Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Депутаттарды жоопко тартуу талабы жаңырды


Президентти мыйзамга вето коюуга чакырган баракчалардын бири.

Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзамдын айланасында талкуу күчөдү.

Парламент 25-июнда кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам күтүлгөндөй эле коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Буга чейин сындын бутасында калган демилгенин көпчүлүк добуш менен жактырылышына нааразы болгон жарандык коом жана медиа уюмдар кайрылуу менен чыгышты.

“Президент вето койсун”

Алар президент Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө алып келет деген мыйзамга кол койбоого чакырышты.

Мындай кайрылуунун себебин “Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева төмөнкүчө түшүндүрдү:

“Бул мыйзам долбоору укуктук жактан аныкталган принципке жооп бербейт жана ал жетиштүү деңгээлде конкреттештирилген эмес. Анда абдан чачыранды түшүнүктөр камтылган. Аткаруучу органдардын ичинде так милденттемелер көрсөтүлбөй калган. Ошондуктан, мыйзам тандалма түрдө социалдык тармакта сын айткан колдонуучуларга жана бийликке жакпаган көз караштагы сайттардын колдонуучуларына каршы иштейт деген кооптонуу бар”.

Учурда жарандык коомдун өкүлдөрү президент вето койбосо, нааразылык токтобой турганын айтышууда.

Атүгүл буга чейин эки ирет “#Reакция” деген аталыш менен өткөн акцияны улантып, жарандык жүрүш уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.

Ал ортодо бир катар жарандык активисттер 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын өзү мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтып чыгышты.

Алар мындай мазмундагы ачык кайрылууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге жолдошту.

Кайрылууда аталган документти кабыл алууда Жогорку Кеңештин регламенти бузулганы эске салынган. Мыйзам талкууланган 25-июндагы сессияда "отурумга катышпаган депутаттардын атынан кнопка басылып жатты” деп жазылган.

Мыйзам бузууларды мисалдар менен негиздеген кайрылууга кол койгон активисттердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул аракеттер парламент төрагасынын, анын орун басарынын көзүнчө жасалганынына көңүл бурду.

Үмбөталы Кыдыралиев отурумга катышпаган депутаттардын кнопкаларын басып, алардын атынан добуш берип жүргөнүн спикер Дастанбек Жумабеков менен анын орун басары Аида Касымалиева көрүп, күлүп отурушту.
Клара Сооронкулова.


"Залда депутат Үмбөталы Кыдыралиев отурумга катышпаган депутаттардын кнопкаларын басып, алардын атынан добуш берип жүргөнүн спикер Дастанбек Жумабеков менен анын орун басары Аида Касымалиева көрүп, күлүп отурушту. Тыйып, токтотуп коюунун ордуна унчукпай тим болушту. Мындан тышкары залда депутаттардын көпчүлүгү жок болду, кворум болбосо, мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлбашы керек эле. Ошондуктан, биз “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамына регламентти бузуу менен мыйзамсыз добуш берилди деп эсептейбиз”.

Кайрылуу ээлери буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 25-июндагы отурумун "мыйзамсыз" деп таанууну, анда кабыл алынган чечимдерди "укуктук күчү жок" деп табууну, бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш баштоону, мындай кайдыгерликке жол берген парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду жана башкалар үчүн добуш берген депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан.

“Мыйзам аткарылат”

Анткен менен кеп болуп жаткан мыйзамдын демилгечилери жана мамлекеттик органдар документ сөз эркиндигин чектебей турганын айтып келишет.

Маселен, депутат Акылбек Жапаров парламенттеги талкуу учурунда мыйзам долбоорду "эң керектүү демилге" катары баалаган.

“Демократия деген ар бир адамдын укугу. Бирок бул укук башка адамдын укугу башталган жерде чектеле баштайт. Бул жерде өз атын жашырбай чындык үчүн чыркырап жүргөн укук коргоочу, журналисттин баарын биз коргойбуз. Бирок аты-жөнүн жашырып, оюна келгендин баарын сүйлөп, жата берген болбойт”.

Азырынча президент жана өкмөттүн бул мыйзам боюнча позициясы белгисиз.

Буга чейин маданият, маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков мыйзам кабыл алынган соң өкмөт аны аткара турганын билдирген:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Биз аткаруучу органбыз. Эгер парламент чечим, мыйзам кабыл алса, аны аткарабыз. Тиешелүү адамдарды, "State holder” (кызыкдар тарап) топтоп туруп, бул багытта аткаруу боюнча чогуу-чаран чечим кабыл алабыз. Ал жакка техниктер, депутаттар, өкмөттүк түзүмдүн, бейөкмөт уюмдардын жана медианын өкүлдөрү кирет”.

Учурда талашка түшкөн мыйзам күчүнө кире элек. Ага Сооронбай Жээнбеков кол коюп же вето коюуга укуктуу.

“Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамы ансыз деле сындын бутасында турган парламентке нааразылыкты ого бетер күчөттү. Айрым байкоочулар президент жарандык коом жана медиа менен мындан аркы мамилесин "аныктоого тийиш" деген пикирлерди айтышууда.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов акыркы талкууларга президент арбитр катары калыс пикирин айтышы керек деген оюн ортого салды.

“Мыйзам деген эмне? Мыйзам деген белгилүү бир баалуулукту коргош үчүн коомчулук менен бийлик ортосундагы жетишилген мунаса, эрежелердин системасы. Сөз болуп жаткан мыйзам боюнча айтсак, дал ушул ушул коомчулук менен мунасага жетишилбей калды. Коомчулуктун бир бөлүгү туура эмес экенин айтып, көрсөтүп атты. Буга карабай эле кабыл алынды. Бул парламент ушул жолу кандай кызыкчылыкты көздөй турганын, өз дараметин, деңгээлин көрсөттү. Эми эрежеге ылайык президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Ал киши демократиялык баалуулуктарды сыйларын, коргой турганын айтып келет. Демократиялык баалуулуктардан тайса, эл менен эсептешпесе, эмне болорун өзү да көргөн. Ошондуктан, айлана-тегереги, өзү да ойлонуп, тиешелүү жыйынтык чыгарат деген ойдомун”.

Ал эми активист Айбек Теңизбаев талаштуу демилгелердин парламент тарабынан кабыл алынышы келечектеги авторитардык башкарууга жол ачышы ыктымал деп тынчсызданып жатат.

"Бул сыяктуу мыйзамдардын кабыл алынышы өлкөдө авторитардык башкаруу тенденциясы кайра жанданып жатабы деген ойго түртөт. Коронавирус кризиси менен кошо бийлик өкүлдөрү дал ушундай башкаруу ыкмасын пайдаланып жатабы деген суроону пайда кылат. Ошондуктан, ушул сыяктуу мыйзамдарда активдүү позиция болбосо, келечекте дагы улана бериши мүмкүн".

“Талаштуу мыйзамдын” таржымалы

“Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова май айында иштеп чыккан.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, Интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Бул демилге бир ай ичинде коомдук талкуудан жана комитеттерден өтүп, 25-июнда парламентте кабыл алынды. Документ сунушталгандан тарта эле кызуу талкуу менен коштолду. Бир катар активисттер мыйзам кабыл алынып жаткан учурда нааразылык акциясын да өткөрүштү.

Медиа уюмдар мыйзам Конституцияга каршы келерин эскертсе, айрым маалымат каражаттар анын басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG