Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин арыбаган арышы


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жумада «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму басма сөз эркиндигине байланыштуу жылдык глобалдык рейтинг боюнча баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы соңку бир жылда бир баскычка жогорулап, 180 өлкөнүн арасынан 82-орунду ээледи. Бирок уюмдун баяндамасында Кыргызстан тууралуу «басма сөз эркиндиги жакшырды, бирок мындан да жакшы боло алмак» деп жазылды.

Бир жылда бир кадам алдыга

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун жылдык глобалдык рейтингинде Кыргызстан 2020-жылдагы басма сөз эркиндигинин абалы боюнча 82-орунга жылды. Былтыр 2019-жылы 83-орунду болчу. Мындан эки жыл мурун, 2018-жылы Кыргызстан 98-катарда турса, былтыркы баяндамада Кыргызстан он беш орунга секирик жасап, алдыга жылганы жарыяланган.

«2017-жылкы президенттик шайлоо алдындагы куугунтук өткөн чакта калды. Бирок иликтөөчү журналисттерге маалымат алуу кыйын болуп жатат. Алар коркутууга, зомбулукка, кибер чабуулдарга туш болуп, суракка тартылып келет. Коррупциянын бетин ачкан материалдар өлкөдөгү эркин журналисттер менен маалымат каражаттары үчүн кооптуу бойдон калууда. Бул Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөдө даана билинди. Мындан тышкары улут аралык мамилелер өңдүү маселелерде журналисттер өздөрү өздөрүн цензуралаган учурлар көп жолугат. Жек көрүүнү козгогон чакырыктар жазаланып келет, бирок «экстремизмге каршы күрөш» деп социалдык тармактардын колдонуучуларын кээ бир учурда негизсиз куугунтуктоого да жол берилет», деп белгилейт уюм.

Бул баяндаманын түзүүчүлөрү быйыл Кыргызстанда сөз эркиндиги оңолгонун белгилеп, бирок абал мындан да жакшы болмок деген оюн билдиришкен. Ошондуктан басма сөз эркиндиги Кыргызстанда өтө жай өнүгүп баратканы көрсөтүлгөн.

Иликтөөгө илинген доолор

Баяндамада маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү дагы эле чектелүү жана журналисттик иликтөө жүргүзүү кооптуу экени айтылды. Мында айрыкча Кыргызстанда чуулгандуу журналисттик иликтөөлөр жарыяланганда, анда ишмердиги баяндалган өлкөдөгү таасирдүү бай адамдар тиешелүү маалымат каражаттарын жана автор-журналисттерге миллиондогон сом доо коюп сотко берген учурлары бар. Алардын соңкусу мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимов "Бажыдагы милилондор" деген журналисттик иликтөөлөрдүн сериясы үчүн анын автору журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом, "Азаттыкка" 22 млн. Kloop медиасына 12,5 миллион сом, 24.kg. маалымат сайтына 15 миллион сом доо койгон. Матраимовдордун үй-бүлөсү быйыл январь айынын этегинде 24 kg маалымат агенттигинен 15 млн. сомдук материалдык доосун артка чакыртып алган. Буга агенттиктин сотто иликтөө материалын көчүрүп гана жарыялаганы тууралуу жүйөсү негиз болгон. Учурда бул доо арызы боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.

Жергиликтүү медиа эксперт Руслан Акматбек бийлик адатта көтөрүлгөн маселенин өзөгүнө көңүл бурбастан, аны иликтеп жазып чыккан тараптын артынан түшүп алган ыкмасы менен сөз эркиндигин басынтып келерин мисал келтирди:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Эгемендиктин тарыхында журналисттер бизде дайыма эле кысымга кабылып келген. Бийлик алмашкан алгачкы жылдарда бир аз эркиндик болуп, анан кандайдыр бир убакыттан кийин эле кайрадан басым башталып келе жатат. Аскар Акаев бийликтен кеткен соң, кийинки келген президенттер Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин алгачкы жылдарында бир аз эркиндик болуп, анан кийин кайра эле бураманы бурай башташкан. Бийлик айтылган маселенин үстүнөн иштебей, аны көтөрүп чыккан журналисттер менен алыша турган адат таап алган. Сөз эркиндиги тууралуу сөз болгондо ал журналисттин эле жеке маселеси болгондой мамиле кылбай, ал жалпы коомдун маселеси экенин туйганда анан жылыш болобу дейм».

Мындан тышкары баяндамада экстремизмге каршы күрөш деген шылтоо менен кээде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына карата негизсиз куугунтук жүрөрү жазылды.​

Сөз эркиндигинин мааниси

Ошондой эле кыргыз медиасындагы плюрализм Борбор Азия чөлкөмүндөгү мурдагыдай эле бирден-бир өзгөчөлүк экени жазылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (ЖМК) плюрализм «Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанга гана таандык экени», ал эми «2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы журналисттерге карата репрессиялар эбак токтогону» белгиленди.

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндиги кыргыз коомунун бийликти көзөмөлдөй турган бирден-бир куралы деп эсептейт.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Мыйзамдын үстөмдүгү орноп, күчтүү жана ачык коом болуп, натыйжалуу мамлекет болуш үчүн бийликтин ээси деп эсептелген эл аны дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Элдик көзөмөлдү камсыз кыла турган нерсе - бул сөз эркиндиги. Эгерде эркин басма сөз болбосо, күчтүү журналистика болбосо бийликти көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Башкача айтканда, коомдун көзү жана кулагы - эркин медиа», - деди ал.

Кыргыз медиасындагы өксүктөр

Ошол эле кезде бул уюмдун былтыркы 2019-жылдагы баяндамасында доо арыздарды калыс карай турган сот жогорку кызмат адамдарынан дагы эле көз каранды экени көрсөтүлгөн. Анан доо арыздарда моралдык зыян үчүн олчойгон кенемте талап кылуу өнөкөтү айтылып, бул жагдай мыйзамдык жөнгө салууга муктаж экени белгиленген. Ошондой эле журналисттер арасында курч темаларды чагылдырууда өзүн чектөө өнөкөтү үстөмдүк кылары көрсөтүлгөн.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов айрыкча адатта журналисттик иликтөө жүргүзүүдө тоскоолдуктар болорун жана журналисттердин кесиптик ишмердигин коргоодо маселе бар экенин айтты:

Марс Төлөгөнов.
Марс Төлөгөнов.

«Адатта курч журналисттик иликтөөлөр коомдук талкуу жаратат. Ошондой коомчулукту кызыктырган маалыматтарды табыш үчүн журналисттин иши мыйзам тарабынан корголот. Журналисттик ишти коргоо тууралуу мыйзамдын 4-беренесинде коомчулуктун кызыкчылыгындагы маалыматты топтоп, кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда журналисттин ишмердигине эч ким тоскоолдук кылбашы керек экени көрсөтүлгөн».

Аймактагы өлкөлөрдөн Казакстан бул рейтингде быйыл 157-орунду ээледи. Өзбекстан биринчи жолу Казакстандан озуп өтүп, 156-баскычка келсе, Тажикстан 161-орунда. ​

​Уюм түзгөн жылдык рейтингде Түркмөнстан менен Түндүк Корея 180 өлкөнүн тизмесинде эң төмөнкү орундарга жайгаштырылган. ​

Ал эми Норвегия, Финляндия жана Дания рейтингде кайрадан сап башында турат.

Уюмдун сөз эркиндигинин деңгээлин аныктоодогу башкы факторлору катары плюрализмдин орду, медианын өз алдынчалыгы, цензуранын деңгээли жана мыйзамдардын кепилдиги көрсөтүлгөн. Рейтингдеги мамлекеттин орду андагы журналисттерге кол салуу, камоо жана кысымга алуу учурларынын санынан да көз каранды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG