Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 04:13

Кыргыз өкмөтү Интернет мейкиндигин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Депутаттар социалдык түйүндөрдү көзөмөлгө алууга мезгил жеткенин билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары соцтармактарды көзөмөлгө алууну күн тартибиндеги олуттуу маселе катары карап жатышат.

Жарандык коом өкүлдөрү парламентте жана өкмөттө көтөрүлүп жаткан демилгени социалдык тармактарды жабууга алып барчу кадам катары сыпатташууда.

Мыйзам аз күндө парламентке келет

Интернет-сайттарды жөнгө салуу боюнча Юстиция министрлиги иштеп жаткан мыйзам долбоору мекемелердин макулдашуусунан өтүп жатканын министрдин орун басары Равшан Абдуллаев 17-январда Жогорку Кеңеште билдирди:

- Юстиция министрлиги мыйзамды жакшыртуу жаатында иштеп жатат. Жакын арада интернет-сайттардын ишмердүүлүгүнө багытталган мыйзам парламентке келет. Учурда долбоор мекемелер арасында макулдашуудан өтүп жатат.

Абдуллаев жазылып жаткан мыйзам интернет-сайттарга кандай таасир тийгизерине кенен токтолгон жок. Ал эми депутаттар өкмөттөн социалдык түйүндөргө көзөмөлдү күчөткөн мыйзам алып келүүнү талап кылышууда.

Мындай пикирин айткан депутаттардын бири Улан Примов социалдык тармакта коомчулукту экиге бөлгөн, өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирген маалыматтар жарыяланып жатканын билдирди.

Улан Примов
Улан Примов

- Мен өзүм сөз эркиндигин эки колум менен колдойм. Бирок азыр сайттарды карап көрсөк, коомчулукту бөлгөн чагым көп. "Фейк" аккаунттарды ачып алып түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, терроризм-экстремизм маселесин үгүт кылып жатышат. Мен ушул жагынан жоопкерчилик, мамлекет тарабынан көзөмөл болсо деген ойду айтып жатам.

Депутат Примовдун оюн кесиптеши Тазабек Икрамов колдоого алды. Ал соцтармактарды көзөмөлгө алган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мезгилдин талабы болуп калганын айтты.

Жалганды камчы менен токтото албайсың

Коопсуздук жаатындагы эксперт Максат Мамытканов Интернетти көзөмөлдөө эбегейсиз чоң каражат талап кыларын, ал үчүн өкмөттө каржылык жана кадрдык ресурс жетишсиз экендигине токтолду. Ал күч менен мыйзамды киргизүү нааразылык жаратарын эскертти.

- Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө Интернет тармагын тейлеген бүтүндөй бир башкармалык, трансулуттук корпорациялар бар. Ал жакка бөлүнүп жаткан каражат жылына миллиарддаган долларды чапчыйт. Алардын негизги максатын карасаңар, жалган маалыматка такталган маалымат менен жооп берип жеңишет. Биздикилер болсо "камчынын күчү менен токтотобуз" деп жатышат. Бул натыйжасыз күрөш. Бир аккаунтту сот аркылуу жапкыча, ордуна 100 аккаунт ачылат. Биз жалганга чындык менен гана жооп берип утушубуз керек, бирок бул чоң каржыга келип такалат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интернет айдыңындагы социалдык тармактарды мамлекет көзөмөлгө ала албасын депутат Дастан Бекешев да айтууда.

Ошентсе да Бекешев учурда соцтармакта колдонуучунун маалыматы “жалган” деп табылганда авторду төгүндөмө берүүгө милдеттендирген норманы Жарандык кодекске киргизүүдө. Ал мыйзам иштей баштаса, жалган маалымат жарыялаган колдонуучулар жоопкерчиликке тартыларын эскертти:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Гезиттер гана чыгып жүргөн кезде маалыматты төгүндөө жеңил болчу. Кийинки санда кечирим сурап койчу. Азыр социалдык тармакта бир нече секундда жарыяланган жалган маалыматты элдин баары бөлүшүп, тарап кетип жатат. Мен сунуш кылып жаткан мыйзамда сот жарыяланган маалыматты “жалган” деп тапса, анда маалыматты бөлүшкөн тараптын бардыгы кечирим сурап, расмий төгүндөмө берет жана ал кечирим суроону соцтүйүндө бардыгы көрүшү керек.

Эл өкүлү Дастан Бекешевдин сунуштамасында жалган маалымат жарыялагандардан жабыр тарткандар өз пайдасына моралдык зыян үчүн кеминде 20 миң сом өндүрүүгө жол ачылат.

Жеке нааразылык жалпы мыйзамга айланды

Жарандык активисттер болсо Бекешевдин бул долбоорун Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөө аракети катары сынга алышты.

Айрыкча активист Мавлян Аскарбеков Бекешевдин мыйзамы депутаттын кегинен улам жаралып, чектөө эми жалпы жарандарга ооп кетти деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

- Мен буга чейин "Дастан Бекешев Кыргызстандагы дүлөйлөр жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан" деген мазмунда "Facebookка" пикир жазгам. Депутат мени сотко берип, 20 миң сом моралдык компенсация жана "Facebookка" чыккан билдирүүмдү өчүрүп, төгүндөөнү талап кылган. Бирок моралдык кенемтенин минималдуу көлөмү мыйзамда аныкталган эмес экен, ал эми төгүндөөнү "Фейсбукка" чыгарып койгом. Соттун чечиминде төгүндөөнүн деталдары көрсөтүлбөгөндүктөн пост менин баракчамда турат, бирок аны менден башка эч ким көрө албайт. Бекешев эми мага болгон өчүн жалпы Кыргызстандан чыгарып жатпайбы. Биринчиден, 20 миң сом минималдуу кенемте жана төгүндөө статусун жалпы "Facebook" колдонуучулары көрүшү керек деп мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2017-жылдагы сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга жылдырган. Мунун себебин эл аралык уюм өткөн жылы Кыргызстанда медиа каражаттарына каршы соттук доолор көбөйгөнү менен байланыштырган.

Адистер социалдык түйүндөгү жарандардын эркин пикир калтырышы сөз эркиндигинин бир көрсөткүчү экенин белгилеп, тармакты ооздуктоо Кыргызстандын рейтингине терс таасир тийгизет деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG