Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Баш мыйзам: тарых жана сыноо


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 5-майда 27 жыл толду.

Бул күнгө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктады.

«Баш мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда. Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз», - деп жазылган куттуктоодо.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Жыйырма жети жыл ичинде бир нече жолу өзгөртүүгө учураган.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден кийин да көтөрүлүп келет.

Маселен, 2018-жылы Конституция күнүнө тушташ Туруктуу элдик кеңеш (ТЭК) Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн үч сунуш менен чыккан.

Анда: Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, экинчиси - Жогорку Кеңешти аралаш системада шайлоо (50% партиялык, 50% бир мандаттуу шайлоо) жана үчүнчүсү - сот системасын парламенттеги партиялардын таасиринен чыгаруу демилгелери көтөрүлгөн.

Мурдагы баш прокурор, учурдагы элчи Азимбек Бекназаровдон сырткары Мукар Чолпонбаев, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков жана башка саясатчылар мүчө болгон Туруктуу элдик кеңеш саясий күчтөрдү да ушул демилгени колдоого чакырган.

Бирок мамлекеттин тизгинин жаңы колуна алган Сооронбай Жээнбеков Конституцияны өзгөртүүгө зарылдык жок деген негиз менен ТЭКтин сунушун кабыл алган эмес.

"2010-жылы референдум аркылуу "Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн" деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм. Эми чынын айтканда, кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатпайбы. Анын үстүнө азыркы Конституциянын алкагында эле чечиле турган абдан актуалдуу маселелер жана мамлекетибиз үчүн керектүү реформалар бар. Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот", - деген анда Жээнбеков.

Президент ушундай көз карашын коомчулукка жарыялаган менен, баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси быйыл кайрадан көтөрүлдү. Апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган.

1-апрелде коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун негиздемесинде башкаруунун парламенттик жана президенттик эки формасын референдум аркылуу аныктоо көрсөтүлгөн.

Анда парламенттик системанын бир топ кемчиликтери саналып, ал эми президенттик башкаруунун артыкчылыгы катары анын туруктуулугу жана натыйжалуулугу аталган.

Мыйзам долбоорунда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо мөөнөтү да көрсөтүлгөн. Талдоочулардын баамында, бул дата болжол менен парламенттик шайлоону өткөрө турган күнгө туура келет.

Зулушев сунуштаган долбоор коомчулукта кызуу талаш-тартышка жем таштаган.

Парламент депутаты Абдувахап Нурбаев бул демилгенин артында мыйзам долбоорун иштеп чыккан анын кесиптеши жалгыз эле Курманкул Зулушев эмес, башка дагы ички-тышкы күчтөр турушу мүмкүн деп сынга алган.

«Мен буга таптакыр каршымын. Соңку мезгилде кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети менен «парламенттик демократия деген жарабайт экен, 35 депутат эле иштесе болот» деген сыяктуу ойлорду коомго байма-бай таңуулап, биздеги парламентаризмди биротоло жок кылууну көздөгөн маалымат өнөктүгү жүрүп жатат. Ошонун фонунда кесиптешибиздин мындай демилге менен чыгып жатышы бул иштин артында чоң бир ички-тышкы күчтөр турганынан кабар берет. Биздин коомчулук, аң-сезимдүү катмар буга каршы туруп, парламенттик демократияны сактап калышыбыз зарыл. Анткени азыркы парламенттин сапаттык курамына берилген сын аркылуу эле жалпы парламенттик демократия идеясына көө сүрттүрүп, аны биротоло жок кылууга жол бербешибиз керек. Менимче, президент деле буга каршы. Анткени ал инаугурация учурунда парламенттик башкарууну колдой турганын расмий жарыялаган. Бирок бизге экономикалык өнөктөш мамлекеттер президенттик башкарууда болуп жатышпайбы. Алар буга каршы болуп, анын өз өлкөлөрүнө жайылып кетишинен чочулап турушат. Ошондуктан биздеги жаш жана алсыз парламенттик демократияны болушунча каралап, алар бизди кайра президенттик башкарууга кайтарууга кызыкдар».

Ал эми депутат ​Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке каккан:

«Бул мыйзам долбоору башка мыйзам долбоорлору сыяктуу эле бир ай коомдук талкууда турат. Анан коомчулуктун пикирин угабыз. Анын негизинде комитеттин кароосуна алып чыгабыз. Ал жактан комитет колдойбу, же колдобойбу, азырынча белгисиз. Андан өтсө, парламенттин палатасы колдойбу же колдобойбу, азырынча эч ким билбейт. Буга карата өкмөттүн, БШКнын жана президенттик аппараттын ою кандай экени эми билинет. Бул менин жеке демилгем. Мени президенттик аппараттын буюртмасын аткарып жатат деген туура эмес. Мен президенттик башкарууну колдоп, ошого барууну көздөп жаткан жокмун. Бардыгын эл тандасын, эл өзүнүн эрки менен президенттик башкарууда болгусу келеби же парламенттикпи? Болгону бул жерден элдин каалоосун аныктайлы деп жатам».

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы легендарлуу парламентте башталып, эки жылдык талкуунун жыйынтыгы менен 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Өткөн жыйырма жети жыл ичинде Кыргызстандын Конституциясы онго жакын өзгөртүүгө учураган. Алардын бешөө Аскар Акаевдин президенттик бийлигинин учуруна туура келет.

2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга парламенттик башкаруу киргизилген жана ал "Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" тургандыгы белгиленген.

Ага карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Ошол кездеги бийлик мындай кадамын "Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым "миналарды жоюу" максаты менен түшүндүргөн.

Референдумга жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган. Ага ылайык, президенттин укуктары кыскарып, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Конституциядагы өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейткен айрым беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тартып гана күчүнө кирген.

Конституцияга киргизилген акыркы өзгөрүү коомдук-саясий-чөйрөдө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасынын өзүм билемдиги катары бааланган. Ал өз кезегинде Атамбаевдин Убактылуу өкмөттөгү саясий санаалаштары менен мамилесинин бузулушуна, кол үзүшүнө алып келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG