтаптарды дарылоочу Дүйшөмбү шаарындагы ири медициналык борборлордун биринде иштеген дарыгер инфекциялык бөлүмдө таажы вирусун аныктоочу тесттин жоктугунан ооруну компьютердик диагностиканын жардамы аркылуу аныкташарын билдирди.

«Медициналык картада бейтапка коюлган диагноз «пневмония» деп жазылып, аны таажы вирус инфекциясынан дарыладык», - деп айтты биз менен аңгемелешкен дарыгер.

“Озоди” радиосуна берген маегинде COVID-19 апаатынан ажал тапкан эки маркумдун жакындары алар таажы вирус инфекциясынан каза болгону расмий ырасталганын билдиришти. Таажы вирусунан жакыны каза тапканын дарыгерлер 50 учурда гана туугандарына айтышкан, бирок өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө алар башка дарттан каза болушканын жазышкан. Бир ирет коюлуп калган COVID-19 диагнозун кийин “пневмония” деп алмаштырып салышкан.

Ошол эле учурда Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги мындай фактылардын болгонун четке кагат. Мекеме COVID-19 апаатынан каза болгондордун тизмесин бербей, “Озоди” радиосу чогулткан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен ырасталган документтерди комментарийлөөгө батына албай отурат.

Дүйшөмбү шаарындагы "Ибн Сина" менчик клиникасынын директорлор кеңешинин башчысы Абдухалил Холикзода “Озоди” радиосуна берген маегинде кыйла тагыраак статистика менен туура маалыматты "таажы вирусу жукту" деп күмөн саналып ооруканага жаткырылган бейтаптар тапшырган тесттерден гана билүүгө болорун белгиледи.

Анын айтуусунда, Тажикстандын бийлигинин мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелүү болчу. 2-апрелге чейин өлкөдө болгону 700 гана тест өткөрүлүп, анда таажы вирусу менен бир да адам оорубаганы аныкталган. Айдын аягына чейин тесттердин саны бир нече миңге өстү, ага карабастан бийликтегилер өлкөдө бир да киши таажы вирусуна туш боло элек, андай оору жок деп келишти.

Таажы вирусу бейтаптын жакындарына жукту

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы калк арасында “пневмониядан” каза болгон бейтаптын үйүн карантинге алышкандан кийин шек жаратты.

Рудаки районундагы №58 орто мектептин директору Нодира Одинаева 17-апрелде таажы вирусунан каза болду. Жакындарынын айтуусунда, оорулуу аял дарыгерлерге дем алуусу начарлап жатканын айтып кайрылса, дарыгерлер аны ооруканага жаткырышпай, үйдө дарыланууну сунуш кылышкан.

Одинаеванын абалы оорлошуп калганда аны борбор шаардагы «Истиклол» медициналык борборуна алып келишкен.

Бирок убакыт өтүп кеткен экен, дарыгерлер 46 жаштагы бейтапты сактай алышпады. Маркумдун жакындарынын ырасташынча, абройлуу медициналык борбордо ага таажы вирусунун тестин жасашкан эмес, медициналык картасынын “диагноз” графасына “дем алуусу кыйындаган” деп жазып коюшкан.

Арадан аз убакыт өтпөй таажы вирусу Одинаеванын күйөөсү менен уулуна жуккан. Узакка созулган дарылоодон кийин алар сакайып чыгышты. Азыр жакындары Одинаева COVID-19 апаатынын курмандыгына айланганынан шек санашпайт.

Дарыгерлердин бүтүмүнө ылайык, белгилүү тажик окумуштуусу Бахриддин Камолиддинов менен кызы Гулнора пневмониядан каза болушкан. Маркумдардын сөөгүн жерге берүү өзгөчө этиятык менен өткөнүнө карабай, окумуштуунун айрым жакындарынан таажы вирусунун белгилери чыкты.

“Озоди” радиосу Камолиддиновдун жакындарынын билдирүүсүнө таянып, филолог окумуштуу менен кызы COVID-19 апаатынан ажал табышканын кабарлаган. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги мындай бүтүмдү ырастаган да, четке каккан да жок. Мурдараак министрлик маалымдоо каражаттарында чыккан бейтаптын таажы вирус инфекциясынан каза тапканы тууралуу кабарларды калпка чыгарып, алар башка оорудан жантаслим болушканын, көбүнесе пневмониядан оңоло албай кете беришкенин айтып келген.

Кожентте Марофиевдердин үй-бүлөсүнүн бир нечеси бири-бирине таажы вирусун жуктурушкан, экөө каза болду.

"Амонатбанк" башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рухулло Хакимзода 25 жаштагы уулу Кароматулло экөө таажы вирусунан ээрчишип кете беришти. Ата-бала Бохтар шаарындагы Хатлон облустук ооруканасында дарыланышкан. Алардын каза болушунун расмий себеби «пневмония» деп аныкталган. Дарыгерлер белгилүү банкир кант диабетинен жабыркап келгенин кабарлашты.

Тизмеде бири-бирине инфекция жуктуруп каза болушкан бир ишкананын жумушчуларынын да аты бар.

Тажикстандын ветеринардык дарыгерлер ассоциациясынын төрт кызматкери бир айдын ичинде каза болушту. Каза болгондордун көпчүлүгү инфекциялык ооруканаларга жаткырылган.

Тизмени тактоо учурунда 20дан ашуун адам таажы вирусун жакындарынан, чогуу иштегендерден жана досторунан жуктуруп алышканы маалым болду.

Жабык табытка салынган сөөктү адаттан тыш көмүү

Мусулман ханафиттер салтына туура келбеген сөөк көмүү көрүнүшүн Тажикстандын калкы COVID-19 апаатына байланыштырат. Мүрзөлөрдө сөөктү пластик менен каптап, жерге берген учурлар кездешүүдө.

Жакындарынын айтуусунда, майдын ортосуна чейин таажы вирустан жантаслим болгондорду ооруканадан алып чыгып, мүрзөгө алып келип көмүшчү. Санитарлар коргонуу кийимдерин сөөктү коюп келгенден кийин өрттөп салышчу.

11-апрелде Согди облусунун Шахристан районунун белгилүү адамы «Шодмони Тануркабоб» - “Шодмон тандыр шишкебекчи” - Шодмон Раджабовдун жаназа намазын маркумдун сөөгү жок эле окушту. Дарыгерлер аймакка белгилүү тандыр шишкебекчинин каза болушунун үч себебин айтып чыгышты: өпкө оорудан, көкүрөк жараатынан жана мончодо ысып отуруп шамалга урунуп калгандан.

Маркумдар көмүлгөн жай.
Маркумдар көмүлгөн жай.

Кийинчерээк бийликтегилер маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн азыраак өзгөртүштү: маркум жашаган үйдүн дарбазасынын алдында жаназа окулат да, сөөктү “Тез жардам” машинеси менен мүрзөгө алып келишет.

Саламаттык сактоо министрлиги буга байланыштуу "жаңы жөрөлгө этияттыктан гана болуп жаткан арга, эч кандай эпидемия тууралуу кеп да болбошу керек" деп билдирди. Ага ынанбаган маркумдун жакындары эч кандай таажы вирусу жок болсо, эмнеге түбөлүк жайына кетип аткан адам менен коштошо албадык дешет. Айрым учурларда гана маркумдун жүзүн жакындарына көрсөтүшкөнү кабарланууда.

49 жаштагы Раънохон Солехова «Истиклол» медициналык борборунда таажы вирусуна каршы 14 күндүк күрөштөн натыйжа чыкпай көз жумган. Документте келин пневмониядан каза тапканы көрсөтүлгөн. Жакындары анын сөөгүн бербей коюшканын айтышат.

Маркумдун сиңдиси Савринисо Имомали эжесинин сөөгүн алыстан көргөн. «Сөөгү өлүкканада экен. Санитарлардын бирөө замбилди далиске түртүп чыкты, эжемин жүзү ачык экен», - дейт Савринисо. Келиндин сөөгүн “Тез жардам” машинесине салып Вахдаттагы үйүнүн алдына чейин алып барып, ал жерден мүрзөгө алып кетишкен.

Бир үй-бүлөдөн каза болгон Гиссар районундагы белгилүү диний ишмерлердин төртөө - Эшони Нажмиддин, Эшони Тожиддин, Кори Бахриддин жана Шамсиддинди акыркы сапарга узатуу коопсуздук чаралары бекем сакталып өткөн.

Турсунзаде шаарынын тургуну Акрам Хайдаров каза болгондон бир жума өтпөй апасы да бул дүйнө менен кош айтышты. Шаардык оорукананын дарыгерлеринин биринин айтуусунда, Акрам Хайдаров 28-апрелде каза болгон. Акрамдын COVID-19ду жугузуп алган апасы да уулунан кийин бир аптага жетпей кетти. Социалдык тармакта тараган видеодо Акрамды акыркы сапарга узатуу учуру түшүп калган, маркумдун сөөгүн атайын медициналык кийимчен төрт санитар көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

Кыскача соңку сөз

Тажикстанга таажы вирусу тараганы быйыл март айынын аягынан тарта айтыла баштаган. Социалдык тармактын колдонуучулары эч кандай этияттык чаралары жок эле Кожент шаарында Нооруз майрамы шайыр-шаңдуу майрамдалганына кабатыр экенин билдиришкен. Бийликтин четтен келген тажикстандыктар менен чет элдиктерди карантинге жаткырышпаганына нааразы болушкан.

“Озоди” радиосунун маалымдашынча, белгилүү тажик дарыгерлер тобу ал кездеги саламаттык сактоо министри Насим Олимзоданы өлкөдө таажы вирусунун бар экендигин бир нече ирет ырастоого чакырышкан.

Бирок Саламаттык сактоо министри оору тарап жатканын моюнга албай койгон. Насим Олимзода “Озоди” радиосунун журналисттеринин телефон чалууларына да жооп бербеди, мурдагы министрден комментарий алууга мүмкүн болбоду.

1-апрелде пневмониядан Жаббор Расулов районунун Кургонча кыштагынын тургуну Хабибулло Шодиев каза болду, анын жакын туугандарын карантинге жаткырышты, аз өтпөй ошол эле кыштактан бир үй-бүлөнүн дене табы катуу көтөрүлгөн сегиз адамын ооруканага жаткырышты.

Тажик бийликтери Шодиев каза болгондон кийин Жаббор Расулов районундагы борбордук оорукананы карантинге жапты, анда иштеген 11 дарыгер, дагы башка медициналык кызматкерлерди элге жолотушкан жок.

Диагноз боюнча 60 жаштагы эркек өпкөнүн кагынышы – пневмониядан каза болгон. Дарыгерлердин айтуусунда, буга чейин аны эки ирет COVID-19га текшеришкен, тесттер терс жыйынтык берген. Жарандык коом менен маалымдоо каражаттарынын талаптарына карабай Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги текшерүүнүн жыйынтыктарын жарыя кыла элек.

Кийинчерээк ушул райондон бир нече адамдын, Хатлон облусунан дарыгердин, Дүйшөмбүдөгү прокуратура кызматкеринин каза болгондугу ачыкка чыкты, алардын баарынан таажы вирусунун белгилери табылган. Ага карабастан бийликтегилер маалымдоо каражаттарында республиканы таажы вирус инфекциясы каптап кеткени тууралуу кабарларды жокко чыгарып келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тажикстандагы туруктуу өкүлү Галина Перфильева тажик Саламаттык сактоо министрлигин коргоп чыкты. Андан көп өтпөй социалдык тармакта таажы вирусунан жарандар өлүп жатканы кабарланды. Тажик бийлиги 30-апрелде гана таажы вирусу жуккан учурлар катталгандыгын ырастады. Расмий маалыматтарда оору жуккан 15 учур катталган, анын ону Согди облусунан, бешөө – Дүйшөмбү шаарынан.

Жогоруда белгиленгендей, “Озоди” радиосунун өтүнүчү Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигине 3-июнда келип түшкөн, ошондон бери жооп жок. Министрлик таажы вирус инфекциясынан каза болгондордун саны расмий статистикада гана так берилген деп эсептейт. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-катчысы Эмомали Мирзоев “Озоди” радиосундагы 12-июндагы маегинде маалымат каражаттары “текшерилген гана маалыматтарды” жарыялашы керек деп билдирди.

"Мурда кимдир бирөөлөр социалдык тармакта же маалымдоо каражаттарында менин баландай деген жакыным өлдү деп жазышчу беле? Жок! COVID-19 пайда болгондон бери диабет, жүрөк оору же инсульттан каза болгондорду таажы вирусунан каза болгондордун катарына кошуп коюшчу болду”, - дейт Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү.

Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон аз күн мурда өлкөдөгү таажы вируска байланышкан жагдайдан калк кабардар болуп турушу керек экенин айткан жайы бар, анткен менен COVID-19 илдетинин статистикасы азырынча Саламаттык сактоо министрлигинин гана "менчиги" болуп турат.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Кыргызчага Бекташ Шамшиев которду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG