Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Тажик "жихадчылары" кайрадан Сирияга кетишти


Сирияга кетти деген тажиктер.
Сирияга кетти деген тажиктер.

Сирия менен Ирактан мекенине кайтып келген 30дан ашык тажик жараны кайра террорчул топтордун катарына кошулуп кеткени белгилүү болду. Тажик бийлиги Согди облусунун бул тургундарына согуштук аракеттерден өз эрки менен кайтып келгени үчүн ырайым берген болчу.

Сирия менен Ирактан кайтып келген тажик жарандарынын баары эле радикалдуу ойлорунан баш тартпаганын 2-февралда Согди облусунун милиция башчысы журналисттерге билдирди.

Кудратулло Назарзода облустун 34 тургуну согуш жүрүп жаткан аймактардагы жоочулардын катарына кайра кошулганын айтты. Бирок ал тажик атуулдары кандай жол менен, качан өлкөдөн чыгып кеткенин тактаган жок.

"Соңку жылдары облустун 72 тургуну өз ыктыяры менен чет өлкөлөрдөгү согушкерлер топторуна кызмат кылуудан баш тартып, мекенине кайтып келишкен. Өкүнүп жатканын айтышкан. Бийлик аларга ырайым кылган эле. Бирок алардын 38и гана тынч жашоону тандап алышты. Калгандары кайра Сирия сыяктуу согуш жүрүп жаткан аймактарга чыгып кетишти",-деди Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Назарзода.

Ал тажик бийлиги кечирим берген мурдагы согушкерлердин бири жарандарды кайра согушка азырганы аныкталганын, бул боюнча кылмыш иши ачылганын кошумчалады.

Сирияда согушка катышкан борборазиялыктар.
Сирияда согушка катышкан борборазиялыктар.

2015-жылы Тажикстан Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерден өз ыктыяры менен баш тарткан жарандарына ырайым бермей болгон. Анын алкагында ондогон мурдагы согушкерлер Тажикстандагы кадыресе турмушуна кайтууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Нью-Йорктогу "Соуфан" иликтөө борборунун 2016-жылдагы маалыматына ылайык, Тажикстандын 1600дөй жараны Жакынкы Чыгыштагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарына кошулуп кеткен. Бирок тажик Ички иштер министрлиги согушкерлердин катарын толуктаган тажик атуулдарынын санын 1100 деп көрсөткөн. 2015-жылдан бери алардын 300дөйү мерт болгону аныкталса, 100дөйү мекенине кайтып келген.

Бирок артка кайткандардын баары эле оңолуп кетпегенинин себебин тажикстандык юрист-адвокат Бахтиёр Насруллоев мындайча түшүндүрөт.

"Бул адамдар Сирия менен Иракта радикалдуу ойлорго катуу сугарылып калышкан. Алар мекенине кайтышканда эч бир экономикалык же юридикалык маселелерге туш болушкан жок. Бирок экстремисттик топтун ичинде үйрөнгөндөрүн унута алышпаганы бышык".

2015-жылы тажик полковниги Гүлмурод Халимов “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткени белгилүү болгон.
2015-жылы тажик полковниги Гүлмурод Халимов “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткени белгилүү болгон.

АКШдагы “Соуфан” иликтөө борборунун маалыматы боюнча, "Ислам мамлекети" уюму 2014-жылы халифат түзүлгөнүн жарыялагандан кийин дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн 40 миңдей адам жихадчылардын катарына кошулган. Алардын арасында мурдагы советтик өлкөлөрдөн чыккан 10 миңдей киши болгон.

Былтыр жыл соңунда Сирия жана Ирактын бийлик өкүлдөрү Жакынкы Чыгышта "Ислам мамлекети" тобу талкаланганын жарыялашкан. Азыр бул топтун согушкерлеринин канчасы аман калганы, алар кайда экени так белгисиз.

Бирок эксперттер Жакынкы Чыгыштагы жоочулар Ооганстанга жер которуп жатканын айтып келишет. Тажикстандын атайын кызматтары да тажик "жихадчылары" ооган тарапка ооп жатышы мүмкүндүгүн четке кагышпайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG