Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:53

Бюджеттен колдоо күткөн партиялар


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда саясий партияларды мамлекеттик бюджеттен каржылоо сунушталды.

Акча алган партия эркин саясат жүргүзө алабы? Өлкө бюджетине оор болбойбу? Саясий партияларды каржылоо демократияны өнүктүрүүгө, анын принциптерине каршы келбейби?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков, Үй куруучулар партиясынын лидери Бейшенбек Абдразаков жана саясий серепчи Алмаз Тажибай катышты.

«Азаттык»: - Нурбек мырза, сиз, Жогорку Кеңештеги кызматташтарыңыз менен саясий партияларды мамлекеттик каржылоо боюнча демилге көтөрүп, аны мыйзам аркылуу бекитүүнү көздөп жатасыңар. Коомдо бул идея кызуу талкуу жаратты. Мындай демилгеге эмне себеп болду? Концепциясы кандай?

Нурбек Алимбеков.
Нурбек Алимбеков.

Нурбек Алимбеков: - Кыргызстанда «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Кабыл алынганына чейрек кылым өтсө да өзгөрө элек. Биздин негизги максат – партиялардын жоопкерчилигин арттыруу. Партиянын негизги укуктук документи - уставда жазылган жоболорду аткарууну талап кылуу. Уставда эмне жазылса, ага баш ийиш керек деп жатабыз. Аткарган иштери, каржылык маселелер боюнча отчёттуулукту камсыз кылуу.

Партияларды каржылоого келгенде каттоого алынган 270 партияга акча берилеби деген суроолор болуп жатат. Биздин долбоор боюнча парламенттик шайлоодо 2 пайыздан көп добуш алган партиялар гана каржыланат. Калган партияларга акча берилбейт.

«Азаттык»: - Партияларды каржылоого бюджеттин чама-чаркы жетеби? Бюджеттин кайсы беренесинен акча бөлүнөт?

Нурбек Алимбеков: - Бюджеттен эч кандай акча кетпейт. Шайлоого катышкысы келген партиялар азыркы мыйзам боюнча 5 миллион сомдон акчаны күрөөгө коюшат. Мыйзамда беш пайыз добуш алган партияларга гана ошол күрөөсү кайтарылат. Калган акча эсепте калат. Биз ошол калган каражаттарды эки пайыз алган партияларга бөлүп берели деп жатабыз. Бул өз кезегинде партия менен элдин ортосундагы байланыштуу чыңдоого шарт түзөт деп ойлойбуз.

Азыр 2-3 партияны эске албаганда жер-жерлерде саясий партияларды шайлоочулардын көбү билбейт. Каржылай турган акчанын суммасы 16 миллион сомдун тегерегинде болуп жатат. Берилген акчаны Эсеп палатасы да текшере алат.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, партияларды мамлекет тарабынан каржылоо башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында барбы?

Алмаз Тажибай.
Алмаз Тажибай.

Алмаз Тажибай: - Дүйнөдө 190дон ашык мамлекет болсо, 30га жакын мамлекетте саясий партияларды бюджеттин эсебинен каржылаган тажрыйба бар.

Каржылоо түз жана кыйыр деп негизинен экиге бөлүнөт. Европанын бир нече мамлекеттеринде: Германияда, Францияда, Испанияда, Белгияда, Швецияда ж.б. ушундай каржылоо болот. Германияда мамлекеттен акча алган партия Бундестагдын (парламент) алдында отчёт берип турат.

КМШнын курамына кирген Орусияда, Казакстанда, Азербайжанда, Арменияда, Түркмөнстанда ушундай мыйзам иштейт. Өзбекстан 2004-жылдан бери партияларды каржылоого өткөн.

Ар биринин өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Орусияда парламентке келген партия ар бир алган добушу үчүн бюджеттен 152 рубль акча алат. Алган акчасына отчётун, баяндамасын берип турат. Бирок орусиялык изилдөөлөргө таянсак партияларды каржылоо натыйжа берген жок, алардын жер-жерлердеги таасири көбөйгөн жок, мамлекеттин акчасы талаага чачылып жатат.

Кыргызстанда болсо азырынча бюджеттен түз акча бербесе да кыйыр түрдө партияларга жардам берилет. Шайлоо учурундагы партиялардын ТВ эфирлер аркылуу дебатка чыгууга мүмкүнчүлүк берилип жатышы мамлекеттин кыйыр колдоосу деп түшүнүшүбүз керек. Бирок Кыргызстандын бюджети чабал болуп турган учурда партияларды каржылоо канчалык өзүн актайт, же элдин кыжырына тийбейби? Ошондуктан мыйзамды жазууда терең талкуулоо зарыл.

«Азаттык»: - Бейшенбек мырза, «Кыргызстанда саясий партиялар калыптана элек, анын бир себеби - каржылык базасы начар» деп калышат. Мүмкүн бул мыйзам партиялардын өнүгүшүнө өбөлгө болор?

Бейшенбек Абдразаков.
Бейшенбек Абдразаков.

Бейшенбек Абдразаков: - Артка кылчайсак, Кыргызстандын көп партиялык системага өткөнүнө 30 жылга жакындап калды, ал өзүн актадыбы деген суроо туулат. Бизде саясий партия жок. Азыркы партиябыз дегендер жабык түрүндөгү акционердик коомдор.

«Азаттык»: - Сиздин партия да акционердик коомбу?

Бейшенбек Абдразаков: - Биздин партия эмес, азыркы бийликтеги партиялар ошондой. Кыргызстанда партия түзгөн адам айланасына олигархтарды топтоп алып, бийликке келип жатат. «Социалисттик идеологиядагы партиябыз» дешет, тизмесин окусак баары капиталисттер. «Социал-демократтарбыз» деп кыйкырышат, ал жерде да жалаң олигархтар. Ошондуктан партиядан элдин көңүлү кайтып, иренжип жатат.

Элдин пенсиясын, жөлөк пулун, айлык акысын бере албай жатканда саясий партияларды каржылоо деген болбогон кеп. Эки-үч жылдан кийин бюджетибиздин абалы азыркыдан да оор болот. Сырткы карызды төлөөнүн туу чокусу 2023-жыл болот. Коронавирус дүйнөнү каптоодо. Сыртта жүргөн миллиондон ашык мекендештерибиз кайтып келсе, аларга кантип жумуш таап беребиз деген толгон суроолор турса, «партияларды каржылайбыз» деген акылга сыйбаган демилге...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG