Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

ИИМ "чагым маалымат" тараткандарды кармадыбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги бийликти күч менен басып алууга чакырган жарандар кармалганын билдирди. Ал арада Таласта Жерүй боюнча элдик жыйын уюштуруу демилгесин көтөргөн Айбек Бусурманкуловду укук коргоо органдары суракка алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы «WhatsApp» мессенжери жана башка социалдык тармактар аркылуу 1-июлда бийликти күч менен басып алуу үчүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгууга чакырган тогуз мүнөттүк аудиону тараткан жаран табылганын билдирди.

Ал Балыкчы шаарынын 39 жаштагы тургуну экени, учурда Чүй облусунда жашап жатканы белгилүү болгон.

Мындан сырткары аталган министрлик өзүн “Чоң казат” деп атаган кыймылдын катышуучусу, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун учурда Москва шаарында жашап жаткан 32 жаштагы тургуну 17-июнда «WhatsApp» аркылуу “Ак үйдү депутаттар менен чогуу өрттөп салыш керек” деген аудиону таратууга шек саналып жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева “учурда эки факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалды жана аталган жарандарды кармоо иштери жүрүп жатат” деп кабарлады.

Маалыматка караганда, фактыны ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Кочкор районунун Таалай аттуу тургуну сөз болуп жаткан билдирүүлөр аймакта бир аптадан бери тарап жатканын айтууда.

«"WhatsApp" аркылуу келип жатат. “Чыккыла, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылалы” деген билдирүү экен. Көпчүлүк талкуулап жатканы менен митингге барам деген кишини көргөн жокмун. Азыр эл ансыз да талаа иштеринен бошобой жатпайбы».

22-июнда "Чоң казаттын” лидерлери "Фейсбук" аркылуу кечкисин түз эфирде кайрылуу жасап, кыймылдын атынан чакырык жасагандарды чагым деп аташты.

Кыймылдын башында Максат Мамытканов, Сыймык Жапыкеев, Жаркынбек Касымбеков баштаган активисттер турат.

Кыймылдын өкүлү Канат Хасанов “мыйзам бузууга жол бербейбиз” деп айтты:

«Күзүндө парламенттик шайлоого баралы деген оюбуз бар. Бирок мыйзам талаасында күрөшөбүз. Эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Ал эми төңкөрүш кылууга үндөп жаткандар, биздин атыбызды сатып жатышат. Бизде андай ой жок. Митингди колдобойбуз».

Аталган кыймылдын мүчөлөрү буга чейин Ички иштер министрлигинде сурак беришкен. Бирок алар тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу сурак учурунда эмне тууралуу кеп болгонун айта албай турганын белгилеп, болгону «Чоң казаттын» эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин билдиришкен.

Ал арада 24-июнда Жерүй алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жаткан жарандык активист Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип чыкты.

Айбек Бусурманкулов 24-июнда Талас районунда Жерүй алтын кени боюнча жыйынга катышмак. Ал муну “облустук бийлик активисттерге бут тосуп жатат” деген пикирде.

«Милицияга мени чакырышты. Андан кийин үч медицина кызматкери коронавируска карата анализ алышты. “14 күн үй карантининде болушуң керек” дешти. Мени Жерүй боюнча жакында өтө турган жыйынга катыштырбоо аракети болуп жатат. Башка шылтоо таппай, ушуну ойлоп табышты. Менимче, Таластын губернаторунун былыгы мурдагы бийликтин ыплас иштеринен ашып түштү. Маселен, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин учурунда саясий максатта элге каршы криминалды, укук коргоо органдарын пайдаланган. Таластын азыркы губернатору медицина кызматкерлерин пайдаланып жатат. Мисалы, Болот Шердин тажыясында жүздөгөн кишилер жүрдү. Алардан эмнеге анализ албайт? Ошондуктан мындай ишти токтотуш керек. Бул президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү ишине каршы келет».

Элдин маанайына пандемия маалындагы социалдык-экономикалык кризис да таасир этип жаткандай. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бийлик элдин үнүн уга билиши керек деп эсептейт.

Бийлик оюн ачык айткан адамдарды жоопко тартпай, тескерисинче алар менен диалогго барышы зарыл.
Эмилбек Жороев.


«Бийлик эл арасындагы нааразы ой-пикирлерге, жада калса аракеттерге да даяр болушу керек. Ал өз оюн ачык айткан адамдарды жоопко тартпай, тескерисинче алар менен диалогго барышы зарыл. Пандемия учурунда элге жардам бергенге мүмкүнчүлүгү жетпесе да, өкмөт эл менен эффективдүү сүйлөшүүгө барышы керек. Элдин өкмөткө нааразылыгы мындан ары да күчөшү мүмкүн. Анткени экономикалык кризис буга чейин эле жашоосу жыргап кетпегендерге катуу сокку болууда. Мындан аркы айларда, күзүндө кырдаал кандай болот? Тилекке каршы азыр мунун жообун билбеген учурга кептелдик. Бирок кандай болгон күндө да мыйзамсыздыкка жол бербешибиз керек. Буга өкмөт, эл каршы турушу зарыл. Ошол эле кезде нааразычылык күч алса, мыйзамсыз жолго баргандар чыгышы мүмкүн. Бул учурда кандайдыр бир саясий күчтөр пайда болот. Алар мындан саясий упай топтоп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ошонун жемишин жеп калуу аракетин көрүшөт. Бирок ошол үчүнчү күчтөргө шылтап коюп, өкмөттүн аша чапкан ишине жол бербешибиз керек».

Учурда мамлекеттеги чоң саясий жана экономикалык проблемалардын парламентте ачык талкууланбай жатышы да көчө нааразычылыгына таасир этиши мүмкүн деген пикирлер бар.

Маселен, укук илимдеринин доктору, саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Кеңеште элди кызыктырган суроолор талкууланбай жатат деген ойдо:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

"Парламент кандай болсо, көтөргөн маселеси ошого жараша болот да. Азыркы парламентибиздин интеллектуалдык деңгээли тайыз болуп жатпайбы. Алар “келечектеги шайлоо, аны кантип өткөрүү керек, шайлоого катышкан саясий партияларды мамлекеттин эсебинен каржылоо” деген сыяктуу маселени көтөрүп жатышпайбы. Азыр ушуларды ойлочу мезгилби? Башка мамлекеттерди карайлы. Аларда социалдык көйгөйлөрдү чечүү, кошумча жумушчу орундарын түзүү, айлыкты көтөрүү сыяктуу сөздөр айтылып жатат. Ал эми биздин депутаттар өз кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды талкуулап отурушат. Мунун ичине “Маалыматты манипуляциялоо” долбоорун кошсок болот. Бийлик элди угуп, диалогго барышы керек. Тилекке каршы, азыркы бийлик башка жолду тандап алды. Маселен, бирөө өз оюн ачык айтып же бийликти сындап койсо, дароо баса калып кечирим суратып, чүнчүтүп жатышат. Бирок мындай иш көпкө созулбайт. Андан көрө оппозициялык маанайдагы адамдар менен сүйлөшүүгө барышы керек. Биз “сүйлөшүү керек” десе эле президентти ойлойбуз. Бирок президентке чейин канчалаган бийлик бутактары бар”.

Буга чейин социалдык тармактарда «Тажадым» аттуу флешмоб өткөн. Анда ондогон жаш активисттер өлкөдөгү коррупция, билимсиздик, миграция сыяктуу чечилбей келаткан көйгөйлөрдөн тажаганын айтып, бийликке нааразы маанайын ачык билдиришкен.

Алардын бир даары Кыргызстанда тамыры жайылган коррупциядан тажаганын айтышса, калгандары сапатсыз жолдор жана тамтыгы чыккан көчөлөр сыяктуу социалдык маселелерди кеп кылышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG