Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Чоробек Сааданбеков: Жамандыктын баарын Интернеттен көрбөш керек


Чоробек Сааданбек
Чоробек Сааданбек

Интернет доорунда балдарга анын кесепети тиет деп кооптонууга негиз барбы? Бул суроо менен кыргыз википедиясынын негиздөөчүсү, "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбекти кепке тарттык.

"Азаттык": Киберкоопсуздук, балдардын Интернетке байлануусу жөнүндө кооптонуу күчөп, коңгуроо көбүрөөк кагыла баштады. Буга негиз барбы?

Сааданбеков: Кибердүйнө биздин жашообузга улам сүңгүп кирип жатат. Ошондуктан, интернет колдонуучулар анын кооптуу жактарын билбей, кандайдыр бир ыңгайсыздыкка кабылган учурда кооптонуу күчөйт.

Мисалы, ата-энелер акыркы убакта ар кайсы социалдык тармактардагы түрдүү тесттер аркылуу белгисиз бирөөлөргө өздөрү тууралуу маалымат берип жатышат. Бирок өздөрү киберкоопсуздук тууралуу сабатын жойбой туруп, балдарга көз карашын таңуулап жатышат. Эгер киберкоопсуздук сабатыбыз жоюлса, анын балдарга деле өтө кооптуу эмес экенин билмекпиз.

"Азаттык": Ата-энелер көбүнчө балдарын Интернеттеги порнографиялык жана агрессивдүү мүнөздөгү сайттардан, видео жана башка маалыматтардан коргоого аракет кылып жатышпайбы?

Мисалы, ата-энелер акыркы убакта ар кайсы социалдык тармактардагы түрдүү тесттер аркылуу белгисиз бирөөлөргө өздөрү тууралуу маалымат берип жатышат.

Сааданбеков: Ата-эне баласын кибердүйнөнүн коркунучунан сактап калгысы келсе, ага аракет кылышы керек. Мисалы, "Youtube" сайтында балдар үчүн тандалган контентти гана көрүүгө уруксат берип, калган шектүү сайттарга чектөө киргизип кое алат.

Баланын кайсы сайттарга кирип, эмнени көрүп жатканын Интернетке туташуучу булактан деле билсе болот. Кибердүйнөнүн коркунучунан балдарды коргоонун жүздөгөн жолу бар. Тилекке каршы, ата-энелер бул тууралуу билбейт.

"Азаттык": Ата-энелер үйдө же мектепте мындай терс мүнөздөгү интернет булактарына чектөө коюп, ага тыюу салышы мүмкүн. Бирок балдар андай сайттарга башка жактан, досторунун үйүнөн, коомдук жайлардагы интернет таратуучу булактардан деле кире бириши ыктымал да?

Сааданбеков: Андай коркунуч Интернет жок кезде деле бар болчу. Мисалы, менин балалыгым совет доорунда өттү. Өспүрүм куракта сексуалдык кызыкчылык пайда болот эмеспи. Ошол кезде Интернети жок эле эротикалык маанидеги сүрөттөрдү таап, көрүүгө жол бар болчу. Киши кааласа, кайдан болсо да табат. Порнографияга чектөө жок өлкөлөрдө сексуалдык зомбулук азыраак экени белгилүү.

"Азаттык": Деги эле интернетке көз карандылык пайда болот деген кооптонууларга кандай көз караштасыз?

Киши кааласа, кайдан болсо да табат. Порнографияга чектөө жок өлкөлөрдө сексуалдык зомбулук азыраак экени белгилүү.

Сааданбеков: Интернет Кыргызстанга жаңыдан келген жылдары өспүрүм балдар интернет кафелерде түрдүү оюндарды ойноп, андан күнү-түнү чыкпаган учурлар болгон. Ошол кезде да мугалимдер, ата-энелер "балага интернет зыян, интернет кафенин иштөө убактысын чектейли" деген сунуштарды көп айтышкан. Ошол кездеги балдар азыр 30-40ка чыгып калды. Алардын баары интернетке байланып калбаганын көрүп жатабыз. Тескерисинче, бизден акылдуу, көп нерсени билген муун өсүп чыкты. Ошондуктан, бар жамандыктын баарын Интернеттен, кибердүйнөдөн көрүп, аны чектей берүүнүн зарылдыгы жок.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

"Арай көз чарай": Интернетти ооздуктоо аракетинен майнап чыгабы? 21-январь, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG