Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Пандемияда Боршайкомго суроо көбөйдү


Президенттик шайлоо учурунда. 2017-жыл, 15-октябрь.

26-июндан баштап он күн аралыгында күзүндө боло турган парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгыш керек. Эгер президент шайлоонун мөөнөтү боюнча үн катпаса, бул милдет Борбордук шайлоо комиссиясына өтөт.

26-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Республикалык коронавируска каршы ыкчам штабынын өкүлдөрү менен чогуу парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтүн талкуулады.

Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков да катышкан.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу отурумду соцтармактар аркылуу түз алып көрсөтүү жөнүндө БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын сунушун Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова “каражат жок” деген жүйө менен четке каккан.

Мындан тышкары Абдрахматова көп суроолорго жооп табылбай калганын айтууда.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

«Талкуудан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Биринчиден, мамлекет боюнча коронавирус жуктурган адамдардын саны канчага жеткенде шайлоо өткөрбөш керектигин эч ким айта алган жок. Мындан тышкары, шайлоо тилкесине дене табы жогору жаран келсе, эмне болоруна кызыктым. Аларга бөлмө караштырып же чатыр тигип, өзүнчө добуш бергенге шарт түзүшүбүз керек да. Шайлоо участкасы добуш берүү жүрүп жатканда канча жолу дезинфекцияланышы керектигин да эч ким айта алган жок. Мындан тышкары бизде 2500дөн ашуун шайлоо тилкелери бар. Ал жерде иштей турган ар бир жаранды тестирлөөдөн өткөрүү зарыл».

Атыр Абдрахматова кошумчалагандай, мамлекет шайлоо тилкелеринде санитардык абал сакталарына кепилдик берип, элди ишендире албаса, кыргызстандыктар шайлоого катышпай коюшу толук мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери да ойлондуруп жатат. Республикалык штаб жарандарды аралыкты сактаганга үндөп, 50 кишиден ашык чогулганга тыюу салган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоого чейинки иш-чараларды онлайн жүргүзсө болоруна токтолду. Буга чейин ушундай эле сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да айтып чыккан.

«Шайлоо үгүт иштеринен турат. Азыр заманбап технологиянын заманы. Үгүт иштерин интернет, социалдык тармактар, телевидениенин жардамы менен жүргүзөлү. Талапкерлерге дагы бирдей шарт түзүлөт. Түштүк Кореяда коронавирус күчөп турган учурда эле шайлоо болду. Орусия референдум өткөргөнгө белсенип турат. Мыйзам боюнча өзгөчө абал режими маалында гана шайлоо өткөрүлбөйт», - деди Кайрат Осмоналиев.

Медицина тармагы боюнча эркин эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстан COVID-19 илдетинен жакын арада кутулбай турганын айтып жатат. Адистин божомолу боюнча шайлоо өтө турган күз мезгилинде дагы коронавирустун күчү кайтпайт.

«Сентябрь, октябрь айларында абал кичине турукташып калат. Бирок COVID-19 толугу менен жок болуп кетпейт. Вакцина 2021-жылы пайда болот деп божомолдоп жатам. Андыктан эрежелерди так сактап, бул илдет менен жашаганга көнүшүбүз керек».

Өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Мындай учурда депутаттардын ишмердүүлүгү кийинки шайлоого чейин улана берет.

Саясат талдоочу Руслан Акматбектин айтымында, Жогорку Кеңештеги абал башка. Ал парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылып кете турган болсо, коомчулукта нааразы пикир жаралат деген ойдо.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

«Азыркы учурда коомчулук Жогорку Кеңешти өзүнүн өкүлү катары тааныбай турат. Анткени барган сайын депутаттар ойго келбес демилгелерди сунуштап, акылга сыйбаган мыйзамдарды кабыл алып жатат.

Эгерде күзүндө боло турган шайлоонун мөөнөтү жылып кетсе, нааразылык мындан да күчөйт. Элдин кыжырдануусу, Жогорку Кеңештин курамын жаңылоо талабы курчуй баштады. Жарандар менен бийликтин ортосунда кызматташуу эмес, күрөшүү байкалууда. Эки тарап өзүнчө жашап жатат. Кыргызстандыктар элдин турмушун жеңилдете турган, чиелешкен көйгөйлөрдү чече турган парламентти көргүсү келет».

26-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча бир катар жоболорду да кабыл алды.

Бул жоболор шайлоого сарпталган бюджеттик акча тууралуу маалымат берүү гана эмес, саясий партиялардын шайлоо фондунда иштетилген акчанын булагын, чыгашаларын ачык көрсөтүшүнө жол ачат.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай жоболор БШКнын көзөмөл-ревизиялык тобунда иштелип чыккан.

  • Биринчи жободо атайын эсеп ачуу, шайлоо фондун түзүүнүн эрежеси, келип түшкөн каражат менен чыгышталган каражаттын эсеби, шайлоо күрөөсү, отчет жана көзөмөл тартиби аныкталган. Жободо саясий партиялардын шайлоо фондундагы акчанын сарпталышы боюнча маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланары да белгилеген.
  • Экинчи жобо - шайлоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдалануу боюнча БШКнын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын отчету. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгүнө сарпталган каражат тууралуу маалымат аймактык комиссиялардын жана БШКнын сайтына жарыяланат.
  • Үчүнчү жобо – БШКнын көзөмөл-ревизия тобунун ишмердигине байланыштуу. 2018-2020-жылдарга карата жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, шайлоого сарпталган каражаттар тууралуу маалымат жаңы формада толтурулат. Мындан тышкары шайлоочулар, бейөкмөт уюмдар, басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө шайлоо өнөктүгүнүн каржылануусуна байкоо жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротула турганын айткан. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын октябрь айынын башында өтүшү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG