Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:36

Бийликти шайлоо сынайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо системасын өзгөртүүгө өбөлгө түзө турган кезектеги мыйзам долбоору 6-майда коомдук талкууга коюлду. Документтин автору катары Жогорку Кеңештин 14 депутаты көрсөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде 120 депутаттын 42% бизнес өкүлдөрү экени жазылып, мандатка акчалуу адамдардын ээ болушу парламенттин сапатына, элдин аларга болгон ишенимине шек келтирип жатканы да айтылган.

Депутат Алтынбек Сулайманов элдин күчтүү парламент шайлоого болгон укугун олигархтар тартып алганын белгиледи:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Бүгүнкү система менен шайлоочулар бекилген тизмеге гана добуш берип жатышат. Биз сунуш кылган мыйзам долбоору колдоо тапса, акчанын күчү азаят. Бир эле бюллетень менен партияга жана партия ичиндеги жеке талапкерге добуш берсе болот. Жогорку Кеңешке болгон шайлоодогу «алтын ондук» деген түшүнүк жоголот. Тизменин аягына катталган адам көп добуш алып алдыга чыгып кете алат».

Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин парламенттик башкаруу ыкмасына багыт алган. Эки жолу парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүп, ага ылайык саясий партиялар, партия лидерлери шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин өздөрү бекитишет. Ал тизме Борбордук шайлоо комиссиясына өткөндөн кийин ага эч ким өзгөртүү киргизе албайт. Эгер депутаттар тобу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, шайлоочуда партиядан тышкары тизмедеги талапкерди да тандоо укугу болот.

Бирок 14 депутаттын парламенттик шайлоого аз калганда мыйзам жазып чыгышы ар кандай карама-каршы пикирди жаратты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев эл өкүлдөрүнүн демилгесин популисттик кадам катары сыпаттады:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Алгач эле мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүшү керек. Андан кийин комитеттерде каралат. Соңунда 3 окуудан колдоо табышы шарт. Эгер процедуралар бузулбаса мыйзам долбоору кабыл алынганга 3 айдан 6 айга чейинки убакыт керек. Эмнеге 4,% жылдан бери ушундай демилге көтөрүшкөн жок?».

Шайлоо системасын алмаштыруу маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин да кайрылган. 2019-жылы Исхак Масалиев менен Жанарбек Акаев ушундай эле мыйзам долбоорун сунуш кылган. Алар преференциалдык шайлоо системасын бюллетень эмес, электрондук добуш берүү аркылуу ишке ашырууну максат кылышкан эле. Депутат Исхак Масалиев мындай сунуштардын суу кечпесине көзү жеткенин билдирүүдө:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Жанарбек Акаев экөөбүз сунуш кылган мыйзам долбоорун колдогонго парламенттин эрки жетпейт. Айрыкча партия лидерлери каршы болот. Преференциалдык шайлоо системасы менен айрым лидерлер өздөрү да добуш ала албай калышы мүмкүн. Мындан тышкары бийлик да каршы болот. Аларга сүйлөгөн сөзү, карманган багыты бар жана эл оозунда жүргөн адамдар депутат болгону керек эмес».

Масалиев кошумчалагандай, ал сунуш кылган мыйзам долбоору комитеттердин талкуусуна келгенде тоскоолдуктарга туш боло баштаган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров да депуттаттар менен бирге мыйзам жазган. Ага ылайык, шайлоочулар 13 округга бөлүнүп, партияга жанан анын ичинен талапкерлердин тизмесине добуш бермек. Документ коомдук талкуудан ары жылган эмес. Мирлан Бакиров болсо өзү сунуш кылган шайлоо ыкмасы боюнча көз карашын өзгөрткөнүн айтты:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Биз сунуш кылган шайлоо системасын ишке ашыруу бир аз кыйынчылык жаратарына ынандым. Биринчи кадам катары шаардык кеңештерге боло турган шайлоодо текшерип көрүш керек. Ошондо тизме жана добуш саноо боюнча пикир келишпестиктерден арылабыз».

Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрь айынын алгачкы жумасында өткөрүү пландалууда. Анын так датасы шайлоого 100 күн калганда, 26-июндан 6-июлга чейинки аралыкта белгилүү болушу керек. Андан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш июль айынан баштап күзгө чейин жайкы эс алууга кетет. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун айтымында, шайлоо системасын өзгөртүш үчүн депутаттардын саясий эрки болушу зарыл.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Эгер чындап каалоо болсо бул мыйзамды 3 окуудан тең өткөрүп, 1 жумада кабыл алып койсо болот, - деди ал. - Кумтөрдүн кызыкчылыгына келгенде Суу кодексине бат эле өзгөртүү киргизип коюшпадыбы? Баары депутаттардын колунда. Бирок алар президенттин администрациясы команда бермейинче кыймылдай албайт да. Өзүлөрдү жазган мыйзамдарды коргой албай отурушат».

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен 6 саясий партиянын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG