Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Жаштардын бийликке сыны онлайн жаңырды


Онлайн митингде сүйөлөгөндөр.
Онлайн митингде сүйөлөгөндөр.

5-июнда Кыргызстанда «тажадым» деп аталган онлайн митинг өттү. Анда жарандык активисттер өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси, билим берүү, кадр саясаты боюнча бийликке сын айтышты.

Буга чейин да ондогон жаштар «тажадым» деген хештэг менен социалдык тармактар аркылуу өлкөдө чечилбей жаткан көйгөйлөрдү ачык айтып, нааразылык флешмобун өткөрүшкөн.

“Маселе жатат үйүлүп,

Бийлик жатат үйүндө, куйруктары түйүлүп.

Ажо, премьер, спикер...

Укчу менден бир пикир.

Чек араны тактайбыз, эл-журтту сактайбыз...

Кана жыйынтык? Качан силерди мактайбыз?

Депутатчы? Жолуң таптың, акча менен баарына жактың,

Бийликтен орун таптың”, - деген ыр саптарын окуган алып баруучу Урмат Борченов жаштардын бийликке нааразылык билдирген акцияларын активдүү колдоп жаткандардын бири.

5-июндагы онлайн митингде Борченов жаштар арасында таанымал адамдарды жарандык позициясын ачык айтып чыгууга чакырды.

“Жоопкерчилик элде да болуш керек. Элге жоопкерчилик жөнүндө жеткире албай жатабыз. Белгилүү адамдар мамлекеттин көйгөйүн айтып, элди ойготсо жакшы болмок”.

Уюштуруучулар аныктаган спикерлер өздөрүнүн аккаунттары аркылуу онлайн митинг өтүп жаткан "Инстаграм", "Фейсбуктагы" "@tajadymm" деп аталган баракчалардагы түз эфирге кошулуп, пикирлерин билдиришти.

Онлайн митингде сүйлөгөндөрдүн арасында парламент депутаттары Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, юрист Клара Сооронкулова жана Афтандил Жоробеков, Эрулан Кокулов, Айбек Баратов сыяктуу жарандык активисттер болду.

Европада окуп жүргөн кыргызстандык Чынара Темирова онлайн митингге кошулуп, кыргыз бийлигин кескин сынга алды.

“Бийлик коррупция менен күрөшүп, реформаны ишке ашыруунун ордуна майда маселелер менен алектенип жатат. Маселен, аларга сын айткан блогерлер менен күрөшүп, Интернетти, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөө сыяктуу иштерге алаксып кетти. Ошондой эле саясий атаандаштарынын ишине тоскоолдук кылуу менен алек болуп жатышат”.

Уюштуруучулар бир айдан бери уланып жаткан флешмобдо айтылган көйгөйлөрдүн негизгилерин топтоп, онлайн митингде талап жана сунуштарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышарын билдиришти.

Интернеттеги “#тажадым” акциясына катышкандар өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу оюн билдиришип, коррупция, алдыдагы парламенттик шайлоо, чек ара маселесин көтөрүштү.

Онлайн митингдин уюштуруучуларынын бири, активист Эсен Рысбековдун айтымында, пандемия болбогондо жаштар нааразылык акциясын парламент алдында уюштурмак.

“Тилекке каршы, бизди эч ким укпай жатат. Бул жерди аянтча кылып, элдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн ушундай акция баштап жатабыз!”.

Онлайн митингдин модератору, белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков бул кайсы бир саясий топтун иш-чарасы эмес, жөнөкөй жарандардын үнү, эксперттердин бийликке сунуштарын айта турган аянтча экенин белгиледи.

“Жетишкен коомдун жарандары өзүнүн бийлигине сын айтып турат. Өздөрү шайлаган башчыларга маселе коюп, жакшы же жаман иштеп жатасыңар деп баа берет. Онлайн жолугуубуз ошондой пикирди айтуунун бир жолу. Сөзсүз эле революция жасайлы деген максат болбошу керек”.

Интернетте өткөн митингди 500дөн 1500гө чейин адам көрүп жатты. Азырынча бийлик онлайн митингде айтылган сындарга жооп бере элек.

Анткен менен мындай демилгеден пайда чыкпайт дегендер да бар.

Жолдогу маичилердин жосунсуз жоруктарын, коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген активист Болот Ибрагимов жаштарды Интернетте эмес, реалдуу жашоодо аракет кылууга чакырды. Ал ар бир активист коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруп, бийликке көйгөйдү көзгө сайып көрсөтүшү керек деген ойдо.

“Мындан эч пайда чыкпайт. Бийлик элдин какшап коюп анан тарап кеткенине көнгөн. Кайра эле ар ким өзүнүн иши менен алек болуп кетет. “Тажадым” – деп хэштег коюп ыр окугандан пайда чыкпайт. Биз ар бир көргөн мыйзамсыз, коррупциялык ишти токтотууга аракет кылып, реалдуу фактылар болсо сотко беришибиз керек”.

Айрым эксперттер акыркы жарым жыл ичинде жарандык коом өз позициясын коркпой айтууга үйрөнүп, кайсы бир саясий күчкө таянбай эле өз алдынча ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүп, активдешкени байкалды дешет.

Мындай демилгелерди, чыгармачыл чөйрө колдоп жатканы да белгилүү. Маселен, акыркы бир ай ичинде төкмө акындар баш болуп жаштар арасында популярдуу рэп аткаруучуларга чейин бийликти кескин сындаган чыгармаларын жарыялашты. Жазуучу Олжобай Шакир мындай көрүнүшкө оң баа берди.

“Бул коомдук аң-сезимдин өскөнүнүн белгиси. Көчөдө төңкөрүш кылат экенбиз, бирок бийликке баягылар эле келет экен. Эми жаңы форматтагы протесттик маанайды кош колдоп колдойм. Мындайда чыгармачыл адамдардын четте карап турбаганы сүйүндүрдү”.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.

Өзгөрбөгөн системадан тажаган жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG