Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:27

Кыргызстан БУУда адам укугу боюнча маалымат берди


Нуран Ниязалиев

Кыргызстан 20-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы адам укуктары боюнча кеңешинде өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берип, акыркы төрт жыл ичинде аткарылган иштерди тизмектеди.

Отчётто улуттук укук коргоо институттарынын иши, мыйзамдык актылар, сот реформасы, гендердик теңчилик, аялдардын укуктары темалары камтылган. Ошондой эле коомдук коопсуздук, терроризмге жана экстремизге каршы күрөш, адам сатуу, коррупция, мыйзамсыз маңзат ташуу, үй-бүлө институту, жакырчылык, майыптардын абалы, сөз эркиндиги, кыйноо жана зордук-зомбулук фактылары учурундагы адам укуктарынын корголушу да бар.

Кыргыз өкмөтүнүн адам укуктары боюнча отчётун даярдоодо эл аралык жана жергиликтүү 15 уюмдун сунуштары да эске алынган.

Жыйын учурунда БУУга мүчө бир катар өлкөлөр Кыргызстанды жарандык коом менен кызматташуу, дин тутуу эркиндиги, сөз эркиндиги, азчылыктардын, аялдар менен балдардын укуктары жаатындагы иштерди жакшыртууга үндөдү.

Өлкө БУУда адам укуктары боюнча акыркы ирет 2015-жылы декабрда отчёт берген.

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жетектеп барган делегация өз баяндамаларында Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатында позитивдүү жылыштар болуп жатканын белгилешти.


Кыргызстанда былтыр 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирген. Өкмөт өкүлдөрү бул мыйзамдарды гумандаштыруу жана эл аралык эрежелерге шайкеш келтирүү үчүн жасалганын белгилешти. Кыйноого каршы улуттук борбор 2015-жылы БУУнун сунуштарынан кийин түзүлгөн.

Кыргыз делегациясын жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, сөз эркиндигинин абалына да токтолду.

- Кыргызстандагы плюрализм жана сөз эркиндиги эгемендик жылдары жетишкен өлкөнүн өзгөчө сыймыгы. Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана медиа каражаттары эч бир тоскоолдуксуз өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп коюу керек. Алардын катталуусуна жана иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук жана кандайдыр бир мамлекеттик цензура жок. Чек арасыз кабарчылар уюмунун 2019-жылдын апрелиндеги рейтинги боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунда турат. Өз рейтингин 15 баскычка жакшырткан.

Нуран Ниязалиев жергиликтүү кеңештерде жана Жогорку Кеңеште аял депутаттарга орун берилгенин, ишкерлерди колдоо боюнча атайын омбудсмен иштеп жатканын белгиледи.


Кыргызстандык делегациянын дагы бир мүчөсү, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева өлкөдө аялдардын орду бийик экенин айтып, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укугун коргоо боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн маалымдады:

- Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өлкөдө 27 комитет ачылган. Мындай комитеттерди ар бир айыл аймагында ачуу максатыбыз бар. Өлкөдө 14 кризистик борбор ачылган, быйыл эки мамлекеттик кризистик борбор кошумча ачылат. Ала качуу жана эртелеп нике кыюуга каршы 2017-жылдан тарта атайын программа иштеп жатат.

Кыргызстандан барган делегация мындан тышкары эне-баланы колдоо үчүн жөлөк пул, сүйүнчү пул берилип жатканын, гендердик маселе, соттук-укуктук реформалар боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу да маалымат берди.

БУУнун айрым мүчөлөрү Кыргызстан бийлигинен адам укуктарын сактоодо, зомбулукту азайтуу багытында, улуттук жана жыныстык азчылыктардын укуктарын коргоодо алгылыктуу иштерди алып барууга тийиш экенин белгилеп, сунуштарын айтышты.


Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү "2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууну сунуштады:

- Укук коргоочулардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн укуктарын коргоону камсыздоону сунуш кылабыз. Активисттер өз иштерин куугунтукка кабылабыз деп коркпостон жасай алышы керек. Ошондой эле биз укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке чыгышын камсыздоону сунуштайбыз. Биз Кыргызстанга аялдарды зордук-зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо боюнча эл аралык стандарттарды аткарууну сунуш кылабыз.

Кыргызстандагы сот тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасаган Кеңешбек Токтомамбетов айтылган сунуштарга жооп берип жатып, Азимжан Аскаровдун ишине да токтолду.

- Азимжан Аскаровду бошотууга көмөктөшүү тууралуу Финляндия менен Ирландиянын сунуштары тууралуу төмөнкүлөргө токтолом: Аскаровдун кылмыш иши Кыргызстандын соттору тарабынан мыйзамдарга шайкеш каралып, иштин материалдарына тиешелүү юридикалык баа берилген. Акыркы маалыматка ылайык, Аскаровдун саламаттыгы канааттандырарлык. Аскаровго эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү тынымсыз киргизилип турат. 2020-жылдын 13-январында Жогорку сотко кассациялык арыз келип түштү. Ал жакынкы арада каралат.

Баяндамада белгиленгендей, 2015-2018-жылы ала качуу фактысы боюнча 165 кылмыш иши козголсо, анын 132си сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 2012-жылдан 2018-жылга чейин каралган кыйноо боюнча иштердин ичинен 18 кызмат адамы күнөөлүү деп табылган. Алардын ичинен 14 милиционер болсо, төртөө түрмө кызматкери.

Ошондой эле баяндамада 2014-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда жакырчылык кыскарганы, 2014-жылы 30,6% болсо, былтыр ал 22,4% түзгөнү белгиленет.

Кыргыз өкмөтүнүн адам укуктары боюнча отчётун даярдоодо эл аралык жана жергиликтүү 15 уюмдун сунуштары да эске алынган. «Бир дүйнө-Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды айтты:

- Жакшы иштерди да айта алабыз. Мисалы, Кыйноого каршы улуттук борбор иштеп, алардын күндүр-түндүр көзөмөлдөгөнгө укуктары бар. Ал борбордун ишин мындан да кеңейтип, күчөтүш керек. Экинчиден, бул баяндамага канааттанбайбыз. Анткени аялдардын жана балдардын укуктары тепселенип, зордук-зомбулук күчөп жатат. Бул эмнеден улам болуп жатат деген маселени карай турган болсок, ал жумушсуздуктан жана жакырчылыктан улам болуп жатат. Бүгүнкү күндө чоң кафе-ресторандарда маянасын бербей, студенттердин эмгегин колдонуп жатышат. Кыргызстанда азыр мыйзамдар иштебей жатат. Бул - абдан өкүнүчтүү. Ошондой эле Азимжан Аскаровго дискриминацияга кабылып, акыйкат сотко мүмкүнчүлүк берилбей, бошотулбай жатат. Аны бошотуу боюнча БУУнун чечимдери бар да.

"Кыргызстанда мыйзамдар иштебей жатат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00
Түз линк


Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Бул - Кыргызстандын адам укуктары боюнча үчүнчү улуттук отчёту.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG