Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Кимсанов: «Прагадан Алини алып кел» дешкен


Эмилбек Кимсанов (оңдо) жана Райымбек Матраимов.
Эмилбек Кимсанов (оңдо) жана Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видео билдирүүсү ачыкка чыкты.

Ал эми видеодо аты аталган Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Фейсбукка" чыккан Кимсановдун билдирүүсүн каралоо деп баалады.

«​Матраимов мени кылмышка түрткөн»​

Учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун видеосун анын жубайы Мария Заворотняя «Фейсбук» баракчасына бүгүн, 10-апрелде кечки саат сегизден өткөндө жарыялады. Аталган видео тасмада Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергенин айтат.

«Ош бажысында жумуш кылып жүргөм. Кыргызстан боюнча контрабанда башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп жумушка жеткенден кийин бир аз жумуштар болуп, тополоң чыгып, өз ыктыярым менен жумуштан кеткен элем. Ошондон бери бир жыл өттү. Райымбек Исмаилович мени тынч койбойт, «жумушка кайтасың, жумушка иштейсиң, мен айткандай болот, мен дегендей болот» деп. «Коюңуз, коюңуз» десем да эч тынч койбой, жан койбойт. Үч-төрт жолу биздин инилерибизди, өзүмдү кошо төрт жолу атышты, буга чейин. Унчукпай жүрөбүз. Бир да арыздана албайбыз. Билебиз эми, арыздансак бул кишинин колунан бүгүнкү күндө көп нерсе келет экен. Сиз көп нерсени билбейсиз, сиз менен жамынып алып көп адамдарды коркутуп жүрөт, бандиттер менен биригип алып. Эми эмне десем? Коркутуу, үркүтүү келип жатат. Менде мындай жазуулары бар (телефонун ачып көрсөтүп атат). Мына бул «Шеф» деп турат. Номери 775-71-11-11 деп. Бул Райымбек Исмаиловичтин номери. Мына мындай тапшырмаларды берет мага. «Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү даректерин мага таап келесиңер, Прагадан, тирүүбү-өлүкпү, мага алып келесиңер» деп, ушундай буйруктарды берет. «Али Токтакуновдун бүгүнкү күндөгү маалыматтары, Прагадан табасыңар» деп... Андан тышкары мына, менин «Вотсабымда» турат (көрсөтөт), бүт СМСтерим. Мына: «Сураныч, шеф, жумушуңузда иштебей эле коё берейин» деп. «Балдарыңыз аттырып эле жүрөт бизди. Инвалид кылып таштады, эмне кылалы, кетип калалыбы же тынчыйлыбы» десем: «Мен айткандай болот, жумушка киресиң», деп. Эми жумушта бул адам кыйнап таштады. Билимдүү, акылдуу адамдарды албайт. Бүт подхалимдерди жанына топтоп алган, анан болсо минтип кечээ Камчы Көлбаевдин балдарын жөнөтүшүптүр. Келип, менин аялдарымды сөгүп кетишти. Эмне кылышты билбей жатам», - деп айтылат (орфографиясы сакталды) Кимсановдун видеосунда.

Кимсанов: Матраимов "Прагадан Алини таап келесиңер" деп буйрук берген
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Анын Райымбек Матраимовду айыптаган билдирүүсү качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз. Тасма боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек. Бул видео тасма тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, алардан жооп күтүлүп жатат.

Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева аталган тасмадан азырынча кабары жок экенин билдирди.

Ал эми видеодо аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кимсановдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов буларды билдирди:

"Кимсанов аттуу киши Райымбекке койгон айыптоосу үчүн Кудайдын астында гана эмес, мыйзамдын астында дагы жооп берсин. Анын сөздөрүн укук коргоо органдары текшерсин. Мен элиме, ар бир кишинин айткан сөздөрүнө оӊойлук менен ишенбегиле деп кайрылат элем. "Азаттыктын" журналисти, бурмаланган маалыматтар менен окурмандарынын ишенимине кирип, бизди жаман атка кондурам деген ниетине эл жана убакыт тараза болсун. Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек. Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат. Айырмаланып, мунун баарын так АКШдан каржыланган “Азаттык” жана “Клооп” чагылдырат. Матраимовдун үй-бүлөсү жөнүндө кара пиарды көрөм десеӊиздер, шашпай жогорудагы ЖМКлардын баракчаларын окуй берсеӊиздер болот. А биз алардын каралоолоруна эбак эле көӊүп калганбыз".

Кимсановдун Интернетте тараган билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга түштү.

«Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай пикири менен бөлүштү:

««Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин жана башка маалыматтар боюнча мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары, Финансы полициясы, прокуратура тарабынан кандайдыр иликтөө иштери жүргүзүлүп, аягына чекит коюлушу керек болчу. Ошолор жасалбагандыгынын натыйжасы ушуга алып келди. Бул жерде өзүм билемдик, мамлекеттик органдарды тоготпогондук, бийликтин алсыздыгы, бийлик менен коррупциялык чөйрөлөрдүн чырмалышып кеткендиги ушуга алып келип жатат. Эми мамлекет берилген мааалыматтар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүшү, фактыларды иликтеши жана күнөөлүүлөрдү жазалашы, журналисттин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул жерде журналисттен тышкары маалымат берген жана качып жүргөн чек арачылар бар. Ошол маалыматтарды айткан башка адамдардын да коопсуздугун камсыз кылышы керек жана мамлекет дыкат текшерүүгө алышы керек».

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов бул ишти президент жеке көзөмөлүнө алышы керек деп эсептейт:

“Албетте, бул окуя коомчулукта чоң кызуу талкууну жаратат. Коомчулукту бул маселе тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан биринчи кезекте күч органдары, укук коргоо органдары бул жигиттин ден соолугун, коопсуздугун, анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылышы керек. Менин оюмча, бул маселе президенттин көзөмөлүндөгү маселе болушу керек. Анткени, бул чоң резонансты жаратып жатат. Мен бул маселени мамлекет башчысы өзүнүн көзөмөлүнө алышы керек деп ойлойм. Ал эми күч органдары өздөрүнүн расмий билдирүүсүн жасап, позициясын коомчулукка жарыялашы зарыл”.

Ошондой эле Шыкмаматов мамлекет иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун коопсуздугун камсыз кылуучу чараларды карашы керектигин да кошумчалады:

“Укук коргоо органдары ошол телефонду алып, анда жазылган сөздөрдүн бардыгын коомчулукка жарыялашы керек. Эгер чын эле ошол жерде Али Токтакуновдун өмүрүнө коркунуч келе турган жагдайлар айтылса, анда Али Токтакуновдун да коопсуздугун камсыз кыла турган чараларды мамлекет көрүшү керек”.

Эмилбек Кимсановдун видео билдирүүсүн көрүп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков атайын кызмат тасмадагы маалыматтарды дароо карап чыгышы керектигине токтолду:

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жаңыдан тарап жаткан тасмадагы маалыматтын ак-карасын алеки заматта аныктап чыгышы керек. Анткени бул жерде эки адамдын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келип жатат. Бири алыста жүргөн Али Токтакунов болсо, экинчиси абакка жакында камалган Эмилбек Кимсанов. “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар демекчи” Кыргызстан кырсыктап турган учурда кырдаалды курчута турган мындай нерселердин бизге кереги жок эле. Бул коомчулукта кыжырданып турган адамдардын ого бетер кыжырын келтирет. Андыктан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тез арада буга болгон реакциясын билдириши керек".

Кимсанов камакта

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов ушул күндөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып отурат. Ал быйыл февралдын этегинде дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов, ошондой эле Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогонун айтып жазган арызынын негизинде Орусиядан кармалып келип, сот үй камагына бошоткон эле.

Бирок үй камагындагы Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Ал эми 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту «Азаттык» радиосуна мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын маалымдады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Бирок ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек.

Ал эми адвокат Назгүл Сүйүнбаева Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагында камакка алынар алдында коркутууга дуушар болгонун 8-апрелде айткан:

«Белгисиз адамдар «сени камайбыз. Абактан кишилер күтүп алышат» деп коркутушуптур. Ушундан улам биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) «Кимсановдун өмүрүнө коркунуч бар, көзөмөлгө алгыла» деп кайрылганбыз».

7-апрелде Кимсановдун аялы Мария Заворотняя Интернет аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жиберген. Эки кичине баласын жанына отургузган Заворотня «Күйөөм Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири менен чатакташа кеткен» деп сөзүн баштайт.

Мария Заворотняянын кайрылуусуна азырынча президенттик аппарат жооп бере элек.

Кимсанов деген ким?

37 жаштагы Эмилбек Кимсанов 2008-жылы Мамлекеттик бажы кызматына ишке кирип, Райымбек Матраимовдун кол алдында иштеген. Убагында Матраимов негиздеген «Ош бажы» командасы менен футболдук беттештерге катышып жүргөн.

Кимсанов 10 жылдык карьерасында бажыдагы бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Достук» бажысын бир топ жыл башкарды. «Азаттыктын» иликтөөсүндө сөз болгон Хабибулла Абдукадырдын компаниясынын жүгү дал ошол «Достуктан» өтүп турат.

Андан соң Мамлекеттик бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына көтөрүлүп, 2019-жылдын жазына чейин иштеген.

«Азаттыктын» бажы кызматында мурда-кийин иштеген ишенимдүү булактары Кимсанов Матраимовдун эң жакын адамдарынан болгонун белгилешет.

Бир тууган Матраимовдор Кыргызстанда жогорку кызматтарда иштешет жана иштеп кетишкен. Райымбек Матраимов ушул тапта өлкөдөгү бирден-бир бай жана таасирдүү адам болуп саналат.

«Азаттык» менен өнөктөштөрдүн орток иликтөөсүндө анын аялы Уулкан Тургуновага катталган Дубайдагы 12,5 млн. долларлык мүлк табылган. Бирок бул байлык 20 жыл бажыда иштеген адамдын декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Журналисттерди коркутуу, басым көргөзүү

Май айындагы иликтөө жарыялангандан көп узабай, биздин редакторлорго айрым саясатчылар телефон чалган учурлар болгон. Алар ушул иликтөөнү токтотуп же жок дегенде бир нече ай кечиктирип чыгарууну суранышкан. Ал үчүн «саясий же коммерциялык сыйлык» да болорун ачык айтышкан. Мындай сунуштарды телефондон айткан саясатчылар Матраимовдордун атынан суранып жатышканын билдиришкен.

Бул иликтөөгө катышкан үч маалымат каражатынын журналисттери менен редакторлоруна 12 жолу ар кандай коркутуу, басым-кысым көрсөтүү фактылары катталган.

Биздин редакторлор андай сунуштар кабыл алынбай турганын айткандан кийин интернет булактарда «Азаттык» радиосун жана анын жетекчилерин жамандоо, каралоо өнөктүгү күчөгөн. ««Азаттык» радиосунун жетекчиси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден белекке үй алган» деген сыяктуу жасалма видео, жалган маалымат таратылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG