Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Саймаитинин иши: УКМКнын күбөлөрү, коомчулуктун сыны


Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму. 3-июнь, 2020-жыл.
Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму. 3-июнь, 2020-жыл.

2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда мекеме аралык тергөө тобу маалымат берди.

Анда тергөөчүлөр эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып, «"Азаттыктын" журналисти акча алган» деген маалымат беришти. Ошол эле маалда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн ырастай турган эч кандай документтин жоктугу да белгилүү болду.

Көз каранды эмес юристтер муну «журналисттерди каралоо» катары баалап жатышат.

УКМКнын Тергөө башкармалыгы депутаттык комиссиянын отурумунда эл өкүлдөрүнүн талабы менен Айеркен Саймаитинин «журналисттерге акча бергем» дегенин уккан эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн алып келишти.

Күбөлөрдүн бири - Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу, былтыр ноябрь айынан бери атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Эркин Сопоков.

Экинчиси – өзүн Медина шаарында гид болуп иштейм деп тааныштырган Рустам Сатибаевич Тиллабаев аттуу жаран.

УКМКнын тергөөчүсү Тиллабаевден көрсөтмөнү былтыр 6-декабрда алган. Ал Саймаити менен 2018-жылы таанышып калганын, былтыр жайында Саймаити Меккеде Тиллабаевге «карызын өндүрүүдө жардам берип жаткан журналистти ыраазы кыларын» айтып берген. Бирок күбөнүн «маркум Саймаити өзү айткан» дегенден башка эч бир далили жок.

Ал эми экинчи күбө Эркин Сопоковдон тергөөчүлөр көрсөтмөнү ушул жылдын 16-майында алышкан. Анын сөзүнө караганда, 2018-жылы Саймаити консулга жумушуна байланыштуу жолуккан.

Сопоков көрсөтмөсүндө Саймаити менен маектешип отурганда, «ал «Хабибула Абдукадыр деген жарандан карыз өндүрүш үчүн журналисттерди пайдаланып жатам» деп айтып берген» деди.

Сопоков атайын кызматтын тергөөчүлөрүнө «Саймаити Абдукадырдан өндүргөн акчадан «Азаттыктын» журналистине 100 миң долллар берерин, анын 50 миңин жакында келип алып кетерин айткан» деп көрсөтмө берген.

Айта кетүүчү жагдай, Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков былтыр 10-ноябрда Саймаити Стамбулда өлтүрүлгөндөн кийин кызматтан алынып, Кыргызстанга келгенден кийин атайын кызматтын тергөө абагына кармалган. Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасы табылган.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбектин айтымында, ишкер Хабибулла Абдукадыр менен Айеркен Саймаитинин ортосунда пикир келишпестик чыгып, карыз боюнча бири-бири менен тиреше башташат.

«Айеркен Саймаити менен Хабибулла Абдукадырдын ортосунда 2016-2017-жылдарда акча тууралуу карама-каршылык пайда болгон экен. 2017-жылдын май айында Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен сүйлөшүү жүргүзүп, ага беш жыл үчүн үч миллион доллардан ашык доо коюшат. Ошонун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадырдын өкүлдөрү ички иштер органдарына арыз жазып, иш козголуп, Саймаити адегенде Бишкекке, кийин Казакстан аркылуу Түркияга качып кеткен деген көрсөтмө бар. Саймаити бул доону мойнуна албай, кайра «Абдукадыр мага карыз» деген доо коюп жүргөн. Саймаитинин жанында жүргөн күбөлөр айтып бергендей, ал акчасын өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонуптур. Андай ыкмалардын бири – журналисттерди жалдап, алар аркылуу ага басым көрсөтүү болгон экен. Күбөлөр берген көрсөтмө боюнча «Азаттыктын» журналисттерине да кайрылып, маалымат бере баштаган. Карызын жарым-жартылай өндүргөндөн кийин финансылык каражат да берген деген көрсөтмөлөр болду», - деп билдирген Самидин уулу Сагынбек.

Жыйындан кийин Самидин уулу Сагынбек «журналисттерге акча берүү боюнча документ жок, бул күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү» экенин билдирди. Ал учурда тергөө уланып жатканын айтты.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аалы Карашев жыйында мурда белгилүү болбогон жаңы жагдайлар боюнча маалымат айтылганын, бирок эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү аркылуу чындыкты аныктоого болбой турганына баса белгиледи.

Ал журналисттерди айыптоого түрткөн күбөлөрдүн көрсөтмөсү так далилдер менен бышыкталышы керек экенин айтты:

«Тергөө уланып жатат. Бүгүн күбөлөр видеокөрсөтмөдө аттарын атаган кишилерди да суроо зарылчылыгы бар. Алардын да сөзүн, көрсөтмөсүн угуп, ошондон кийин гана жыйынтык чыгарып, чындыкты айтууга болот».

УКМК журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видеосун ачыкка чыгаргандан кийин социалдык тармактарда ар кыл пикир айтылды. Алардын арасында атайын кызмат журналисттерди айыптоого аракет кылууда деген пикирлер басымдуулук кылат.

Парламент депутаты Дастан Бекешевдин баамында, УКМК «Азаттыктын» журналисти «акча алганын күбөлөр айтты» деген маалымат таратуу менен «Азаттык» радиосун каралоого аракеттенүүдө.

«Адатта күбөлөрдүн көрсөтмөсү сот процессине чейин ачыкка чыгарылбайт, - деди ал. - Дайыма атайын сураганыбызда да «тергөөнүн кызыкчылыгы, ачыкка чыгара албайбыз» деп көрсөтмөлөр боюнча маалымат беришпейт. Бул жолу тергөөнүн кызыкчылыгы кайда калды? Ачык эле «күбөлөр айтты» деп, алардын көрсөтмөсүн жалпы коомчулукка жарыялашты. Бул жерде УКМК куулук менен «Азаттыкты» каралоого аракет кылып жатат».

Дастан Бекешев журналист УКМКнын Тергөө башкармалыгын сотко берүүгө укуктуу экенин кошумчалады.

«Эркин Европа/Азаттык» эл аралык радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» катары баалады.

«Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты.

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов мындай айыптоону толук четке кагып, «карандай калп жана каралоо» деп баалады.

Али Токтакунов: УКМК карандай калпты таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев УКМКнын «Азаттыктын» журналисттерине көө жабуу аракети - бүтүндөй Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердигине ишенимди кетирет деген пикирде.

«Мындан бир жума мурда эле күч органдары жыштык сатуу иши боюнча күмөндүү суроолорго «тергөөнүн кызыкчылыгы» деп жооп бербей коюшкан, - дейт ал. - Бул жолу депутаттык комиссияга алдын-ала видео даярдап келишкени - «Азаттыкты» каралоого системалуу киришкенин көрсөтүп турат. Коррупция менен эмес, коррупцияны айтып чыккандар менен күрөшөбүз деген ой болсо - чоң жаңылыштык. Азыр «Азаттыкты» каралоого катышкандар аз убакытта кайра коомчулуктан кечирим сурап калышы толук мүмкүн».

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG