Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Парламент Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды


17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Ага 102 макул, төрт депутат каршы добуш берди.

Парламенттте мыйзамды колдогон жана ага каршы болгон депутаттардын талкуусу кайым айтыш менен коштолду. Каршы болгон депутаттар Интернетти көзөмөлдөө техникалык жактан мүмкүн эмес экенин жана мамлекеттик орган маалыматтын жалган же чын экенине аныктама бере албастыгын белгилешти.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоору Интернеттеги жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын, сөз эркиндигине таасир этпей турганын айтты. Депутат мыйзамдын аткарылышы боюнча техникалык жагын адистер иштеп чыкканын жана өкмөттүн колдоо корутундусу бар экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Документтин түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

Буга чейин «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

XS
SM
MD
LG