Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Кимсановдун камалышы кимдин кызыкчылыгында?


Эмилбек Кимсанов. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды.
Эмилбек Кимсанов. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов эки айга камакка алынды.

Эмилбек Кимсанов февралдын этегинде Орусиядан кармалып келгенде сот үй камагына бошоткон эле. Кимсанов жана анын тарапташтары менен Райымбек Матраимов жана ага байланыштуу адамдардын тиреши коомчулукка белгилүү.

Себеби белгисиз чечим

Үй камагындагы Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу тийиштүү органдар маалымат таратышкан жок. Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева "Фейсбукка" жарыялагандан кийин гана белгилүү болду.

«Азаттык» 8-апрелде кайрылганда Бишкектин 1-Май райондук соту мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын ырастады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Бирок ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек.

Адвокат Сүйүнбаеванын сөзүнө караганда, Кимсанов 17-марттан 30-мартка чейин Ошто болууну сурап, анын ишин карап жаткан тергөөчүдөн уруксат алган. Ал 30-мартка чейин эле Бишкекке кайтып, 31-мартта камакка алынган.

«Тергөө амалдарын жүргүзбөй туруп эле камап салышты. Андан бери канча күн өттү, дагы эле тергөө иштери баштала элек. Эмне үчүн ушундай өзгөчө абал учурунда камашты, же Кимсанов ушунчалык эле коомго коркунуч келтирчү кишиби? Эч кандай негиз жок болсо да камап коюшту. Анын үстүнө Кимсановдун ишин тергеген тергөөчү алмашканын да билген эмеспиз. Бизди бир да жолу чакырышкан эмес», - дейт адвокат.

«Сени абактан кишилер күтүп алышат»

Адвокат Сүйүнбаева Бишкекте киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу камакта отургандарга жолугушууга тыюу салынганын, ошондуктан Кимсанов менен жолуга электигин кошумчалады. Андан тышкары камакка алынар алдында ал коргоп жаткан жаран коркутууга дуушар болгонун айтты:

«Белгисиз адамдар «сени камайбыз. Абактан кишилер күтүп алышат» деп коркутушуптур. Ушундан улам биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) «Кимсановдун өмүрүнө коркунуч бар, көзөмөлгө алгыла» деп кайрылганбыз».

Сүйүнбаеванын бул сөзүн башка булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. ЖАМК бул боюнча комментарий бере элек.

Ал тапта Кимсановдун аялы Мария Заворотня Интернет аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жиберди. Эки кичине баласын жанына отургузган Заворотня «Күйөөм Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири менен чатакташа кеткен» деп сөзүн баштайт.

«Ошол чатактын натыйжасында ал таасирдүү адамдын тапшырмасы менен Кимсанов Эмилбек Жаныбекович эки жыл мурдагы кылмыш иши боюнча кармалган. Ал иш токтотулган болчу. Себеби, арыз ээси Автандил Конгантиев Эмил аны «уруп-сабоого катышкан эмес» деп көрсөткөн. Эми эки жылдан кийин ал белгилүү адамдардын нускамасы менен башкача көрсөтмө берүүдө», - дейт видео кайрылууда.

Азырынча президенттик администрация кайрылууга жооп бере элек.

Мушташтын чоо-жайы

Кимсановго козголгон кылмыш иштин учу 2018-жылга барып такалат. Анда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу, дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиев Чүй облусунда аны Эмилбек Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу токмоктогонун айтып, милицияга арыз жазган. Кийинчерээк тараптар элдешип алганы кабарланып, кылмыш иши кыскартылган. Бирок жогоруда жазылгандай, иш эки жылдан кийин кайра жандандырылган. Учурда Төлөгөн Рахманберди уулу үй камагында.

Адвокат Сүйүнбаева 2018-жылы болгон окуяда Кимсанов да токмок жеп ооруканага жатып чыкканын билдирди. Эки жыл мурун ал да арыз жазып иш козголгонун айтты. Бирок Конгантиев жазган арыз боюнча гана иш кайра жандандырылды.

Бул окуя тууралуу Автандил Конгантиевге телефон чалып комментарий ала алган жокпуз. Ага жиберген суроолорубузга «комментарий боюнча менин тынчымды албагыла» деп СМС менен жооп берди.

Кимсанов деген ким?

Эмилбек Кимсанов 2008-жылы бажы кызматына ишке кирип, Райымбек Матраимовдун кол алдында иштеген. Убагында Матраимов негиздеген «Ош бажы» командасы менен футболдук беттештерге катышып жүргөн.

Кимсанов 10 жылдык карьерасында бажыдагы бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан “Достук” бажысын бир топ жыл башкарды. "Азаттыктын" иликтөөсүндө сөз болгон Хабибула Абдукадырдын компаниясынын жүктөрү дал ошол “Достуктан” өтүп турат.

Андан соң Бажы кызматынын Аткезчиликке каршы күрөш башкармалыгынын жетекчи орун басарлыгына көтөрүлүп, 2019-жылдын жазына чейин иштеген.

«Азаттыктын» Бажы кызматында мурда-кийин иштеген ишенимдүү булактары Кимсанов Матраимовдун эң жакын адамдарынан болгонун белгилешет.

Ачыкка чыккан ажырым

Эмилбек Кимсанов быйыл 14-февралда «Фейсбук» баракчасына Матраимовдордун атына ачуу сөздөрдү жазган. Удаа эле жан жигити Төлөгөн Рахманберди уулунун өлкө президентине жолдогон видео кайрылуусун жүктөгөн. Анда бир тууган Матраимовдорго жакын деп сыпатталган Кылычбек Саркарбаев менен Нурбек Раимбековдон кордук көргөнүн айтып берген:

"Беш-алты ай мурда Раимбеков Нурбектин балдары травматикалык мылтык менен бутка атып кетишкен. “Арыз жазба, жазсаң өзүңдөн көр” дешкен. Мен жазган жокмун. Бир-эки ай өтпөй Кылыч Саркарбаев автомат менен бутка атып, ооруканага жатып калдым. Анда да Раимбеков Мунарбек жана Саркарбаев Кылыч ооруканага келип, башыма пистолет такап коркутуп, “өзүңдү каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз” деген. Ошондо да арыз жазган эмесмин", - деп айткан видео кайрылууда Төлөгөн Рахманберди уулу.

Бир күндөн кийин анын жердештери жана Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президентке видео кайрылуу жолдошкон. Анда Эмирбек агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга кабылганын, Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Бул окуялардан кийин ИИМ билдирүү таратып, Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Автандил Конгантиевди токмоктоого байланыштуу шек саналып, аларга издөө жарыяланганын билдирген.

Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, дароо Кыргызстанга алып келинген. ИИМдин тергөөчүлөрү сотто аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган.

Матраимовдор дооматтарды четке кагат

Коюлган дооматтар боюнча Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго телефон чалып: «Менин кандай тиешем бар? Өзүнөн сурагыла» деген жооп алдык.

Депутат Матраимов буга чейин иниси Райымбек Матраимов Кимсанов жумуштан кетерден бир жыл мурда кызматын тапшырганын кабарлаган. Ошол себептүү ал "Матраимовдордон запкы көрдүк" деген мазмундагы президентке кайрылууну кайсы бир күчтөрдүн каралоосу болушу мүмкүн деп билдирген:

«Биздин спортчу балдарыбыз жок болсо, криминал менен ишибиз болбосо, биз (үй-бүлөбүз - ред.) Бишкекте жашасак, анысына да, мунусуна да аралаштырып, окшоштуруп жатышат. Мунун артында бирөө тургандай. Эми криминалды аралаштырып, бизди жаман көрсөткүсү келгендей сезилип жатат. Биздин криминалдар менен ишибиз жок».

Ал эми Райымбек Матраимов бул жагдайларга байланыштуу комментарий бере элек.

Бир тууган Матраимовдор Кыргызстанда жогорку кызматтарда иштешет жана иштеп кетишкен. Райымбек Матраимов ушул тапта өлкөдөгү бирден бир бай жана таасирдүү адам саналат.

«Азаттык» жана өнөктөштөрдүн орток иликтөөсүндө анын аялы Уулкан Тургуновага катталган Дубайдагы 12,5 млн. долларлык мүлк табылган. Бирок бул байлык 20 жыл бажыда иштеген адамдын декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG