Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Интернетти чектөө: фейктер азаябы?


Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттик талкуу учурунда сынга кабылды. 

19-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттү.

Анда мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева Интернеттеги чын-төгүнү белгисиз маалыматтар анын жашоосуна да таасирин тийгизип жатканын айтты. Долбоор кабыл алынса, сөз эркиндиги жабыркабай турганын кошумчалады.

Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева. (коллаж)
Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева. (коллаж)

«Мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгондон кийин өзүм тууралуу жалган маалыматтарды уктум. Бул социалдык тармактар менин кайненемди инсультка чейин жеткирди. Мындайда кимге кайрылып, кимди сотко беришим керек? Ар бир адамдын өзүн коргоого укугу болушу керек да. Фейк-аккаунттар адамды каралаганга өтүп алышты. Бул жерде сөз эркиндиги тууралуу сөз жок. Биздин өлкө демократиялуу мамлекет. Бирок мен укугумду, өзүмдү, жакындарымды коргогум келет. Интернет да өзүнчө коом. Ал жерде да өзүнүн эрежелери болушу керек».

Талкууга катышкан «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров долбоор орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынганын айтып, документти кескин сынга алды.

Журналист шайлоо алдында мамлекеттик органдар «жалган маалыматты таратып жатат» деп, көз карандысыз маалымат каражаттарын жаап коюшу мүмкүн экенин белгиледи.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Силер фейк-аккаунттарды аныктай алабыз деп жалган айтып жатасыңар. Интернет-провайдерлер аны аныкташ мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. Жада калса "Facebook" да муну аныктай албайт. Мыйзам долбооруңарда «Интернет сайттар» деп жазылып турат. Сиздер фейктер менен эмес, баарын ачык айтып чыккандар менен күрөшүүнү каалап жатасыздар. Сөз эркиндигине таасири тийбейт дегендин баары калп. Сиз «баңгизат саткандар менен күрөшүү» деп жатасыз. Булардын баары "WhatsАpp" жана "Telegram" аркылуу сатылат. Алар IP-дарегин улам алмаштырып турат. Аларды көзөмөлдөй албайсыңар. Фейк-аккаунттар менен күрөшөбүз демиш болуп маалыматты ачык айтып чыккандардын оозун жабууну каалап турасыңар».

Буга чейин «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан долбоордун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Парламенттеги коомдук талкууга катышкан тарыхчы, журналист Кыяз Молдокасымов долбоорду колдой турганын билдирип, ошол эле учурда мыйзам коррупциялык схемаларды, фактыларды ачык жазып чыккан журналисттерге тоскоолдук жаратпашы керек экенин айтты:

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

«Азыр жаштардын көбү социалдык тармактарда отурат. Алар Интернетте жазылгандарды окуп алып ар кандай агымдарга кирип жатышат. Ушул жагынан бул чоң коркунуч жаратууда. Анан аты-жөнүн ачык жазбай, жеке адамдарга асылуу өтө күчөп кетти. Жакында бизде парламенттик шайлоо болот. Ошондо фейк аркылуу өзүнүн атаандаштарын каралоо башталып, дагы бөлүнүп-жарылуу күчөйт. Муну көзөмөлгө алыш керек. Бирок чындыкты анализдеп жазып, фактынын негизинде коомго алып чыгып, депутаттардын, аткаруу бийлигинин арасындагы коррупцияга аралашкан өзгөчө жагдайларды жазып чыккан журналисттерге бул мыйзам тоскоол болбошу керек».

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган. Долбоор 17-июнда парламентте биринчи окууда кабыл алынып, ага 102 депутат "макул", төртөө "каршы" добуш берди.

Парламенттик талкуу учурунда депутаттар Дастан Бекешов менен Элвира Сурабалдиева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы кабыл алынса, сөз эркиндигине таасир этип, Интернетти көзөмөлдөө чараларынан улам анын ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн экенин, дүйнөлүк желени көзөмөлдөө үчүн азыркы иштеп жаткан мыйзамдар жетиштүү экенин белгилешти.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган.

Документте мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленет. Башкача айтканда, соттун чечими жок эле сайттын ишин токтотуп койсо болот.

Медиа жаатындагы эксперттер жана юристтер долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип, депутаттарды мыйзамды артка чакыртып алууга үндөп жатышат.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

Интернетти чектей турган кезектеги мыйзам

Кыргызстанда Интернетке көзөмөлдүү күчөтүү сунушу биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок. 2018-жылы депутат Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда маалымат мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылган. Жээнбеков бул үчүн атайын орган түзүп, Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин айткан.

2017-жылы депутаттар тобу баракчасына бир күндө миңден ашык адам кирген Интернет колдонуучулардын баарын «блогер» деп атап, алардын тек-жайы тууралуу маалыматтарды ачык жазууга милдеттендирген мыйзамды иштеп чыккан. Авторлор коомчулуктун сынынан улам мыйзамды кайра чакыртып алууга мажбур болушкан.

Кыргызстанда жыл сайын тыюу салынган маалыматтарды тараткан сайт, баракчалар жабылып турат. Башкы прокуратуранын быйыл февраль айында берген маалыматына караганда, 2019-жылы экстремисттик, террористтик жана баңгизаттарды жарнама кылганы үчүн соттун чечими менен 97 сайт, 300 баракча жана баңгизаттарды жарнамалаган 21 портал жабылган.

Коронавирус пандемиясы учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «фейк маалымат тараткан» деген шек менен бир топ кишини кармап, кечирим суратты.

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган соңку 2019-жылдагы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG