Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Сыноосу көп Баш мыйзам


5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 25 жыл толду. Бул жылдар аралыгында өлкөнүн башкы документи тогуз жолу өзгөртүлдү. Ошого карабай азыркы Конституция төгөрөгү төп келген документ эмес экенин айтып, аны өзгөртүүнү демилгелегендер дагы чыга баштады.

Майрамга тушташ сунуштар

Конституция күнүнө тушташ Туруктуу элдик кеңеш (ТЭК) Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн үч сунуш менен чыкты. Биринчиси - Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, экинчиси - Жогорку Кеңешти аралаш системада шайлоо (50% партиялык, 50% бир мандаттуу шайлоо) жана үчүнчүсү - сот системасын парламенттеги партиялардын таасиринен чыгаруу.

Кыймылдын мүчөсү, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алар референдум өткөрүүнү талап кылышат:

- Ушул үч сунушту, Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биз өзүбүз жазып чыгабыз. Аны парламенттен да талап кылабыз. Эгер алар "2020-жылга чейин болбойт" деп кабыл албай койсо, анда биз күзгө чейин 300 миң кол топтойбуз. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге мурдагы жылы референдум өткөрүп беришкен. Атамбаевге болот дагы, эмне үчүн 300 миң адамга болбойт? Ошондуктан биз 15-майда чоң жыйын уюштурабыз, андан кийин мыйзам долбоорубузду даярдап, аны парламентке жөнөтөбүз. Эгер Жогорку Кеңеш ошондо да биздин талаптарды аткарбаса, анда биз парламенттин өзүн таратуу маселесин көтөрөбүз. Биздин максат - Баш мыйзамда кетирилген каталарды оңдоо менен мамлекеттеги маселелерди чечүү.

Бекназаровдон сырткары Мукар Чолпонбаев, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков жана башка саясатчылар мүчө болгон Туруктуу элдик кеңеш саясий күчтөрдү да ушул демилгени колдоого чакырууда.

Бекназаров: Мен Атамбаевге эскерткем
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:30 0:00

Ал эми парламент депутаттары болсо аталган кыймыл көтөргөн сунуштар Жогорку Кеңеште колдоого алынарынан шек санап турушат. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев буларга токтолду:

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

- Алардын буга толук укугу бар. Кааласа күздү күтпөй эле кол чогултууну баштай беришсе болот. Мыйзам киргизебиз десе 10 миң кол, Баш мыйзамды өзгөртөбүз десе 300 миң кол топтоп келишсе болот. Бул Конституциянын өзүндө жазылган норма, ал укугун эч ким чектей албайт. "Референдум мынча жылда бир өтүшү керек" деген чектөө жок, эл үчүн маанилүү маселелер болсо ал референдумга чыгарыла бериши мүмкүн. Бирок башка маселе бар - муну парламент колдойбу? Мисалы, кезинде мен деле ошол Курултай институтун атайын орган катары киргизүү боюнча мыйзам жазып, Жогорку Кеңешке алып чыккам. Бирок эч ким колдобой койгон. Ал эми бийлик тарабынан азыр Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу эч кандай ойлорду уга элекмин. Ага зарылчылык деле жок болуш керек.

Бокоев ТЭКтин үч сунушун жеке өзү колдой турганын, бирок парламентти аралаш шайлоону киргизүү татаал болоорун белгилейт.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул аралыкта өлкөнүн башкы документи тогуз жолу өзгөртүлгөн. 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясы Конституциянын түп нускасы жок деп бүлүк салган эле. Бул маалымат Жогорку Кеңеште бир топ ызы-чууга себеп болгон.

Ошентип парламентте референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, Баш мыйзамга акыркы өзгөртүү 2016-жылдын 11-декабрында киргизилген. Ал референдумга жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган. Ага ылайык, президенттин укуктары кыскарып, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген болчу. Конституциядагы өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейткен айрым беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тартып гана күчүнө киргизилген.

Өзгөртүүгө зарылчылык барбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-майда Конституция күнү менен кыргызстандыктарды куттуктоо менен чектелди. Анын бийликте жарым жыл боло электигин эске алганда азыркы бийлик конституциялык реформаларга бараар-барбасы тууралуу айтуу эрте. Бирок Кыргызстандагы бийликтин табияты буга азыркы президентти кийинчерээк баары бир түртөт деп санагандар бар.

Ошол эле кезде “эгер эми өзгөртүү демилгеси чыкса, ал бийлик тараптан эмес, жарандык коом тарабынан чыгышы” керектигин белгилегендер да бар. Маселен буга чейин Кыргызстанда соттук реформаны талап кылган жарандык активисттер бул үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп айтып чыгышкан.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындай дейт:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

- 2020-жылдан кийин Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек деген ойлорго мен деле кошулам. Анткени соңку, 2016-жылкы болгон өзгөрүүлөрдө Конституция абдан бузулуп кеткен. Анда бийликте тургандардын жеке кызыкчылыктарына жараша эле өзгөрүүлөр кирип калган. Демек ошол жылдары реформага баруу үчүн ушул 2018-2019-жылдан баштап талкуулап, ар кандай көз караштарды эске алуу менен жүрүп отурушубуз керек деп эсептейм. Илимде “юридикалык Конституция” жана “реалдуу Конституция” деген түшүнүктөр бар. Биринчиси жөн гана формалдуу жазылып калган, бирок иштебейт. Ал эми экинчиси азырынча бизде жок. Башкача айтканда биздин Баш мыйзам реалдуу иштебейт. Маселен ошол эле Баш мыйзамдарда каралган парламентаризмге биз даяр эмес экенибиз көрүнүп калды. Сапаттуу парламент келмейинче бизде парламентаризм курулбайт. Ошондуктан реалдуу жана юридикалык варианттарды айкалыштырган идеалдуу вариантка келмейинче биз Баш мыйзамды өзгөртүү менен жүрүп отурушубуз керек. Анан президент азыр күчтөнүп кете турган болсо, кийин баары бир өзгөртүү киргизет.

Ал эми эксперт Тамерлан Ибраимов жакынкы жылдары Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы. Анын пикиринче бул бийликти жана элди башка маселелерден алагды кылат:

- Менин оюмча, учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө эч кандай муктаждык жок. Мунун бир нече себептери бар. Биринчиден, Конституция бул негизги мыйзам, ал жалпы укуктук системанын пайдубалы. Аны тез-тез өзгөртүү мыйзамдардын ортосундагы байланыштарды үзгүлтүккө учуратат жана ошол укуктук системаны бузат. Экинчиден, ошол эле демилгечилер айтып жаткан соттук реформаны чечүү, коррупция менен күрөшүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртпөй деле жыйынтыктуу иш алып барса болот. Аларды чечүү үчүн саясий эрк жана коррупциясыз команда гана жетиштүү. Үчүнчүдөн, биз Конституцияны өзгөртөбүз, антебиз-минтебиз деп жатып, дагы башка көйгөйлөрдөн оолактап кетебиз. Андан көрө азыр бийлик жана башка тараптар укук коргоо органдарын реформалоо менен алектенсе максатка ылайык болот.

Ошол эле кезде учурдагы Конституциянын өзүнүн да өлкөдө реалдуу иштеп жатканынан шек санагандар арбын. Маселен соңку өзгөрүүлөргө ылайык өлкөдө премьер-министр негизи адам экени жазылганы менен, президент баары бир башкы фигура катары калып жатканын белгилешет.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин пикирин угалы:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

- Конституциянын көп жоболору декларативдик гана мүнөзгө ээ, ураан сыяктуу. Мисалы, “биз - демократиялык мамлекетпиз” деп жазылат. Бирок ошондой демократиялык мамлекетке жетишибизге али көп бар. “Биз - укуктук мамлекетпиз” деп жазылган, бирок турмушта укук, мыйзамдар толук сакталбайт. Мен алгачкы беренелери жөнүндө гана айтып жатам. Ошон үчүн биздин азыркы Баш мыйзам толук иштебейт. Ал иштеши үчүн ошого негизделген укуктук механизмдерди түзүш керек. Ал башка мыйзамдарга карама-каршы келбеши керек. Бизде болсо ошол эле Конституциянын ичинде бири-бирине карама-каршылыктар бар. Анан мыйзамдык база сакталгандан кийин аны аткарылышын талап кылган органдар жакшы иштеши керек. Ошондо гана Баш мыйзам иштейт.

Ошентип, Конституцияны реформалоо боюнча соңку демилгелер президенттик шайлоодон кийин кайрадан жандана баштады. Азырынча президенттик, парламенттик жана башка деңгээлде талкууга алынбаганы менен, коомдук деңгээлде гана кез-кезде айтылып калууда.

Деген менен активисттер жана жарандык коом чейрек кылымдагы конституциялык өзгөртүүлөрдүн дээрлик баарында ошол кездеги президенттер "өздөрүнүн жана тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн өзгөртүп жатат" деп айыпташкан. Ал өзгөртүүлөрдө системалык бурулуштар болбогону, бийлик бөлүштүрүү, президенттердин ыйгарым укуктарын көбөйтүү гана каралганы айтылып келет.

Бул майрам күнү социалдык тармактардын айрым колдонуучулары 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин абакта жатканы орунсуз көрүнүш экенин жазышууда. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Текебаев өзүнө коюлган айыптардын баарын "саясий буйрук" деп четке кагып келет.

Ушул аптада акыйкатчы Кубат Оторбаев президентке кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып бошотууну суранган. Акыйкатчы сотто саясатчыга коюлган айып так далилденбегенин жүйө келтирген. Президент бул боюнча позициясын азырынча билдире элек. Бирок Текебаев өзүн айыпсыз деп эсептегендиктен президенттен ырайым сурабай турганын билдирип чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG