Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

«Media Toptoo»: медианы өзгөрткөн пандемия


25-апрелде «Медиа топтоо – 2020» индустриалдык медиа форуму өз ишин баштады. Өзгөчө абалга байланыштуу иш-чара жылдагыдан айырмаланып, быйыл онлайн форматта өтүп жатат.

Медиа форумдун өзөктүү темалары өзгөчө абалда жашап жаткан Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине байланыштуу тандалган.

Беш күндүк медиа форумда кыргызстандык жана чет элдик адистердин катышуусунда карантиндин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тоскоолдуктары, пандемия учурундагы журналисттердин ишиндеги өзгөрүүлөр тууралуу талкуулар өтүүдө.

Форумдун алгачкы күнүндөгү талкуу панелинде Бишкектеги карантин режими медианын ишин кыйла аксатканы айтылды. Талкуунун катышуучусу, «24.kg» сайтынын редактору Махинур Ниязова Бишкек комендатурасынын сайттын журналисттерине уруксат бербей койгонун эң негизги маселе катары белгиледи.

Махинур Ниязова
Махинур Ниязова

«Өзгөчө абал эми башталганда аккредитация берүү аябай түшүнүксүз жүрүп жатты. Адегенде бизге төрт уруксат кагаз берип, 2-3 күн өтпөй эле кайра ал уруксатты жокко чыгарып коюшту. Акыры алдык. Учурда биздин редакцияда жети уруксат кагазы бар. Алар менен жөө жүргөнгө гана уруксат берилген. Жөө жүрүп шаардын бардык аймагынан кантип материал жасаса болот? Ошондой эле кабарчыларыбыз шаардын четинде турушат. Алардын жумушка келүүсү да маселеге айланды».

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору, талкуунун катышуучусу Жайнак Үсөн жалпы жамааттын 15 пайызга жакыны жумушка чыгып жатканын белгилеп, аккредитация берүүдө КТРКга артыкчылык болду деген кепти четке какты.

Март айынын этегинде Бишкекке өзгөчө абал киргенде бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин вирустун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн.

«Медиа топтоо» форумунун бул жолку уюштуруу иштери айрым медиа кызматкерлери жана жарандык активисттер тарабынан сынга кабылды. Ага Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы директору Илим Карыпбековдун панелдик талкуулардын бирине баяндамачы катары чакырылганы себеп болгон.

Каршы болгондордун бири, «3-канал» телекомпаниясынын директору Жанат Токтосунова өлкөнүн башкы телеканалы аркылуу бир жактуу маалыматтардын жарыялануусуна, оппозициялык саясатчыларды каралоого жол берген адамга сөз берүү менен калыс журнализм принцибине көлөкө түшүп жатат деген пикирде.

«Илим Карыпбековду спикер катары чакыруу акылга сыйбаган нерсе деп ойлойм. Ар бир адамдын басып өткөн жолун караш керек. Андай болсо, коомго зыян келтирип жаткан башка адамдарга, коррупционерлерге өзүн реабилитациялоого, пикирин айтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек да. Мен жаш журналисттер менен иштейм. Аларга чыныгы журналист принципке турган, чынчыл болушу керек деп айтып келебиз. Абройлуу уюмдун бул кадамынан кийин биз аларга кандай үлгү берген болобуз?».

Өз кезегинде форумдун спикери Илим Карыпбеков коомдук телерадиого байланышкан сын медиа талкууга тиешеси жок экенин белгилеп, анын оозун жапкысы келгендерге сөз эркиндиги тууралуу эскертти:

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

«Бул - менин моралдык жоопкерчилигим. Каалаймынбы, же жокпу - бул менин мойнумда кала берет. Мындай талаштын болуп турганы да жакшы. «Медиа топтоо» саясий аянтча эмес да. Мени 250 миңден ашуун окурманга карантин маалында вирус тууралуу маалыматтарды түшүндүрүп келаткан блогер катары чакырышты. Мени сындагандардан көз каранды эмес бул нерсе».

«Медиа Топтоо» форумун уюштуруп жаткан «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулова коомчулуктун сынын туура кабыл аларын, бирок медиа талкуунун өзөгү көп кырдуу адамдардын башын бириктирүү экенин белгилейт.

Элина Каракулова
Элина Каракулова

«"Медиа топтоонун" алдында жарандык коом өкүлдөрү панелдик талкууга чакырылган Илим Карыпбеков боюнча көп сын-пикирлерин айтышты. Албетте биз бул сынды түшүнөбүз, кабыл алабыз. Бул боюнча биздин позициябыз бар. Биз сөз эркиндигин, бардык тараптар менен конструктивдүү талкууну колдойбуз. Бул форум түптөлгөндө эле ыңгайлуубу, ыңгайсызбы, үлгүлүүбү, кемчилиги көппү - бардык медиалар, журналисттер үчүн аянтча катары башталган. Андыктан биз спикерлерди ар тараптан чакырбыз. Биз сөз эркиндиги деп ушуну түшүнөбүз. Балким бир четинен туура эмес кылып жаткандырбыз».

«Медиа топтоо – 2020» III индустриалдык форуму 29-апрелге чейин күн сайын талкуу, презентациялар менен коштолот.

Медиага тиешеси бар адамдардын башын бириктирген иш-чарада пандемия маалында медиа туш болгон маселелерден сырткары, жаңы мүмкүнчүлүктөр, реклама, жаңы форматтарды колдонуу, пландаштыруу, команданы сактап калуу, балдар үчүн контент жаратууга байланыштуу тажрыйбалар, кейстер сунушталууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG