Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% Интернетте өздөрүн коопсуз сезишет. Анткен менен бул изилдөөнү өткөргөн "M-report" улуттук стратегиялык изилдөө институту ар кандай кооптуу жагдайлардын алдын алыш үчүн көп иш жасалышы керек экенин белгилеген.

Кыргызстандык ата-энелер балдарын ар кандай пайдасыз жана зыяндуу сайттардан кантип коргошот? Кооптуу жагдайлардын алдын алуунун кандай жолдору бар?

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

Кыргызстанда интернет-сайттардагы порнографиялык кинолорго, видеоклиптерге эч кандай чектөө жок. Андан тышкары “жылаңач баатырлар” тууралуу тасма көргүсү келгендер жашына карабай каалаган жеринен 30 сомдук дискти сатып салса, же порно-сайттарды тоскоолдуксуз эле таап алса болот.

Кыргызстандагы көпчүлүк наристелер сыяктуу эле Венера Шабданованын балдары да Интернеттен оолак калган эмес. Анын төрт баласы өз жаштарына ылайык Интернеттеги "YouTube" каналынан ар кандай мульфильм, ыр-чоор, оюнчук тууралуу тартылган видеолорду көрүшөт. Венера күндүз жумушта болгондуктан балдар чоң апасынын көзөмөлүндө. Ошентсе да балдары Интернеттен эмнени көрүп, ким менен сүйлөшүп жатканын көзөмөлдөөгө туура келерин айтып жатат:

- Балдарды Интернетте көп отургузбаганга аракет кылабыз. Азырынча балдар кичине, айтканыбызды угат. Бир аз чоңойсо кыйынырак болуп калат го? Балдар азыр мультфильм көрөт, корейлердин ырларын угушат. Анча-мынча дүйнөдө эмне болуп жатканын балдардан угуп калам. Алар эмнени көрүп жатканын артынан кирип, караганга туура келет.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кошулат. Бул болсо жарым секунда сайын бирден бала Дүйнөлүк желеге кошулуп, түрдүү мүмкүнчүлүктөргө, ошол эле учурда ар кандай коркунучтарга да кабылышы ыктымал дегенди билдирет.

Уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде кооптуу жагдайлардын алдын алыш үчүн окутуучулардын, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле ата-энелердин билимин жогорулатуу зарыл деп эсептейт.

- Интернет жана санарип технологиялары дүйнөдөгү балдарга бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен, жаңы коркунучтарды жана кооптуу жагдайларды да жаратууда. Балдар ошол коркунучтарга туш болушу ыктымал. Буга балдардын жеке маалыматтарынын купуялуулугуна байланыштуу жана башка бир катар мисалдарды келтирүүгө болот. Бүгүн Интернет жашоо-турмуштун бир бөлүгү болуп калганын ата-энелер да кабыл алышы керек. Мындан эч жакка кете албайсың. Эң негизгиси - балдар менен бул багытта иштеш керек жана өздөрүн коргоонун жолун үйрөтүү зарыл. Ата-энелер балдары аларга ишене тургандай шарт түзүшү керек. Бул эң биринчи эреже десек да болот. Баласы "YouTube" ​каналына кирип, коркунучтуу же шектүү бир нерсе көрсө, ата-энесине келип айткыдай болушу керек. Балдарды Интернеттен оолук тутуу, тыюу салуу менен маселе чечилбейт.

Балдар менен чогуу ойноо сунушу

Бишкектеги эл аралык уюмдардын биринде иштеген Айнагүл Абдрахманова балдарына Интернетте отурууга жарым саат гана убакыт берет. Ал смартфон чукулап отуруунун ордуна чогуу ойноону, балдар менен убакытты бирге өткөрүүнү сунуш кылат.

Айнагүл Абдрахманова.
Айнагүл Абдрахманова.

- Негизи биздин үй-бүлөдө өзүбүздүн эрежелерибиз бар. Кечинде баарыбыз сабактан, бала бакчадан, жумуштан келгенде телевизор, компьютер көрбөйбүз. Негизи ата-энелер балдары менен чогуу отуруп ойносо, китеп окуса же пластилинден бир нерсе жасаса, алар Интернетке көп алаксыбайт. Балдарга биринчи кезекте биздин көңүлүбүз керек. Кээде ата-энелер үчүн балдарга смартфонду кармата берип өз ишин кылган, мал-салын караган жеңилдей көрүнөт. Балким алар өздөрү да Интернетте отурушат. Мен жалкоо адамдардын балдары Интернетте көп отурат деп ойлойм.

Сайттарга бөгөт койсо болот

​Айрым ата-энелер балдары үчүн керексиз, кооптуу деп эсептелген сайттарга бөгөт коюш үчүн айрым программаларды пайдаланышат. Наристенин жашына ылайык келбеген, агрессивдүү видеолорду "YouTube" каналанын тасмасына чыгарбай коё турган атайын тиркемелер бар. Бирок маалымат технологиясы боюнча эксперт Мундузбек Субанов бул деле убактылуу экенин белгилеп жатат:

- Бала компьютерди жакшылап биле электе wi-fi деңгээлинде URL менен, мисалы сексуалдык мүнөздөгү видеолорго бөгөт койчу кээ бир программаларды колдонсо болот. Бирок аны ишке ашыруу деле кыйын. Анткени азыр ар биринде телефон бар, дароо эле wi-fi аркылуу кирет. Ар бир телефонго андай программаны коюп чыга албайсың. Эң жакшысы - баланы бош койбой, эмнеге кызыкса, мисалы спорт, ошону менен алек болгондой, энергиясын ошол жакка жумшагандай кылыш керек.

Ал эми IT тармагындагы адистердин дагы бири Антон Кирсанов балдардын курагына жараша ата-энелер өздөрү чектөө киргизе аларын белгилеп жатат:

Антон Кирсанов.
Антон Кирсанов.

- Эгер сөз "YouTube"​ каналын көп көргөн мектеп жашына чейинки балдар жөнүндө болуп жатса, Google-аккаунтта баланын жашын белгилеп койсо болот. Мында издөө системасы ошол аккаунттун жашына жараша контентти чыпкалап турат. Мындан сырткары, "Yandex" издөө системасында "коопсуз издөө" деген технология бар. Анда да чыпкаланган серверлер бар. Андан сексуалдык мазмундагы, зомбулук тууралуу жана мыйзамсыз материалдарды ача албай тургандай шарт түзүлөт. Ал эми өспүрүмдөр жөнүндө сөз болгондо бул кыйыныраак. Атайын программа орноткондо деле аны улам жаңыртып туруш керек. Азыр ата-энелерге караганда балдар технологияны, Интернетти жакшы түшүнөт. Ошондуктан чектөө деле көп таасир эте албайт. Болгону балдар менен көбүрөөк сүйлөшүү керек.

Интернеттин мүмкүнчүлүктөрү

Жарандык активист Азим Азимов балдар Интернетке байланып жаткан шартта аны тарбия берүү жаатына буруп, ушул багытта колдонууга өтүү зарыл экенин белгилеп жатат.

Азим Азимов.
Азим Азимов.

- "Көчөнүн баласы" деген термин бар. Керектүү тарбияны үйдөн эмес, көчөдөн алган балдарды ошентип айтабыз. Азыр замандын өзгөрүшү менен "Интернеттин баласы" деген терминди киргизсек болот. Там-туң баскан наристеден тартып өспүрүм курактагыларга чейин колунан телефон түшүрбөй, дүйнөдөгү маалыматтын баарын Интернеттен алышат. Демек, ата-энелер, мугалимдер, жалпы эле билим берүү жаатында иштеген мекемелер Интернетти өз программасына же тарбия берүү багытында колдонушу керек. Балдарга Интернетти кандай колдонууну түшүндүрүшүбүз керек. Мисалы, ар кандай материал бар экенин билип, өзүм эле аны ачпайм. Себеби менин Интернет колдонуу маданиятым жетиштүү. Ошондой эле жаш муунга ушул түшүнүктү, билимди киргизишибиз керек. Ушул багытта тарбия берүү, жаңы маданиятты түптөө ар кандай софт программа менен чектөөдөн, тиркемелерди жүктөөдөн дагы маанилүү деп ойлойм.

Айрым өлкөлөрдө коопсуз Интернет үчүн атайын мамлекеттик стратегиялар иштейт. Мисалы, Британияда сексуалдык мүнөздөгү, зомбулук көрсөткөн контент балдар үчүн да, чоңдор үчүн да ачылбайт. Андай багыттагы видеолорду көргүсү келген жаран атайын арыз жазып, уруксат алышы керек болот. Быйыл жазында британ өкмөтү социалдык тармактарды ашыкча пайдаланууну жана жагымсыз колдонуучулардын жигердүүлүгүн чектеген жаңы стратегияны сунуш кылганы жатат.

ЮНИСЕФ менен "M-report" улуттук стратегиялык изилдөө институту жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% Интернетте өздөрүн коопсуз сезишет. Бирок өспүрүмдөрдүн коопсуз жана сапаттуу маалымат алышын камсыз кылып, ошол эле учурда кооптуу жагдайлардын алдын алыш үчүн көп аракеттер жумшалышы керек экендиги белгиленген. ЮНИСЕФ бул багытта мамлекеттик органдардын, тартип коргоо органдарынын жана IT тармагынын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүп, балдардын купуя маалыматтарын коргоо, санариптик сабаттуулукту арттыруу сыяктуу сунуштарды берген.

Евросоюздун Борбор Азиядагы маңзаттын тарашына бөгөт коюу программасынын (CADAP) иликтөөсүнө караганда, сурамжылоого катышкан 4,5 миңден ашуун окуучунун 63 пайыздан көбү күнүгө Интернетке киришерин, калган бөлүгү дем алыш күндөрү колдонушарын айтышкан. Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр интернетти социалдык тармактарда баарлашуу үчүн колдонорун белгилешкен.

Былтыр "Кыргызстанда "Көк кит" жана "Тынч үй" деген интернет-оюндар жайылып, өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатат" деген маалымат тарап, ата-энелер жана балдар арасында дүрбөлөң чыккан. ИИМдин өкүлү Рашид Карабаев өспүрүмдөрдүн өлүмүнө дал ушул интернет-оюндар таасир эткени тастыкталбаганын "Азаттыкка" билдирди. Анткен менен эксперттер учурда Интернет адамдарды азгыруунун негизги булагы бойдон кала берүүдө деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG