Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

«Тажиктелеком» Интернетти толук көзөмөлгө алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Тажикстанда Интернет толук өкмөттүн колуна өттү. Тажикстанда мобилдик компаниялар менен интернет- провайдерлер эми трафикти бир гана өкмөттүк «Тажиктелеком» мекемесинен сатып ала алышат.

Мурда жергиликтүү провайдерлер Интернетти Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдан алышчу. Эми буга тыюу салынды.

«Тажиктелеком» мамлекеттик компаниясынын жетекчилиги бул иштер өкмөттүн «Бирдиктүү коммутациялык байланыш борборун түзүү» тууралуу токтомунун негизинде жасалып жатканын айтышууда.

Тажикстанда чөнтөк телефон чукулап бараткандар.
Тажикстанда чөнтөк телефон чукулап бараткандар.

Тажик бийлиги мындай борборду түзүүнү эки жыл мурун чечкен. Анда мындай кадамдар улуттук коопсуздукту камсыздоого, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталганы айтылган.

Бирок мобилдик компаниялар менен интернет- провайдерлердин трафикти «Тажиктелекомдон» башка компаниялардан сатып алуусуна тыюу салынары жөнүндө ал кезде сөз болгон эмес.

Өкмөт борбордун курулушуна 50 миллион доллар сарптаган. Эми ал өкмөткө жана атайын кызматтарга өлкөдөгү бардык байланыш каражаттарын тескөөгө чексиз мүмкүнчүлүк берет.

Атайын кызматтар өз алдынча телефондогу сүйлөшүүлөрдү тыңдап, интернет булактарга чектөө киргизип, керек болсо жергиликтүү провайдерлерди жана колдонуучуларды өчүрүп сала алышат.

Тажикстандагы интернет-провайдерлердин өкүлдөрү бул кырдаал боюнча ой бөлүшүүдөн баш тартышты.

- Алар өкмөттүн бирдиктүү коммутациялык борбор түзүү тапшырмасын аткарып жатышат. Биз үстүдөн ишаарат болмоюнча бул жерде эч нерсе өзгөртө албайбыз, - дейт «Интернет саясаты боюнча жарандык демилге» коомдук фондунун жетекчиси Мухаммади Ибодуллоев.

Ал эми мобилдик компаниялардын жетекчилери мындай чектөөнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү суранып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Алар «Интернетке өкмөттүк монополия киргизилбеши керек» деген ойдо.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ал эми Тажикстандын калкы Интернет акысы көтөрүлбөй, байланыш ылдамдыгы жогору болсо, аны ким сатаары маанилүү эмес деген ойлорун айтышкан.

Мобилдик жана интернет байланыштарга жалгыз ээлик кылган «Тажиктелеком» мамлекеттик компаниясынын иши кокустан токтоп калса, жалпы Тажикстанда байланыш жоголуп кетиши мүмкүн деп чочулагандар да бар.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму мурда эле Тажикстанды басма сөз жана Интернет эркиндиги канааттандырарлык эмес «кызыл аймак» деп тааныган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG