Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Медиа коомчулук Интернетти чектөөгө каршы


Иллюстрациялык сүрөт

17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Медиа коомчулук мыйзам долбоорду артка чакыртууга үндөп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды.

Мыйзам долбоор тогуз беренеден турат. Анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Документте мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленет.

Башкача айтканда, соттун чечими жок эле сайттын ишин токтотуп койсо болот.

Мыйзамдын авторлору Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева.
Мыйзамдын авторлору Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоору Интернеттеги жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын, сөз эркиндигине таасир этпей турганын айтты.

Депутат мыйзамдын аткарылышы боюнча техникалык жагын адистер иштеп чыкканын жана өкмөттүн колдоо корутундусу бар экенин билдирди.

“Интернет бул – трафик. Ал жерде да өзүнүн эрежелери болушу керек. Кимдир бирөөгө жаман сөз айтып, басынтпаш керек. Башынан ылдый кир сууну төгүп жамандабаш керек. Тилекке каршы, мындай нерселерди жазгандардын артында ким турганы белгисиз болуп жатпайбы. Түшүнсөңүздөр, алар менен байланыш жок болуп жатат. Сени каалагандай жамандап отура берсе болобу?”, - деди Асылбаева.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө мыйзам Интернетте жайылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганы айтылат.

Депутат Дастан Бекешов Интернетти көзөмөлдөө үчүн азыркы иштеп жаткан мыйзамдар жетиштүү экенин белгиледи. Ал эми сөз болуп жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, аны аткаруу техникалык жактан мүмкүн эмес экенин жана мамлекеттик орган маалыматтын жалган же чын экенине аныктама бере албастыгын айтты.

“Менимче, бул мыйзам долбоору иштебейт. Анткени, Орусияда ушундай эле мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Бирок азыркыга чейин иштебей турат. Ал эми эсктремисттик маанайдагы маалыматтар боюнча маселе биздин мыйзамдарда жөнгө салынган. "Фейк" маалыматтарга каршы күрөшүүгө мен да кошулам. Бирок бул үчүн бизде Жарандык кодекс бар. Мен 2017-жылы мындай маалыматтарды сот чечими менен гана аныктоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштагам, аны депутаттар колдогон эмес. Маданият министрлигинин адиси маалыматтын чын-төгүнүн аныктай албайт”.

Мыйзам долбоорун кароо учурунда кайым айтышуу орун алды.

Депутат Евгения Строкова “Бекешев чет мамлекеттен акча алып мыйзам жазып чыгат” деген маалымат окуганын айтып, кесиптешинен шек санады. Буга Бекешев “мага төлөнгөн акчаны тапсаңыз, сизге берем” деп жооп узатты. Бир гана батири бар экенин айткан Бекешев Строковага “депутат болуп турган маалыңызда кантип байыганыңызды айтай эле коеюн” деди.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы кабыл алынса, сөз эркиндигине таасир этип, Интернетти көзөмөлдөө чараларынан улам анын ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн. Депутат муну менен онлайн бизнес зыян тартат деп кооптонууда.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

“Кыргыздардын эң чоң жетишкендиги - сөз эркиндиги экенин унутпайлы. Коррупцияны жеңген жокпуз, экономика жок. Сөз эркиндиги - эң чоң жетишкендик. Бул бийликке орунсуз жардам берген мыйзам болуп жатат. Мунун азыр кереги жок”.

Парламентте мыйзамды колдогон жана ага каршы болгон депутаттар бир топко кайым айтышты.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда кабыл алынды. Ага 102 депутат макул, төртөө "каршы" добуш берди.

Анткен менен медиа жаатындагы эксперттер жана юристтер долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип, депутаттарды мыйзамды артка чакыртып алууга үндөп жатышат.

«Factcheck.kg» порталынын редактору Болот Темиров буларга токтолду.

“Бул мыйзам "фейк" аккаунттар менен күрөшө албайт. Анткени, ал мыйзамда “ар бир Интернет колдонуучу өзүнүн атын так жазышы керек” деп жазылып турат. Алар “мыйзам чыгыптыр” деп ачыкка чыкмак беле? Алар ошон үчүн "фейк" болуп жүрүшөт да. IP-дареги аркылуу таап алабыз деп жатышат. Бирок бул мүмкүн эмес. Анткени, биздин мамлекет андай деңгээлге жете элек. Бул үчүн "Facebook" сыяктуу социалдык тармактар менен түз иштеш керек. Мен сунушталып жаткан мыйзам долбоорун окуп чыктым. Анын мааниси өзүнүн атын жашырбаган, ошол эле кезде оюн ачык айткан журналисттер же активисттер менен күрөшүү экен. Ал эми фейк-аккаунттар тууралуу айтсам, алар эмнеге пайда болууда? Анткени, эл ошолорго ишенип, чын менен төгүндү айырмалоону билбей жатышат. Эгер мамлекет фейк-аккаунттар менен чындап күрөшөбүз дешсе, анда бала бакча, мектептерден баштап медиа сабаттуулукту арттырып, агартуу саясатын жүргүзүшү абзел”.

Буга чейин «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан мыйзам долбоордун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Ошол эле кезде “Медиа Полиси Институту” уюму “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. Анда ар бир кыргызстандык ой-пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экени, анын пикири кимдир бирөөгө жакпаган күндө да өз ойлору болушу ыктымалдыгын, «ар бир адам өлкөдөгү окуялар тууралуу ой-пикирин айтуу укугуна ээ» экенин эске салган.

Аталган уюмдун жетекчиси Бегаим Усенова мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келерин белгиледи.

"Бул мыйзам кабыл алынса деле толук иштебейт, тандалма иш алып барат”.

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган соңку 2019-жылдагы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG