Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

«Абу-Сахийдин» жардамы, өкмөттүн аброю...


Коллаж.
Коллаж.

Кыргыз өкмөтү бажы тармагындагы коррупциялык схемалар ачыкка чыккан журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган «Абу-Сахий» компаниясынан жардам алды.  

Укук коргоо органдары журналисттик иликтөөдөгү күмөндүү схемалар боюнча кылмыш ишин аяктай электе бул компания өкмөткө ири суммада жардам бергени коомчулукта шек жаратты.

Өкмөт ылгабай жардам алууда

«Абу-Сахий» эл аралык жүк ташуучу компаниясы кыргыз бийлигине медициналык каражаттарды жардам катары берди. «Абу-Сахийдин» гуманитардык жардамын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабыл алып, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кырдаалга жараша кимден болбосун ылгабай жардам алып жатышканын билдирди.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

«Кырдаал ушундай болуп жатат. «Кытай Эл Республикасынын эл аралык транспорттук компаниясынан» деп берген. Сөздүн ачыгы - жардам бергендердин баарынан эле алып жатабыз. Анын үстүнө азыр жетишпей жаткан экспресс-тест бар болчу. Жеке пикиримде алар укук коргоо органдарына берген жок. Алар өз ишин так аткара бериши керек».

Жылкыбаев өкмөттүн жардам алганы укук коргоо органдарынын иликтөөсүнө эч таасир этпейт деп эсептейт.

Облустук бийлик колуна тийген жардамдын суммасын эсептеген эмес. Ал эми өкмөттүн сайтындагы маалыматка таянсак, «Абу-Сахий» компаниясы 328 керебет, 800 термометр, 42 миң мээлей, 136 миң беткап, 33 миң тест, 780 коргоочу кийим, 33 дезинфекциялык жабдык, 8 жасалма дем алдыруучу аппарат берген.

Кытайлык «Абу-Сахий» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Нурбек Керимбековдин айтымында, жардамдын жалпы суммасы 531 миң доллар болду.

«Абу-Сахийдин» таржымалы

«Азаттыктын» кыргыз кызматы, «Kloop» басылмасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө шектүү схемалар аркылуу иш кылганы айтылган компаниядан өкмөттүн жардам алып жатканы түкшүмөл ойлорду жаратты. Анткени укук коргоо органдары «журналисттердин иликтөөсүндө кеп болгон адамдардын, компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерип жатабыз» деп ишендирүүгө аракет кылып келет.

Түркияда өлтүрүлгөнү кабарланган уйгур улутундагы кытай жараны Айеркен Саймаити журналисттерге үлгүрүп берген маалыматы боюнча бир нече жылдары бою Кытайдан Өзбекстанга товар ташыган «Абу-Сахийдин» кирешеге марышына Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын ролу чоң болгон. Бажыдагы таасирдүү жогорку кызмат адамдары жүк ташууда бул компанияга артыкчылык берип турушкан.

Коррупция менен күрөш, «Абу-Сахийдин» жообу

Өлкө башчысынан коррупция менен күрөшүүнү талап кылып келе жаткан «Үмүт-2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбектин пикиринде, ириде бул бийликтин коррупция менен күрөшүүдөгү аракетине шек жаратып, экинчиден өкмөттүн шектүү компаниялар менен мамилеге барышы тергөөгө басым катары кабыл алынат.

«Тергөө жүрүп жатса, өкмөт бул жактан жардам алып жатканы иликтөөнүн акыйкаттыгына таасир этет, - деди ал. - Анткени өкмөт күч органдарынан өйдө турат. Анан алар жардам алып сүрөткө түшүп жатса, тергөөчү кандай иш жүргүзөт? Албетте, бул - басым. Коррупциялык иштер менен күрөшүүгө сокку болду. Коррупциялык иштерди ачыкка чыгарып жатсак, өкмөт жардам берди деп аларды актагандай болуп жатат».

Ачык маалыматтарда «Абу-Сахий» компаниясы - Кыргызстандагы жүк ташуучу «Тарим Транс» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошто эл арасында «Тарим Трансты» «Абу-Сахий» катары билишет. «Тарим Транс» компаниясын жетекчиси Нурбек Керимбеков өзүн «Абу-Сахийдин» Кыргызстандагы өкүлү катары тааныштырып, жогорудагы сын-пикирлерге мындай жооп берди:

«Биз эми Кыргызстан аркылуу өткөндөн кийин ушундай кырдаалда жардам бериш керек да. Иликтөө жүрүп жатса... Эми сизге Кыргызстандын жаранынын ден соолугу керекпи же эмне керек? Жетишпей жаткан нерселерди Кытай компаниясы алып келип берди».

Керимбеков буга чейин «Абу-Сахийге» байланыштуу тергөө органдарынын сурагына барганын айтып, компания эч кандай шектүү иштерге аралашпаганын, транзиттик жүктөр менен гана алектенерин белгиледи.

Анткен менен парламенттин депутаты Элвира Сурабалдиева өкмөт кандай гана күн болбосун каржы булагы шектүү жардамдан баш тартышы керек деп эсептейт. Анткени бул жалпы мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөт.

«Каржы булагы күмөн болгон компаниялардан өкмөттүн жардам алганы моралдык жактан туура эмес. Элге жеке өздөрү таратса эч нерсе дей албайм. Анткени элге «ал же алба» деп айтууга укугум жок. Бирок өкмөт кошулуп алып таратып жатканы - мамлекеттин аброюна шек келтирчү иш», - деди эл өкүлү.

Ушу күндөрү ишкерлерден сырткары мамлекеттик кызматта эле иштеп кеткен саясатчылар да жергиликтүү бийлик менен кошо КамАЗдап ун таратып жүрөт. Коомчулукта айрымдар таратып жаткан гуманитардык жардамдын каржы булагы кайдан экени суроо жаратууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG