Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июнь, 2020 жума, Бишкек убактысы 01:28

Медиа чектелгенде ушактын күнү тууду


Жалган маалымат таркатты деп кармалгандардын бир бөлүгү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет берген сүрөттөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө абал убагында жалган маалымат тараткан 20дан ашык кишини кармады. Алардын көбү коронавирус жөнүндө туура эмес нерселерди жазган деп шек саналууда.

Бирок адистер мындай чара азыраак натыйжа берерин, тескерисинче расмий кабарларды көбөйтүш керек экенин белгилешүүдө. Бирок ошол эле кезде Бишкек комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбүнө чектөө койгон.

Жалган маалымат тараткандар парады

Өзгөчө абал киргизилген 25-марттан бери дээрлик күн сайын «жалган маалымат таратты» дегендерден бир-экөө кармалып жатты. Алардын көбү ар кайсы аймактардан коронавирус жуккандар жөнүндө такталбаган кабарларды социалдык түйүндөрдөн, мессенжерлерден ар кимге жөнөткөн. Арасында санитардык посттордогу жана ооруканалардагы жагдайлар тууралуу жазгандары болгон.

Атайын кызмат тараткан видеодо алардын баары кармалгандан кийин өз аракеттерине өкүнгөнүн моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурашты.

«Мен дүкөндө азык-түлүк алып жатып, биздин Сокулук районунда да адамдардан коронавирус табылганын угуп калып, таратып жиберипмин. Бул туура эмес маалымат экен. Жалган маалымат таратканым үчүн элден кечирим сурайм. Бүгүнкү күндө биздин райондон бул илдетти жугузгандар табыла элек экен», - деди кармалгандардын бири.

УКМК 18-мартта республика боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып эпидемияга байланыштуу жалган маалымат тараткандарды кармай баштаган. 25-мартта айрым шаарлар жана райондор өзгөчө абал тартибине өткөндөн бери бул чара дагы күчөтүлгөн.

Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.
Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы берген расмий пресс-релиздерди карап чыгып, бул мөөнөт ичинде мекеме 20дан ашык тургун кармалганын санап чыктык. Алардын ичинде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, түрдүү курактагы жана ар башка социалдык катмарлардагы жарандар бар экени көрүнөт.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул аракеттер улантыларын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Учурда жалган маалымат тараткандардын аракеттерине юридикалык баа берилип жатат. УКМК коронавирустун жайылышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук саясий абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди улантып жатат. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат».

«Расмий маалыматтын аздыгы ушуга алып келет»

Жалган маалымат тараткандардын кармалышын коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда колдогондор көп. Кубаттагандар аларга чара көрүлсө, калкты дүрбөлөңгө түшүргөндөр азаят эле деп эсептешет.

Ошол эле кезде эпидемиялык кырдаал тууралуу расмий маалыматтардын аздыгы, ачык-айкындыктын жок болуп жатканы ушуга алып келип жатканын айткандар да бар. Ошондуктан айрымдар бул чаралар тескерисинче кымгуут маалда жарандардын үшүн аларын белгилешет.

1-апрелдеги парламент жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева да ушул темага кайрылып, атайын кызматты сындап өттү:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Урматтуу УКМКнын өкүлдөрү, маселен «Сокулукта 1987-жылкы бала райондо коронавирус табылганын айтып алдап жатат, айыбын мойнуна алды» деп, кечирим суроого мажбурлап жатасыңар. Силер кимди алдап жатасыңар? Сокулукта 40 киши чын эле карантинде жатат. Муну эмне, калп деп айтасыңарбы? Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басарын баягүнү кечирим сураттыңар. Ашыкча кетпегиле. Алар айтып жаткан нерселер чын болуп жатпайбы! Чыгары менен биринчи айтып чыккандарды коркутуу туура эмес. Болгон нерсени болгондой айтыш керек. Сокулук районунда ошондой болуп жатканын мен депутат катары ырастайм».

Журналист Тынчтык Алтымышев да жалган маалымат таратуу туура эмес экенин белгилеп, бирок айрым жарандар жакындарынын коопсуздугу үчүн билген нерселери менен бөлүшөбүз деп жатып ушундай жагдайга кабылып жатканын эске салды. Ал муну коронавируска байланыштуу штабдын, шаар, аймактардын комендатураларынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жеткиликтүү кабар бере албай жатканынан көрөт.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

«Расмий маалыматтар чектелүү болуп жаткандыктан, жаап-жашыруудан улам болуп жатат. Маселен, Көлдөгү фактылар боюнча мага эки күн мурун эле кабар келген. Маалымат колумда турган, чыгарайын десем, тигилер мени жалганчы кылып салышы мүмкүн эле. Бирок алар эмне үчүн аны эки күн бою кармап, анан беришти? Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Убагында айтып, «бул айылдан чыкты, бул жакка жаткырылды, мындай дарыланып жатат» деши керек эле да. Антпегенден кийин фактыны көрүп-билгендер жакындарын сактыкка чакырып, «тиги жерде чыгыптыр, этият болгула» деп айтып жатышат да. Ошентсе эле анан жалган маалымат таратты деп баса калышканы туура эмес го дейм», - деди ал.

Мындан тышкары эркин басылмалардын ишине чектөө коюлуп жатканы да бир топ маалыматтык боштукту жаратып жаткандай. Өзгөчө абал киргенден бери мамлекеттик айрым телеканалдардан сырткары көпчүлүк медиалар үйдөн гана иштөөгө өтүштү. Алардын жок дегенде төрт-беш кабарчысына кеңсеге барып келүүгө уруксат алуу, өткөрмө алуу тууралуу өтүнүчтөрү каралбай келет.

Журналисттерди тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу.

«Менимче медианы чектөө комендатуранын эле эмес, жогору жактын буйругу менен болду окшойт. «Биз эмнени берсек, ошону гана жазгыла» деген мамиле туура эмес. Маалыматты кыскан сайын ал ошончолук кесепетке алып келет. Журналисттерди антип тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу. Маселен, коронавируска каршы ачылган атайын эсепке жалаң өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды кошуп алышыптыр. Жарандык коомдун эки өкүлүн кошкон экен, алар да чыгып кетиптир. Ошол жакта журналисттер болсо элге ачык-айкын маалымат берип турмакпыз», - дейт журналист Тынчтык Алтымышев.

Бир катар шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилген 25-март күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев «журналисттер топтошуп иштебей турганын, андыктан аларга чектөө коюлбай турганын» билдирген. Беш күндөн кийин, 30-мартта өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, кабарчыларга кайра чектөө коюларын айткан.

Ошол эле күнү бул жагдай бир катар уюмдардын жана укук коргоочулардын сынына түрткү болгон. 30-мартта билдирүү тараткан «Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келерин эскерткен. Уюм чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбей турганын белгилеген.

1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанарбек Акаев менен Садык Шер-Нияз өзгөчө абал учурунда эркин маалымдоо каражаттарын чектөө коюлганын сынга алып, чектелүү кабарчыларга өткөрмө берүүгө чакырган. Кийин Бишкек шаардык комендатурасы билдирүү таратып, өз позициясында каларын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG