Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Медиа чектелген шартта иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын медиа коомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылып, өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуунун жолун сунуш кылды.

Медиа өкүлдөрү республикалык штаб тараткан маалыматтардын көпчүлүгү жараксыз болуп, брифингдерде айтылган сөздөр бири-бирине каршы чыгып жатканын белгилешти.

«ПолитКлиника» онлайн медиасынын кызматкерлери Кыргызстандагы көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттериндей эле үйдө иштеп жатышат. Сайттын башкы редактору Дилбар Алимова Бишкекте жана айрым шаарларда киргизилген өзгөчө абалдан улам ЖМКларга коюлган чектөөлөр коомчулукка так маалымат жеткирүүдө кедерги болуп жатат деп эсептейт.

«Бул мамлекетте маалыматтык саясат аксап жатканын түшүндүрөт, - деди ал. - Өзүлөрү туура эмес маалыматтарды берип алып, элди дүрбөлөңгө салышууда. Алар айткан маалыматтарды биз дароо жазабыз, ал канча деген кишиге тарап кетет. Кийин «туура эмес маалымат берип алыптыр» деп аны оңдоп жазганыбыз менен маалымат баарына эле жете бербейт да».

Брифинг учурунда так эмес маалымат берилип, кийин аны өзгөртүп же тактоо киргизген учурлар кездешүүдө. 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылганын айткан. Жарым саат өтүп-өтпөй Жалал-Абаддагы оорукана эмес эле, Оштогу балдардын инфекциялык стационары убактылуу жабылганы белгилүү болгон.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун брифингде дарыгерлерге төлөнчү компенсация боюнча айтканы да ача пикирлерди жаратты. Ага улай эле Ошто дарыгерлердин бири коронавирусту умрага барып келген кошунасынын чайына барып, ошол жактан жугузуп алганын айтканы дарыгерлерди нааразы кылды. Ак халатчандар бул маалыматты четке кагып жатышат.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында өзгөчө абал киргизилгенден бери республикалык штаб мамлекеттик телеканалдар, радио жана алардын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу онлайн брифинг, басма сөз жыйындарын уюштуруп жатат.

Күн сайын өтүп жаткан брифингдерде Саламаттык сактоо министрлиги бир суткада канча кишиге коронавирус жукканы, айыккандар жана каза болгондор тууралуу статистикалык гана супсак маалыматтарды берет. Аймактагы комендатуралар болсо коменданттык саатты бузуп кармалгандар, берилген өткөрмө кагаздар тууралуу айтышат. Брифингде аларга суроо берүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Айрым учурларда басма сөз жыйындары уюштурулуп, анда журналисттер алдын-ала суроолорун жиберип жооп алышат. Бирок кошумча суроо узатууга дайыма эле мүмкүнчүлүк болбойт.

Сайт, радиолор мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп жатышат. Ал эми «Next ТВнын» башкы редактору Кубатбек Айбашов телеканалдардын иши дээрлик токтоп калганын айтты:

«Тележурналисттер камера менен иштейт. Алар окуяны камера менен көрсөтүп бериши керек. Бизде болсо азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Уруксат берилбегендиктен журналисттер менен операторлорду үйлөрүнө кетиргенге мажбур болдук. Жаңылыктарды айла жок токтоттук. Андан тышкары учурда бизде штабдын маалыматынан тышкары альтернативалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Штаб гана маалымат берет. Биз болсо алардан эл талап кылган маалыматты ала албайбыз».

Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу Кыргызстандын медиа коомчулугу өкмөткө жана Бишкек комендатурасына кайрылды. Анда республикалык штаб жөнөткөн жана брифингдерде айтылган маалыматтын көбү жараксыз болуп, журналисттердин суроолору жоопсуз калып жатканы айтылат.

Республиканын каалаган аймагына барып, тоскоолдуксуз иштөө укугуна мамлекеттик каналдар ээ экени, бирок алар коомчулукту кызыктырган курч суроолорду бербегендиктен, элдин маалымат алуу укугу чектелип жатканы да белгиленди. Кайрылууда айтылгандай, Конституцияда жана мыйзамдарда өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине тыюу салуу же чектөө каралган эмес.

Юрист, медиа эксперт Акмат Алагушев да журналисттердин ишин чектөө мыйзамсыз экенин билдирди:

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

««Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамда «ушундай кырдаалда ЖМКларды аккредитациядан өткөрүш керек» деп жазылып турат. Коңшу Казакстанда деле ЖМКлар өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз иштей турган ишканалардын тизмесине кирип, журналисттери эркин эле иштеп жатат. Кыргызстанда эле эмне үчүн чектөө коюлат же эмне, булар бир нерседен коркуп жатышабы? Өкмөт тескерисинче маалыматтык боштукту пайда кылып, көп суроону жоопсуз калтырып коюуда. Бул туура эмес. Мыйзамсыз».

Мамлекеттик жана эркин маалымат каражаттарына карата тандалма мамиле боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир катар депутаттар бул чечимди сынга алышкан. Журналист Тынчтык Алтымышев буга чеийин «Азаттыкка» берген комментарийинде айтканы бар.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

«Менимче медианы чектөө комендатуранын эле эмес, жогору жактын буйругу менен болду окшойт. «Биз эмнени берсек, ошону гана жазгыла» деген мамиле туура эмес. Маалыматты кыскан сайын ал ошончолук кесепетке алып келет. Журналисттерди антип тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу», - деген эле Алтымышев.

«Супер-инфо» гезити жана сайтынын кызматкерлери да үйдөн иштеп жатышат. Гезиттин директору Шаиста Шатманова журналисттерге коюлган чектөөнүн кесепеттерин санап берди:

«Үйдө отуруп иштегенди толук жумуш деп айта албайсың. Себеби, журналисттердин иштөө мүмкүнчүлүгү 60% чейин чектелип калды. Эң жаманы - өкмөт алар менен болгон байланышты атайын эле токтотуп койду. Анткени мамлекеттик кызматкерлерге суроо берип микрофон суна албайсың. Ал эми «Телеграм» канал аркылуу журналисттер берген суроонун 90% игнор болууда. Биз алар берген гана маалымат менен чектелип калдык».

Кыргызстанга салыштырмалуу сөз эркиндиги начар деген өлкөлөрдө да пандемияга байланыштуу өзгөчө абалда журналисттер тоскоолдуксуз иштеп жатышат. Кыргызстандын медиа коомчулугу өз кайрылуусунда «басылманын башкы редактору кол койгон кызматтык күбөлүк жана тапшырма кагазы бар журналисттердин сыртка чыгып иштешине уруксат бериш керек» деп белгилеген.

Макала даярдалып жатканда өкмөттүн басма сөз кызматына чалып, буга чейинки эле жоопту алдык. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «учурда жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо менен алектенип жаткандардын жүйөлөрү таасирдүү болууда» деп билдирген.

Ал эми Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиевге жиберген сурообузга өкмөттүн басма сөз кызматы жооп алып бере алган жок. Өзү менен байланышканыбызда:

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Мен сиздин телефонуңузду басма сөз катчы Улан Жумаковго берейин. Ал сиз менен байланышат. Мен азыр жыйындамын», - деген Орозалиев кийин телефонун көтөргөн жок. Ал эми шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча баяндамачылары коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалда жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши чектелишин сынга алышты. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө адамдын саламаттыгы медициналык жардамдан гана эмес, коопсуздук тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн да көз каранды экендиги айтылат.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG