Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Вирусту тараткан жана аны жеңген жаныбарлар


Ийри тумшук жарганаттардын уйкусу.

Ким билет, сүйлөй ала турган болсо жарганаттар жаңы вирустун жөн-жайын кенен айтып бериши ыктымал эле. Башка жаныбарлар анте алышпаса да, капыс келген апааттан кантип айыгуунун жолун табууга жардам кылышмак.

Кадимки кичи төө – ламалар сейрек кездешчү антителге ээ экендигин, анын жардамы менен илимпоздор таажы вирусуна каршы адамдардын иммунитетин көтөрүүгө болорун аныктап чыгышты.

Кинологдор болсо иттин жардамы менен COVID-19ду жытынан сезип, оорунун белгилери адамда байкала электе эле таап алуунун амал-аргасын издешүүдө. Азырынча белгисиз бир себептерден улам суркүзөндөр жугуштуу оору учурунда коркунучтуу болуп калары айгинеленүүдө.

Булар жана башка жаныбарлар жугуштуу ооруну таратышы, коркунуч башбактап турганын эскертиши же адамдардан жуктуруп алышы мүмкүн, SARS-CoV-2ге каршы жаамы дүйнөлүк күрөшкө таасир көрсөтүшү ыктымал.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Жарганаттар

Ийри тумшук жарганат.
Ийри тумшук жарганат.

SARS (дем алуу жолу менен жуга турган оор дарт, башка учурларда өпкөгө суу толтурган оору катары белгилүү) ачыкка чыккандан кийин жарганаттарды изилдөө иштери аябай жанданды.

SARS 2002–2003-жылдары катуу жайылган.

Жер үстүндө жарганаттардын 1400гө жакын түрү кездешет. Сүт эмүүчүлөр түрүнө кирген жаныбарлардын ушул түрү гана уча алат. Кутурма оорусуна чалдыгарын эске албаганда, бул жаныбарга бир да вирус аркылуу оору жукпайт. Мына ушул касиети аларды аябай коркунучтуу кылат, өзүнө жукпаган менен башкаларга жугузат.

Пандемия COVID-19 жугуштуу дарты илимпоздорду ийри тумшук жарганаттарга (Rhinolophus) башкача көз караш менен кароого мажбурлады. Түштүк Кытайдагы ийри тумшук жарганаттар адаттан тыш пневмония менен жаңы чыккан таажы вирусун таратуучулар болуп калды окшойт.

Башында кытай окумуштуулары ийри тумшук жарганаттардан таажы вирусу башка жаныбарларга “жабышып”, андан адамга жукса керек деп билдиришкен. Иш жүзүндө баары кандай болгонун эч ким билбейт, дарыгерлер өткөн жылдын аягында жаңы таажы вирусун аныкташкандан бери көп нерселер азыр деле так эмес.

Көпчүлүк окумуштуулар жаңы вирус жасалма жол менен чыкпаганын айтышат, бирок ал кантип адамга жукту – базарданбы же Ухандагы вирус изилдөө лабораториясынанбы – мунун баары азырынча белгисиз.

Панголин

Кытай касапчысы панголинди өлтүргөнү жатат, бул жаныбардын эти элдик медицинада аябай бааланат.
Кытай касапчысы панголинди өлтүргөнү жатат, бул жаныбардын эти элдик медицинада аябай бааланат.

Жугуштуу ооруну адамга жуктурган жаныбарлардын арасында панголиндин да аты аталган, ошол аркылуу вирус адамга жуккан деп айтышкан. Панголин - сейрек кездешүүчү, териси зоотко окшош Кызыл китепке кирген кичинекей жырткыч. Быйыл февралда Кытайда эпидемия күчөп жатканда Гуанжо Айыл чарба университетинин окумуштуулары аткезчилерден тартылып алынган панголиндерден таажы вирусу чыкканын, генетикалык жагынан ал адамга жукчу SARS-CoV-2 вирусуна 99% дал келерин ырасташкан.

Бирок андан көп өтпөй бир канча илимий топтор катышкан ошол басма сөз жыйында так эмес маалыматтар айтылып кетиптир: көрсө адам менен панголиндин таажы вирусунун геномдору 99% эч качан дал келбейт экен, алардын айрым жерлери, рецептордук байланыш домендери гана дал келиши мүмкүн, рецепторлор клеткага вирус келип киргенин айтып турушат. Геномдордун толук шайкеш келиши 90,3% гана түзөт, бул панголиндерди инфекцияны жайылтчу булак катары эсептөөгө негиз бербейт.

Панголиндер азыр деле вирустарды алып жүрчү жаныбарлар катары эсептелет, ал аркылуу оору жугушу мүмкүн, бирок окумуштуулар азырынча вирус ушул гана жаныбардан жукту деп ырастоого жетише элек, изилдөөлөр жүрүп жатканы менен анын жыйынтыгы чыга элек.

Панголиндер Түштүк-Чыгыш Азия менен Африкада кездешет. Аны эти менен денесин жаап турган терисин сатууга эл аралык мыйзамда тыюу салынган. Бирок Кытайда бул тыюу салууну байкамаксанга салып коюшат. Ошондон улам Ухандын бийликтери вирус панголинден жукканын жашырып коюшту деген шек жаралган. Жашырбаса, COVID-19 эпидемиясы тараганы айтылган базарда панголиндин эти сатыларын моюнга алыш керек болчу.

Циветтер

Циветтерди Гуанжо шаарындагы базардан чыгарып жатышат. 2004-жыл, SARS эпидемиясынын аягы.
Циветтерди Гуанжо шаарындагы базардан чыгарып жатышат. 2004-жыл, SARS эпидемиясынын аягы.

Циветтер 2002 - 2003-жылдары SARS эпидемиясы күчөп турганда адамга оору жуктурушу мүмкүн жаныбарлардын бири катары эсептелген. Ошол кезде учуп жүргөн жарганаттардан вирус адамдарга циветтер аркылуу жуккан деп эсептелген.

Түнкүсүн гана жойлогон токой жырткычы Кытайдын базарларында көп сатылат, анын эти адамга жагымдуу. Окумуштуулардын ырасташынча, мына ушул жаныбарлар 2002-жылы жарганаттардан жабышкак дартты адамдарга жугузган, дал ушул Юнан аймагындагы Ухань шаарында. Кыязы, жапайы жаныбарларды сатчу шаардын ошол эле базарында болсо керек.

Мындай божомолдорго негиз катары айрым пальма циветтери таажы вирусун алып жүрүшөт, ал вирус SARSка окшош, 2003-жылкы эпидемия күчөп турган чакта илешкек дарт 8 миңге жакын адамга жуккан. Анткен менен адаттан тыш пневмониянын чыккан себеби так аныкталып, баарын ынандырган соңку чекит ушу күнгө чейин коюла элек.

ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЖАҢЫСЫ

АКШнын Оорулардын алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборлорунун ырасташынча, “азырынча илимий маалыматтар жетишсиз, ошондон улам COVID-19 дарты жаныбарлардан адамга жукту деп айтыш кыйын”.

Акыйкатта да, илимий этиканы карманып алдагыдай мүмкүнчүлүктү кылдат текшерип чыгуу мүмкүн эмес. Бирок айрым жаныбарлар – мышыктар, жарганаттар, арс чычкандар менен суркүзөндөр илимий эксперимент маалында жугуштуу дартты кандаштарына жуктура турганы аныкталган.

Антсе да бир жаныбар, адамга вирус жугузушу ыктымал.

Суркүзөн - Норка

Ылаң жуктуруп алган күзөндөрдү Нидерландагы фермадан ташып чыгуу, 9-июнь, 2020-жыл.
Ылаң жуктуруп алган күзөндөрдү Нидерландагы фермадан ташып чыгуу, 9-июнь, 2020-жыл.

Таажы вирусу суркүзөндөн адамга жукканы – эпидемия башталгандан бери биринчи ирет ырасталды, эпидемия өткөн жылдын аягында башталган, жугуштуу ылаң адамга жаныбардан жукканы биринчи ирет аныкталды.

Нидерланддын фермасында жаныбарларга болжол менен быйыл апрелдин аягында адамдардан ылаң жуккан, суркүзөндөрдөн кайра малканага барган эки адам COVID-19ду жугузуп алган.

Нидерланд фермерлери ушу тапта он миндеген суркүзөндөрдү жок кылышууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен АКШнын оорулардын алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборлору вирус жаныбардан адамга өтпөйт деп билдиргенине карабастан ушул иш жасалып жатат. Нидерланд бийликтери "вирус мышыктардан жуккан эмеспи" деген божомолду да кылдат текшерүүдө.

”Азыркы күнгө чейин илдет голландиялык суркүзөн багылган 130 короонун 12сине жайылган", –​ деп жазды 9-июнда Science журналы.

Бул кезде Голландияда суркүзөндөрдү тегиз жок кыла башташкан болчу. –COVID-19 короого жуккандан кийин анын жайылышы кудум чатырап күйгөн өрттөй тездик менен күчөдү, жаныбарларды биринен экинчисин бөлүп турган капастар деле сактай албады".

ЖАҢЫ ЖУКТУРГУЧТАР

Ал арада SARS-CoV-2 менен ага жакын таажы вирустарын адамга билинбей башка жаныбарлар жугузушу мүмкүн.

Ийри тумшук жарганаттардан тышкары, лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, вирусту макаки маймылдары, ит, мышык, ушул түргө кирген ири жырткычтар, коён, суркүзөн, арс чычкан, майда маймылдар жугузуп алышкан.

“Таажы вирус Кытайдан чыгып дүйнөгө жайыла баштагандан тарта эч кимдин оюна келбеген оору жугузгучтарды таап алышы ыктымал”, – деп айтты National Geographic журналына берген маегинде Түндүк Каролина университетинин изилдөөчүсү, вирусолог Ральф Барик.

Мышыктар

Стамбулдагы жолбун мышыктарды эпидемия маалында демилгечилер карашууда.
Стамбулдагы жолбун мышыктарды эпидемия маалында демилгечилер карашууда.

Буга чейинки ар кыл таажы вирустарынын тажрыйбасынан улам окумуштуулар мышык, дагы башка үй жаныбарлары оору жуктуруп алышарын билишчү, бирок жугуштуу оорулар боюнча адистер COVID-19 илдетин адам жаныбарлардан жугузуп алуу коркунучу анчалык деле жогору эместигин айтып келишет.

COVID-19 менен ооруган адам мышык жана башка үй жаныбарларын сыласа, вирус аларга да жугушу мүмкүн. Бирок азырынча үй жаныбарынан адамдын оору жуктуруп алганы так аныкталган жок. Анан да канча вирус организм үчүн коркунучтуу экени ырастала элек.

Быйыл март айында Бельгияда үй мышыгына адамдан вирус жукканы ырасталды. Ээси ооругандан болжол менен бир жумадай убакыт өткөндө мышыкта таажы вирус инфекциясынын алгачкы белгилери пайда болгон. Байкуш жаныбардын ичи өтүп, кусуп, дем алуусу кыйындап азап чеге баштаган. Мышыкты дарылоого эки аптадай убакыт кетти.

Ушундай эле окуялар кийин Гонконгдо, башка өлкөлөрдө катталган.

Орусияда май айында оору мышыкка жукканы аныкталган. Москвада беш жылдык үй жаныбарынын мурдунан, тамагынан алынган анализдер мышык SARS-CoV-2 жуктуруп алганын көрсөткөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мышыктар менен суркүзөндөр COVID-19 ылаңын жуктуруп алышарын, бирок аны кандаштарына жуктура аларын ырастоодо. Вирус үй жаныбарларынан адамга жугары ырастала элек. Антсе да Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму таажы вирусун жуктуруп алгандарды үй жаныбарларынан алыс болууга чакырат.

Көлөмдүү жырткычтар

Ургаачы жолборс Надя Бронкс зоопаркында. COVID-19 ылаңын жуктуруп алган жырткычтардын бири.
Ургаачы жолборс Надя Бронкс зоопаркында. COVID-19 ылаңын жуктуруп алган жырткычтардын бири.

Нью-Йорктогу "Бронкс" зоопаркында быйыл апрелде жолборстор ылаңдап калышты. Аз өтпөй COVID-19ду дагы үч арстан жугузуп алганы маалым болду. Вирус жырткычтарга зоопарк кызматкеринен жукса керек. Килтейген жолборстор COVID-19 дартына чалдыгары эч кимдин оюна келген эмес. Качан жаныбарлар өлүм алдында калганда гана аларга таажы вирус инфекциясынын анализин жасашкан.

Арстан, жолборсторду текшерүү чечими ар кыл пикирлерди жаратты. Апрелде Нью-Йорктун өзүндө COVID-19 илдетине жасалчу тесттер адамдарга жетпей жатса, жаныбарларга тест жасайбыз дегени талаш туудурду.

“Адамдын ден соолук сакчылыгына өмүрүн арнагандар менен жаныбарларды карап, дарылаган адамдар ортодо болгон маалыматтарын алмашып турганы маанилүү", – деп билдирди Жаныбарлардын жаңы оорулары улуттук борборунун жетекчиси.

Иттер

Азиядагы өзгөчө кадырлуу кандек иттер.
Азиядагы өзгөчө кадырлуу кандек иттер.

Февраль айында Гонконгдо кыйла эле карып калган кандек ит инфекция жуктуруп алганы ачыкка чыкты. Катары менен беш ирет анализ алышкандан кийин жаныбарда “билинер-билинбес” белгилер бар экени аныкталды. Иттин канында антител жоктугу ырасталды – башкача айтканда, анын организминде жаңы инфекцияга каршы иммунитет иштелип чыга элек болчу. Кандек ит карантинден келгенден кийин кыйла күн жүрүп 16-мартта өлдү.

Иттин ээси жакшы көргөн жаныбарын союп, текшерүүгө уруксат бербеди, ошондуктан кандектин кандайча өлгөнү белгисиз бойдон калды.

Төөлөр

Мисирдин (Египеттин) базарында.
Мисирдин (Египеттин) базарында.

Төөлөр – MERS (Жакынкы Чыгыштагы дем алууну кыйындатчу оору) дартын пайда кылчу, аны жугузчу жаныбар катары белгилүү, бул жугуштуу оорудан 2012-жылы 866 адам каза болгон.

MERS азыр деле чыгат, көбүнесе Араб жарым аралында жашаган элдин арасынан жүздөгөн адамдар андан жабыр тартып келет. Ооругандардын көбү инфекцияны төөлөрдөн жугузуп алышат, анан да ал жерде төөнүн этин жешет.

Төөлөр MERSти козгоочу инфекцияны мисирлик көркоо жарганаттардан жугузуп алышканы аныкталган, ошол кичинекей жарганаттар Жакынкы Чыгышта, Африкада, Пакистанда жашайт.

MERS вирусу жарганаттардан төөлөргө кантип жукканы окумуштууларга табышмак.

Жаңы таажы вирусунун азыркы жаңы түрү төөлөргө жугуп калган учур азырынча каттала элек.

ДАРЫЛОО ЖАНА ВАКЦИНАЛАР

​Аргентинадагы мына бул ламаларда SARS-CoV-2ге каршы иммунитет бар.
​Аргентинадагы мына бул ламаларда SARS-CoV-2ге каршы иммунитет бар.

Уинтер (Кыш) деген таажы вирусуна каршы күрөшкө жардам берчү, атүгүл COVID-19 дарылоочу белгиялык лама бар.

SARS, MERS ошондой эле СПИД, атүгүл сасык тумоого каршы күрөшүүдө ламалар иштеп чыккан антителдер натыйжалуу экени мурда эле белгилүү болчу. Быйыл майда АКШ менен Бельгиянын окумуштуулары ошондо топтолгон билимди COVID-19га каршы күрөшкө колдонууну чечишти.

Кичи төө – ламалардын вируска каршы эки типтеги антители бар. Анын бир антителин нанотел деп коюшат, эмне үчүн андай аталышынын себеби нанотелдер адамдын организминдеги антителдерден кыйла эле кичине. Алар тикенек сымал белоктор, S-протеин аркылуу байланышат, мына ушул протеиндин көмөгү менен таажы вирус клеткага жабышып, аны иштен чыгарат, нейтралдаштырат.

“Таажы вирусун талкалай турган эң белгилүү антителдердин бири ушул”, - дейт Техас штатындагы Остин университетинин микробиология илиминин профессору, ламанын өзгөчө иммунитети боюнча изилдөөнүн автору Жейсон МакЛеллан.

АКШнын Саламаттык сактоо улуттук институту баш болгон көптөгөн илимий борборлор мындай изилдөөлөрдүн келечеги кең экенине ишенишет.

Жөө жыландар

Деңиз кумчусу.
Деңиз кумчусу.

Француз дарыгерлери деңиз кумчусунун канын изилдешүүдө, жер алдында жашоочу жөө жыландардын бир түрү COVID-19 дартына чалдыгып, оор абалда жаткандардын өмүрүн сактап алууга шыпаа болгону турат.

Франциядагы эки оорукана тийиштүү клиникалык эксперименттерди жүргүзүүгө уруксат алышты.

Деңиз кумунда жашаган жөө жыландардын канын адамга куйса адам канындагы кислороддун деңгээли көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда. Деңиз кумчусунун канында өзгөчө бир зат бар, анын жардамы менен жөө жылан дем албай жер алдында жашай берет.

Изилдөөчүлөр бул “өзгөчө ыкма азырынча тестирлөөнүн алгачкы стадиясында” экенин белгилешүүдө.

Ушу тапта алгачкы изилдөөлөр гана жүргүзүлүп жатат, анын максаты - жаңы усулдун коопсуздугун аныктоо.

ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАНЫБАРЛАР

Болгон дарынын баары адамдарга сайылып текшерилгенге чейин жаныбарларга колдонулуп катаал текшерүүдөн өтөт.

Андай лабораториялык текшерүүлөрдүн баасы ушу тапта абдан жогору, COVID-19 апаатына каршы вакцина табуу жакындан бери дүйнөлүк жарышка айланбадыбы.

Бу байкуш жаныбарларды эстеген деле киши жок, алар тууралуу жазышпайт деле, чын-чынына келгенде булар илимий ачылыштардын аты белгисиз калган каармандары.

Чычкандар

АКШдагы Moderna компаниясынын чычкандар менен адамдарга жүргүзүп жаткан эксперименттери - адатта COVID-19 апаатына каршы вакцина жасап жаткандарга үмүт берген кабарлардан.

Чычкандар канчадан бери тажрыйба жасалчу жаныбарлардын бири болуп калбадыбы – анын үстүнө булар тез көбөйүп, кармоого жеңил. Ошол чычкандарга жасалган изилдөөлөр окумуштууларга таажы вирусу адамдын нерв системасын кантип жок кыларын, адам организмине кандай тараларын, кайсы органдарды жайлап кетерин, кайсы патоген адамга жалпысынан кандай таасир көрсөтөрүн айгинелеп берди.

Маймылдар менен арс чычкандар

Маймылдар менен арс чычкандар да лабораториялык эксперименттерде арбын колдонулат, алар да COVID-19га каршы перспективдүү вакцинаны табууга кыйла жардам кылышты.

ООРУНУ ТАБУУ

Иттер

Тайган.
Тайган.

Ит менен мышык сезимтал келип, адамдын илешкен дарты кайда экенин туюшат, алар COVID-19 жукканын деле билиши мүмкүн.

Тирүү жандыктар аркылуу оорунун алгачкы белгилерин аныктаса болобу же жокпу деген суроого жоопту азыр Британия, Германия, Финляндия жана Франциянын окумуштуулары издеп жатышат.

Макаланын автору Энди Хэйл

Кыргыз тилине которгон Бекташ Шамшиев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG