Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Евробиримдик "фейк" кабарларга каршы күрөшөт


Еврокеңештин Брюсселдеги баш кеңсеси.
Еврокеңештин Брюсселдеги баш кеңсеси.

Еврокомиссиянын эксперттер тобу дүйшөмбүдө жалган же болбосо "фейк" кабарларга каршы күрөш боюнча алгачкы жыйынга чогулду. Топ "фейк" маалыматтарга каршы стратегиянын түзүлүшүнө көмөктөшмөкчү. Бир аз мурда Франциянын президенти Эммануэл Макрон "фейк" кабарларга күрөшүү максатында мыйзам долбоорун сунуш кылган.

"Фейк" же жалган кабарларга каршы күрөшүүгө багытталган стратегияны түзүш үчүн атайын топ негизделерин Евробиримдиктин санариптик экономика боюнча өкүлү Мария Габриел өткөн жылдын ноябрь айында жарыялап, ага мүчөлүккө 300 талапкердин ичинен 40 киши тандалган. Стратегия өзү апрель айынын соңунда даяр болору кабарланган.

Эксперттер тобунун 15-январда өткөн алгачкы жыйынынан кийинки жасаган билдирүүсүндө Габриел жалган кабарлар үрөй учургандай тез тарап жатканын айтып, бул көрүнүш маалымат каражаттарынын аброюна, демократиялык мамлекеттердин бейкуттуулугуна доо кетирип жатканын белгиледи. Ал ошондой эле мындай кабарларды таратылышын жана пайда болушун чектеген кадамдарды ойлоп табууга чакырды.

"Биз маалымат булактарына болгон ишенимди камсыз кылышыбыз керек", - деди ал.

Евробиримдиктин санариптик экономика боюнча өкүлү Мария Габриел.
Евробиримдиктин санариптик экономика боюнча өкүлү Мария Габриел.

Топтун башында Нидерланддардагы Утрехт университетинин профессору Мадлен Де Кок Бунинг турат. Топтун курамына ошондой эле AP, ARD сыяктуу ири маалымат каражаттарынын, "Twitter" , "Facebook",
"Google" интернет-компанияларынын өкүлдөрү киришти.

Жыл башында болсо Франциянын президенти Эммануэл Макрон журналисттер менен болгон салттуу жолугушуусунда жалган кабарлар мындан ары өлкөнүн медиа айдыңына кара көлөкө түшүрбөшү үчүн колдон келишинче аракет кылууга убада берген.

- Мен өзүбүздүн демократиялык жашообузду жалган кабарлардан коргоо максатында юридикалык арсеналыбызды өзгөртүүнү чечтим. Жакын арада жаңы мыйзам долбоору даярдалат. Шайлоо маалында маалымат таркатуу башка принциптерге баш ийет. Өзүңөр билгендей, социалдык тармактарда жалган кабарларды ондогон миң евролорго эле, толук жашыруун таркатуу мүмкүн. Биз акча төлөнгөн платформаларда бардыгы ачык болушун талап кылабыз. Муну менен биз жарнама берүүчүлөрдүн тек-жайын ачыкка чыгарып, алардын артында ким турганын далилдей алабыз.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

​2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун маалында Макрон өзү "фейк" кабарлардын бутасында калганын билдирген. Анын жеке жашоосу, Багам аралдарындагы эсептери тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда кеңири таркап турган. Өлкө башчы өзү жалган кабарлардын булагы катары орусиялык маалымат каражаттарын, тактап айтканда "Спутник" менен "Russia Todayди" атаган.

Макрон сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, маалымат агенттиктери өз демөөрчүлөрүн ачык көрсөтүшү, социалдык тармактардын колдонуучулары фейк аккаунттарга каршы сотко кайрыла алышат. Ал эми сот өз кезегинде аккаунтту же жалпы эле порталды жабуу укугуна ээ болот. Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө үгүт тараткан чет элдик медиаларды атайын түзүлгөн уюм жабууга укук алат. "Russia Today" каналынын француз кызматынын башчысы Ксения Федорова бул долбоор сөз эркиндигине шек келтирет деп эсептейт.

- Альтернативдик маалымат каражаттарына каршы күрөшүү Франциядагы сөз эркиндигин басуунун башталышы болушу мүмкүн. Биз муну өтө кооптуу кырдаал деп эсептейбиз. Ошондой эле бизге карата куугунтук болуп жатканын сезип жатабыз.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму да Франциядагы бул мыйзам долбооруна кылдат көз салууда. Уюмдун баш катчысы Кристоф Делоер мыйзамдын бардык тарабын эске алуу керек экенин билдирет.

- Биз "фейк" кабарларга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдын принциптерине каршы эмеспиз. Бирок мыйзамды саясий, социалдык, экономикалык жашоону чагылдырган медиаларга коркунуч келтирбей тургандай кылып жазуу керек. Албетте, демократия жалган маалыматтардын толкунунан корголушу зарыл, бирок ошол эле учурда деспот мамлекеттерге таандык ыкмалар колдонулбашы керек.

Ноябрь айында "Чыгыш өнөктөштүк" саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Еврокеңештин төрагасы Доналд Туск Европанын башкы мүшкүлдөрүнүн бири катары киберчабуулдарды, фейк кабарларды жана гибрддик согушту атап өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG