Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Депутаттар Интернетти көзөмөлдөө сунушталган мыйзам долбоору боюнча кайым айтышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Анда депутат Дастан Бекешов Интернетти көзөмөлдөө техникалык жактан мүмкүн эмес экенин жана мамлекеттик орган маалыматтын жалган же чын экенине аныктама бере албастыгын белгиледи.

“Гүлшат Кадыровна, мен комитетке атайын барып техникалык суроо бергем. Сиз жооп бере албай койгонуңуздан түшүндүм, мыйзамды сиз жазган эмессиз. Мен 2017-жылы сот чечими менен гана аныктоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштагам, аны депутаттар колдогон эмес. Маданият министрлигинин адиси маалыматтын чын-төгүнүн аныктай албайт”, - деди Бекешов.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Бекешовдун мыйзам жазуу боюнча сынына “айыптоодон алыс болууга чакырам” деп жооп берди.

Асылбаева бул мыйзам долбоору Интернеттеги жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын, сөз эркиндигине таасир этпей турганын айтты. Депутат мыйзамдын аткарылышы боюнча техникалык жагын адистер иштеп чыкканын жана өкмөттүн колдоо корутундусу бар экенин билдирди.

Мыйзам долбоорун колдогон депутаттардын бири Евгения Строкова “Бекешев чет мамлекеттен акча алып мыйзам жазып чыгат” деген маалымат окуганын айтып, кесиптешинен шек санады. Буга Бекешев “төлөп берилген акчаны тапсаңыз, сизге берем” деп жооп берди. Бекешев бир гана батири бар экенин айтып, Строковага кайрылып, “депутаттык маалында кантип байыганыңызды айтай эле коеюн” деди.

Парламенттте мыйзамды колдогон жана ага каршы болгон депутаттар бир топко кайым айтышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Документтин түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG