Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 19:10

Кыргызстандагы коррупциянын дөө-шаалары


Иллюстрациялык сүрөт.

«Эркин Европа» радиосунун Борбор Азия маселелерине арналган «Мажилис» талкуусунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлардын чоо-жайын ачып берген соңку журналисттик иликтөөлөр тууралуу кеп болду.

Вашингтондон талкууну «Эркин Европа» радиосунун Түштүк жана Борбор Азия боюнча медиа менеджери Мухаммад Тахир алып барды. Окурмандарга ошол талкуунун кыргызча которулган текстин сунуш кылабыз.

Кыргызстандын жарандары үчүн коррупция жашыруун, жабык темалардан эмес. “Азаттык” радиосунун, Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун, “Клооп Медианын” биргелешкен сенсациялуу макаласы жарыялангандан кийин коррупция өлкөдөгү өзгөчө талкуулана турган темага айланып кетти.

Көргөн-уккан адамды таң калтыра турган репортаж, көйгөйдү тереңден ачып чыккан иликтөө, жашыруун иштерди жарыкка чыгаруу эки таасирдүү үй-бүлөгө – Матраимовдор менен Абдукадырга барып такалат.

Көмүскө иштерди ачыкка чыгаруу үчүн журналисттер өтө көп документтерди карап чыгышты, анын кыйласын журналисттерге өзүн жашыруун алып жүргөн адам берген, өткөн айдын башында аны Стамбулда атып кетишти.

Маркумдун аты - Айеркен Саймаити, кытайлык уйгур жигит.

Анын көзүн тазалашканы менен сыр ачыкка чыгып кетти, кыжылдаган кыңыр иштердин кулпуланган сандыгы ачылды. Көп адамдар аны айтып жатышат, аны менен эле тим болбой аянттарга чыгып, айыптуулар жазаланышы керектигин талап да кылууда.

Нааразы адамдарды көчөгө алып чыгуунун себепкери иликтөө болгону менен эксперттер журналисттер ачкан кыңыр иштер аяк-башы билинбеген музтоонун чети гана, коррупциянын чубалжыган узун жибин түрө келсең анын учу азыркы бийликте отургандар менен гана чектелбейт дешет.

Ошондуктан биз бул жерге чуулуу иштин айрым өңүттөрүн гана талкуулап, Кыргызстандагы өзгөчө курч коррупциялык маселелерге назар салсакпы деп турабыз.

Талкууга Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун башкаруучу редактору Илья Лозовский, мурдагы дипломат, учурда Бостондогу Түндүк-Чыгыш университетинин профессору Бакыт Бешимов, Прагадагы “Эркин Европа” радиосунун редактору Брюс Панниeр катышууда.

Соңку иликтөөнүн тарыхы татаалдашып баратат, анын бардык өңүттөрүн азыр камтый албайбыз, талкууланчу материалга кызыккандар “Эркин Европа” радиосунун Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун сайтында жайгаштырылган. Анда эмесе анын айрым өңүттөрүн талкуулайбыз. Илья, иликтөөнүн негизги маселелерине кыскача токтоло кетсеңиз.

Илья Лозовский: Сиз туура белгиледиңиз, бул өзү чиеленген маселе, коррупция көйгөйүнүн өзү татаал.

Саймаити берген документтерден аңдаганыбыз, анын сөзүн ырасташ үчүн аңтарып чыккан толгон-токой кошумча баяндамалар бири экинчисине бекем чырмалышкан эки үй-бүлөнү ачыкка чыгарды.

Абдукадырдын жат көздөн далдаа, табышмактуу үй-бүлөсү өлүү дүйнөнү бир колго топтоп, жамы дүйнөгө жайылып кеткен компаниялар тармагын түзүүгө жетишкен. Ошол эңгезер ээликти тереңдеп иликтей келгенде алар Кытайдан башталып Кыргызстан аркылуу өткөн, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө, атүгүл Орусияга кулачын керген жашыруун империяга кантип айланып, кандайча башкарылып жатканын көрдүк.

Кадимки эле жүк ташыган логистикалык компаниянын иши жүрүшүп, “ити чөп жеп” калышына алардын бажы кызматы менен бекем чырмалышып калган биримдиги себепкер болгон, кандай жүк алып өтсө да чек арадан тоскоолдукка учурабай, бажы төлөмүнөн бошотулуп, жүктү текшербестен өткөрүүнүн ыктуу жолун таап алышкан, албетте, мунун баарына бажы кызматындагылар аралашкан, Абдукадырга тиешелүү жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн алар ар кыл “кызмат көрсөтүшкөн”, анысы үчүн, албетте, акысын алышкан.

Чын-чынына келгенде биз бул жерде Кытай менен Кыргызстандын, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын бир нече бажы терминалдары Абдукадырга тиешелүү жеке менчик компаниялардын оюндагысын орундаткан объекттери болуп калганын айтып жатабыз. Ал эми алардын атаандаштары үчүн бул жагдай кандай оорчулук жаратканын айтып отурса узун сөз.

Бажыны кыйгап өтүү алардын опсуз көп каражат табышына мүмкүнчүлүк түзгөн, бул акчалар Кыргызстандагы аябай таасирдүү, бажы кызматынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовго берилген акчанын калганы гана.

Жашыруун жүк ташуу империясынан ушунча киреше тапсаңыз опсуз акчаны кайда жумшамаксыз? Албетте, ал акчаны адалдоо керек. Мына ушул жерде Саймаити пайда болот. Ал абдан эле көп сырды билчү, сол акчанын кайдан чыкканын сыпаттап, аны документтер аркылуу бекемдеп берүү ага текейден арзан болчу, себеп дегенде, Саймаити Кыргызстандан Абукадырдын үй-бүлөсү менен башка кардарлардан келген акчаны алып турган ишенимдүү кишилердин бири эле.

Биз алардын ойдон табылган жоромолдорду пайдаланып электрондук которууларды жасаганын, Абдукадырдын компаниясы менен жалган кредит келишимдерин түзүп, нак акчаны чек арадан кантип ташып өтүшкөнүн, ар кыл ыкмаларды колдонуп, 700 миллион АКШ долларын адалдаганын көрсөттүк. Акчанын суммасы андан деле көп болушу ыктымал, бирок айрым документтер, ошондой эле Кыргызстандын каржы полициясынан келген маалыматтар акчанын кыйла бөлүгүн гана ырастай алат. Менин оюмча, ортодо айланган нак акча андан кыйла арбындыр, биз ырасталган гана сумманы айтып жатабыз, ошонусу эле дүйнөдөгү эң кедей Кыргызстандан бир топ акча ташылып жатканын көрсөтүп, баарыбызды таңдандырып жатпайбы.

Мухаммад Тахир: Менимче, каржы полициясынын башчысы мындан көбүрөөк санды айтты окшойт. Мынча акча, албетте, Борбор Азиядагы кедей өлкө үчүн чоң каражат го. Саймаити деген ким өзү, кандай адам?

Баары Абдукадырдын жүк ташуу империясынын кирешелерин Борбор Азия өлкөлөрүнө, дүйнөнүн башка жерлерине которуп турушат.
Илия Лозовский.


Илья Лозовский: Саймаитинин жасаган иштерин бир сөз менен айтсак – акчаны адалдоо. Шинжаң автоном районунан чыккан уйгур, жаш кезинде Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарына келген, калп айтпасам 17 же 18 жашында келсе керек. Өзбекстан чек арасына жакын базарда иштеп, экспорт-импорт деген эмне экенин, анын базарга тиешесин жакындан билип калган. Ошол базарда иштеп жүрүп бир топ кардарларынын акчасын Кытайга жөнөтүүнүн кыныгын алып, ошол ишке киришет, базарда иштегендердин көбү акчасын ишенип ага бере баштайт, себеби базардагылар сата турган товарын четтен алат, сатуудан түшкөн нак акчасын кайра эле четтен товар алууга жөнөтүп турушат.

Ошентип жүрүп ал акча которуунун жолун өздөштүрүп кардарларынын ишенимине кирет, ошол кезде белгилүү үй-бүлөнүн кожоюну Хабибулла Абдукадырга жолугат. Ал минтип сурайт: «Сен биздин акчаны которо аласыңбы?».

Саймаитинин айтуусунда, башында ал акчаны кантип которууну көрсөткүсү гана келген. Бирок кийин аны жалдап алышат, эми ал түшкөн кирешеден белгилүү үлүштү өзүнө алып, акча которуп турмай болот. Ошентип беш жыл ичинде көнгөн ыкмасы боюнча акча которуп турат, өзүнүн, аялынын, ээлик кылган компаниясынын атынан көбүнесе банк аркылуу акча жөнөтөт. Ошол эле учурда жана айткандай, бул ишке инкассаторлор да тартылат – баары Абдукадырдын жүк ташуу империясынын кирешелерин Борбор Азия өлкөлөрүнө, дүйнөнүн башка жерлерине которуп турушат.

Биз бул тарыхтын башка барагын да көрсөттүк, муну мен кеп башында эле опсуз империянын башында турган Абдукадырдын үй-бүлөсү менен бажы кызмат башчысынын орунбасары Матраимовдун үй-бүлөсүн айта кетишим керек. Биз алардын орток мүлкү – бир нече миллион долларлык Дубайдагы долбоорун таап алдык. Райымбек Матраимовдун аялынын анда жери бар, алар Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргелешип ошол жерлердин биринде бийик имарат салып жатышат. Эки үй-бүлөнүн расмий ишкер кызматташтыгын биз биринчилерден болуп көрсөттүк.

Бул Саймаити айтып берген иштердин бир бөлүгү гана, ал акчаны адалдоо операциясына толук катышкан, кыязы, алар Кыргызстанда да коррупциянын жардамы менен кыйла акча тапкан болсо керек. Саймаити бул иште алчы-таасын жеген адис болчу, бирок анын деле чыдамы түгөнүп, кызматташтыктын бешинчи жылында Абдукадырдын үй-бүлөсү менен чатакташып, ишинен баш тартат. Аны кантип токмоктошконун, Оштогу мейманканада тапанча такап опузалашканын айтып берди эле. Паспортун алып коюшкан. Эмнеликтен өнөктөштөр келише албай калды, анын себебин биз билбейбиз. Саймаити минтип айткан: «Мен өтө көп нерсени билчүмүн, алар мени тынбай агылып турчу арам акчасын адалдоочу кожокөрсүнгө коюлган адам катары иштеп турушумду каалашкан».

Экинчи бир булактардын айтуусунда, өнөктөштөрдүн ажырашып кеткенине башка себептер өбөлгө түзгөн шекилдүү, бирок биз аны так айта албайбыз. Өнөктөштөр чатакташып бөлүнүп кетишкенин билебиз, Саймаитиге каршы кылмыш иши ачылган, аны аёосуз душманына айланган мурдагы башчылары козготушкан. Айласы куруган Саймаити Тажикстанга качып ал жактан Түркияга өтүп кеткен, Стамбулдан орун тапкан, аны биз ошол жерден таптык. Соңку эки жылда ошол жерде жашап, мурдагыдай Абдукадырга иштебей, башка кардарлардын акчасын которуу менен алектенген.

Быйыл жыл башында “Азаттык” радиосу алгачкы иликтөөсүн жарыялады, кийинки иликтөөлөр аны кыйла кеңитти. Журналисттик иликтөө алгач обого чыкканда Саймаитиге кайсы бир таасирдүү криминалдык лөк чалып коркуткан, бул да өзүнчө бир тарых, аны окуп алсаңыз болот. Ага кысым көрсөтө башташкан, буга чейин кызматын кылып келген таасирдүү адамдар көпчүлүктөн жашырган кыңыр иштери ачыкка чыгып кетишин каалашпай, журналисттер менен байланышын таптакыр үзүп таштоосун талап кылышкан.

Өкүнүчкө, бул ишке байланышкан материалдар чыкканча кайгылуу окуя болуп кетти, иликтөөнүн экинчи бөлүгүн жазып, редакциялоо иштери аягына чыга электе, толгон документтерди даярдап жатканыбызда 10-ноябрга караган түнү Стамбулда Саймаити киши колдуу болду.

Кийинки эки апта аралыгында “Азаттык” радиосунун, Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун, “Клооп Медианын” журналисттери, редакторлору менен авторлору чогуу иштедик, материалдарды ыкчам чогултуп, баарын бирге жасоонун аракетинде болдук, иликтөө учурунда бизди да коркутушту, ошондуктан иликтөөбүздү болушунча эртелетип чыгаруу милдети турду, Саймаити армандуу өлүмгө туш келди.

Бакыт Бешимов: Баарынан мурда мыкты байкоосу үчүн Ильяга ыраазылык билдире кетким келет. Менин биринчи суроом: бул иликтөөнү дагы улантасыңарбы?

Илья Лозовский: Кандай десем, азыр мен чын эле келечек пландарыбыз тууралуу айта албайм, биз бардыгыбыз азыр коопсуздук маселелеринен чочулап турабыз. Кечиресиз, бул тууралуу мен эч нерсе айта албайм.

Бакыт Бешимов: Бул иликтөөнүн абдан оордугун баса белгилеп кетким келет. Ильянын иликтөөсүнө байланыштуу коомдук пикир тенденциясы тууралуу айткандарына да кошулам. Биринчиден, бул өзү өтөле оор иш экенин түшүнөбүз. Кытайдан чыккан уйгурлар, өз өлкөсүндө Кытай өкмөтү катуу көзөмөл жүргүзөрүн эске алганда, Борбор Азия, Түркия, Орусия, БАЭ өлкөлөрүнө ээн-жайкын чыгып, каалагандай саякаттап жүрүшүн кантип түшүндүрүүгө болот?

Ушунун өзү кызык кубулуш деп ойлойм. Экинчи жагынан, Кыргызстандагы коомдук пикирден улам мен мына буларды байкадым: иликтөө уйгур Абдукадырдын үй-бүлө кланынын жашыруун жүк империясы Раим Матраимов менен биргелешип Кыргызстан өкмөтүнүн жогорку кызмат адамдарына ири өлчөмдөгү параны бир топ жылдар берип келгенин апачык көрсөттү.

Ушуга улай айта кетчү дагы бир жагдай, журналист иликтөөчүлөр белгилегендей, алдын-ала даярдалган, мыкты уюштурулган системаны иштеп чыгышкан, ага ылайык ар кыл деңгээлдеги кызмат адамдары, бажы терминалында иштеген катардагы кызматкерден жетекчисине чейин ортолук кирешенин бир бөлүгүн такай алып турушкан. Үчүнчү жагынан, алардын кызмат адамдарын акчага сатып алганы өкмөттүн аткаминерлери үчүн кыйла кирешелүү ал эми кыргызстандыктар үчүн осол иш болбодубу. Иликтөө учурунда Кыргызстандын укук коргоо органдарына канча ирет кайрылсак да алар түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Ошондон улам мен кыргыз бийлигинин иликтөөгө мамилеси салкын болгонун, бул болсо алардын масштабы кеңейип кеткен коррупцияга аралашып калуу мүмкүндүгүн кыйыр түрдө ырастап турат деп айта алам.

Мухаммад Тахир: Бакыт, сиз Кыргызстанда бир топ жооптуу кызматтарда иштегенсиз, эми айтсаңыз, ушунча жыл каалаганын жасап келген бул адамдар жоопкерчиликке тартылбай эркин жүргөнүн эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Бакыт Бешимов: Ошондуктан мен Кыргызстандын мурдагы жана азыркы жогорку кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы болушу мүмкүн деп жатпаймынбы. Менимче, кыргыз бийлиги аралашпаса, бул кылмыштуу бизнес бир топ жыл ээн-эркин жүрмөк эмес.

Брюс Панниeр: Азыркы президент Жээнбеков мына ушул көз боёмочулуктар болуп турганда түштүктө Ош облусунун губернатору болуп турган. Жооптуу кызмат адамынын кыңыр иштерден кабарсыз калышы мүмкүн эмес, себеп дегенде, жогорку аткаминердин байланыштары көп болот. Менин оюмча, ал кездеги президент Атамбаев да баарынан кабардар болгон, эми ал боюнча көп суроолорго жооп бериши керек. Кандай болгон күндө да, азыркы президент үчүн бул жакшы белги эмес, облуста ал бир топ жыл иштеген. Анан ал билбей калган деп айтыш…

Буга кимдир-бирөөлөр ишенип калат деп айтыш кыйын. Анын залакасын жалгыз эле Кыргызстан тартпайт. Мындан эки жыл илгери Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда талаштуу маселе чыккан, аткезчилик товарлар арбып кеткенин айтып, жашыруун товарлар агымын токтотуу үчүн Казакстан чек арасын жаап салган. Казактар Кыргызстандан деп ташылып аткан товарлардын көбү Кытайдан чыкканын белгилешкен, ошондо Атамбаев менен казак бийлигинин ортосунда чыңалуу пайда болгон. Андан кийин мунун баары унутулуп, ортодо болгон талаштар эстелбей деле калган. Кайрадан чек ара ачылып, кыязы, ошол эле товарлар Казакстан чек арасынан агылып өтө баштаган. Коррупция канчалык жайылган деп сурап жатпайсызбы. Мүмкүн Жээнбеков болгон иштин баарынан кабардар болсо керек.

Мухаммад Тахир: Илья, сиз мунун баары Ошто, анан Өзбекстанда болгон деп айттыңыз. Экөөнүн ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн?

Илья Лозовский: Өзбекстан менен өзгөчө байланышы болгон, Ташкенттин алдында “Абу-Сахий” деген өтө чоң базар бар. Өзбекстан Кыргызстандан кыйла эле чоң өлкө, базары да чоң, базарына соода кылгандар көп, жайнаган товары сатылган таасири чоң базар. Ушул

“Абу-Сахий” деп аталган чоң базарга Кыргызстан аркылуу Абдукадырдын Кытайдан ташылган товарлары кирип турган. Чын-чынына келгенде, Абдукадыр башкарган компаниялар тобу да “Абу-Сахий” деп аталат, ортолук байланыш кандай экенин ушундан деле боолгосо болот. Иликтөө учурунда Саймаити Ташкенттин жанындагы “Абу-Сахий” базарын Абдукадыр негиздегенин айткан, чынында эле ошондой деп анын айтканын биз ырастай албайбыз. Саймаити айтып аткан базар менен ушу тапта Ташкенттин жанында иштеп аткан базардын аты окшош болушу деле мүмкүн.

Мухаммад Тахир: Ташкентте «Абу-Сахий» деген базар бар, анын ээси Өзбекстандын мурдагы президентинин күйөө баласы, Лола Тилляеванын күйөөсү экени айтылат.

Илья Лозовский: Ооба. Кандай болгон күндө да, Кытайдан чыккан товарлар түркүн схемалар аркылуу бажы тосмолорунан өтүп, Кыргызстандан Өзбекстанга арзан буюм катары ташылып турган. Анан сатылган товарлардын акчасын кайра артка ташып өтүү керек эле.

700 миллион доллардын кыйла бөлүгүн Саймаити жөнөтүп турган Абдукадырдын акчалары мына ушул “Абу-Сахий” базарынын “акча чогултчу” кассасынан чыккан. Ал акча кайра эле аткезчилик жол менен Кыргызстанга машинанын запастык дөңгөлөктөрүнө катылып Абдукадырга тийиштүү Кара-Суу шаарынын жанындагы жерге жеткирилип турганын укканбыз.

Келген акча Саймаитинин колуна тийген, ал болсо аны банкка салган. Саймаити акчаны банкка депозитке салган эмес, алардын кайсы жакка кантип которулуп жатканын көрүп, текшерип турган. Акчанын которулушуна жоопкер Саймаити болчу, чогулган акчалардын бир бөлүгү бажыда иштегендер үчүн, Матраимовдорго бөлүнгөн. Каражаттын кыйласы Абдукадырдын тапкан кирешеси эле, акча чет өлкөлөргө ар кыл инвестициялык иштерге которулган. Ошентип Өзбекстан бул схеманын негизги бөлүктөрүнүн бири, бирок жападан жалгыз эмес, себеп дегенде, агылган товарлар, сапырылган акчалар арбын болчу.

Ошол агылган товарлардын айрымдары Өзбекстанга өтүп кетчү товарлар деп көрсөтүлгөнү менен, Кытайдан келген товарлар чек арага жакын жерде, мен ойлойм, ошол эле Кара-Суунун жанында түшүрүлүп, ичинде эч нерсеси жок бош машиналар Өзбекстанга өтүп турган, ошону менен транзиттик документтерге көрсөтүлгөн товарлар жетчү жерине жетти делген. Товарлар болсо Кыргызстанда эле болчу, алар Кыргызстандын өзүндө сатылган же аткезчилик жол менен Казакстанга, Орусияга – кирешени көп бере турган базарга ташылып турган. Бул эми мамлекеттер аралык жагдай, ага бир топ өлкөлөр аралашкан.


Мухаммад Тахир: Кызыгы ушул, Өзбекстандын мурдагы президенти башкарып турганда чек арадан өтүш өтө эле кыйын иш болчу, бирок ошол чычкан өтө алгыс чек арадан жүк ташуучу машинелер тоскоолдуксуз эле каттап турушкан... Журналисттик иликтөөгө кыргыз бийлигинин жообу кандай болду?

Илья Лозовский: Өзгөчө бир мамиле деле болбоду. Бажы кызматынын пресс-кызматы иликтөөнү толугу менен четке кагып, "Кыргызстанда эч кандай аткезчилик жок, иликтөө материалында көрсөтүлгөндөр чындыкка коошпойт" деп билдирди. Алар биз көрсөткөн материалдарга да жооп беришпеди, таап чыккан далилдерибизди да четке кагышты.

Президенттик аппарат Жээнбеков менен Хабибулла Абдыкадырдын үй-бүлөлөрү ортосундагы кандайдыр бир байланыштардын бардыгына ишенбейт. Иликтөө материалыбызда Хабибулла Абдукадырдын президент Жээнбековдун кызматка киришип жаткан сыяпатта сыйлуу жерде отурган сүрөтү бар, мына ушул жагдай алар үчүн өтөле оңтойсуз маселеге айланды, иликтөөдө келтирилген жагдайлардын ичинен мына ушул сүрөткө көбүрөөк маани беришти.

Бул ишти иликтеп чыгуу үчүн парламент атайын комиссия түздү. Буга чейин Саймаитинин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзүшкөн, ошол эле комиссия болот окшойт. Раим Матраимовдун агасы парламент депутаты Искендер Матраимов Саймаитинин өлүмүн изилдөө боюнча ошол комиссияга мүчө болуп кирген (абдан кызык жагдай, менимче), бирок коомдук каршылыктарга байланыштуу комиссиядан чыккан. Анысын "кызыкчылыктар кагылышы болбосун" деп түшүндүрдү.

Соңунда, иликтөөлөрдүн жарыяланышына байланыштуу коомдук каршылыктын дүйшөмбүдөгү жыйыны мыкты жаңылык болгонун айта кетейин. Ага көп адам деле чыкпады, бирок жаштар көп болду, алар коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, уюшкан кылмыштуу топтордун коркутууларынан журналисттерди коргоону талап кылышты. Кийинки болгон окуялардын эң маанилүүсү - ушул нааразылык жыйыны болду деп ойлойм.

Мухаммад Тахир: Райымбек Матраимовдун аты Кыргызстанда арбын талкууланган күмөндүү маселелерде такай айтылчу, бирок бул материал чыкканга дейре Абдукадырдын үй-бүлөсү тууралуу укпаган элем. Кыргызстандагы коррупция жөнүндө кеп кылганда кандай үндөш жагдайды айтууга болот?

Биз эмнеликтен кыргыз бийлиги чычалап, так сөздөн тайсалдап жатканын түшүнө албай турабыз. Райымбек Матраимов тууралуу айтсак, ал өзү өлкөнүн коррупциялык символуна айланып кетти, ошондуктан нааразы болгон калк, айрыкча жаштар мыйзамдуу суроолоруна жооп издеп жатат.
Бакыт Бешимов.


Бакыт Бешимов: Оболу Кыргызстандын жаңы муунунун натыйжалуу өткөргөн нааразылык жыйынынан кийин иликтөөнүн материалдары Кыргызстандагы эң окумдуу материалга айланып, тынч турган чөлкөмдү селт эттиргенин белгилей кетейин. Азыр биз эмнеликтен кыргыз бийлиги чычалап, так сөздөн тайсалдап жатканын түшүнө албай турабыз. Райымбек Матраимов тууралуу айтсак, ал өзү өлкөнүн коррупциялык символуна айланып кетти, ошондуктан нааразы болгон калк, айрыкча жаштар мыйзамдуу суроолоруна жооп издеп жатат. Айталы, коррупция менен аёосуз күрөшмөкчү болгон президент эмне үчүн айыптын баарын өзүнө чейинки башчыга буруп коюп унчукпай отурат?

Соңку маалымат жыйынында ал журналисттерден фактыларды берүүнү сурады. Ал фактылар алдына коюлганда жооп бербей унчукпай отурат. Антип унчукпай коюу, коррупциянын дагы эле уланып жатышы мыйзам үстөмдүгүн жокко чыгарып, анын бийлигинин кадыр-баркын кетиргенин билер бекен? Ишенимдүү булактарга таянылган иликтөөлөр жүргүзүлүп, коомчулуктун кайра-кайра коюп аткан талаптарына карабай эмне үчүн президент унчукпай отурат, Кыргызстандын бажы кызматынын мурдагы башчыларынын бири Раим Матраимов ушу кезге чейин жоопко тартылбайт деп жаштар сурап атышат, эмне үчүн ушундай болууда? Адамдар премьер-министр же парламент спикери мына ушул кылмыштуу синдикаттан пара алышпаса, эмне үчүн аларга тийиштүү чараларды көрүшпөйт деп сурап атышат. Бул коррупциянын масштабы өтө тереңге кеткенин, ага азыркы режимдин катышып калуу мүмкүндүгүн айтып турат.

Мухаммад Тахир: Кыргызстандын дагы кайсы жеринен коррупциянын белгилерин издесек болот?

Брюс Панниeр: Өлкөдө кытай каражатына жаңыланган Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштер иликтенип жатат. Матраимов маселесинен алыстай элегибизде анын Атамбаев президент кезинде кызматынан алынганын кошумчалай кетейин. Жээнбеков шайлангандан кийин сот аны кызматтан алуу туура эмес болгонун ырастап, Матраимовду мурдагы кызматына кайра коюу тууралу чечим чыгарган. Анын бажы кызмат жетекчиси орунбасары кезинде кандай иштегени, кыязы, соттук иликтөөдөн өткөндүр, анын негизинде коюлган айыптардын баары алынып отурбайбы. Таңкалычтуу ыкма менен сот бийлиги аны мурдагы кызматын кайтарып берүү боюнча чечим чыгарды, ал жерге кимди дайындашты өкмөт чечиши керек го, сот бийлигинде кимдир-бирөөнү ишинен алынган жогорку кызматына кайра алып барып отургузуп коюу боюнча реалдуу укугу жок.

Менин оюмча, Борбор Азиядагы кайсы өлкөдө мамлекеттик кызматтардын ичинен кимиси аябай коррупциялашкан деп сураса, бажы кызматы алардын эң алдында турганына бөркүңүздөй ишене бериңиз. Баары тең бажыдагы коррупция системалуу түргө өтүп кеткенин айтышат. Чөлкөм “Бир кур – бир жол” соода долбооруна кирүүгө куштар. Бажыдагы коррупция мына ошого каршы иштеген чыккынчылык, бул көйгөй чечилиши керек. Кыргызстан тууралуу айтсам, коррупция Бишкек ЖЭБин жаңылоого бөлүнгөн 386 миллион АКШ долларынын ың-жыңсыз жоголушунан да көрүндү. Ал өзү ири долбоорлордун баарына тийиштүү. Ири долбоор чыкса эле ага бөлүнгөн акчанын кыйла бөлүгүн кимдир-бирөө кымтып алат дей бериңиз. Анан да бул, албетте, жалгыз Кыргызстандын эле проблемасы эмес.

Арийне, мындай иштер Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө, андан сырткары жерлерде болуп турат. Ал иштерге жогорку кызматтагы адамдар катышат, кызыгуусу болбосо алар мындай иштерге аралашпайт. Төмөнкү кызматтагы аткаминерлер жогорто отургандардын макулдугу, колдоосу жок мындай иштерге кошулбайт. Кыргызстан үчүн бул иликтөө жарылган бомбадай эле болду, босогодо жаңы парламенттик шайлоо, эмдиги жылы атаандаштыкка чыкчу кош партия айласын таппай отурат. Алар парламентке өтүш үчүн керектүү добуштардын пайыз астанасы азыраак болушун айтууга өтүштү, өйдөтө айтылгандай, Социал-демократиялык партия кедеринен кетүүдө, парламенттеги кыйла орунду ээлеген “Республика Ата-Журт” ич ара бөлүнүп кетти, “Республиканын” мурдагы башчысы саясаттан кеткенин жар салган. Ошентип парламентке өтчү орундар бош, ал эми коррупция шайлоо учурунда негизги факторлордун бири болот.

Мухаммад Тахир: Кыргызстандын каржы полициясынын билдирүүсүнө келели, ал киши аткезчилик жол менен миллиарддаган АКШ доллары чыгып кеткенин билдирди. Кантип алып чыгып кетишкен?

Бакыт Бешимов: Президенттин, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрүнүн, анын ичинде бажы кызматынын жетекчиси, ички иштер министринин тикелей катышуусунда гана ушундай иш жасалат. Буларсыз ири криминалдык бизнести түптөп, иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Мунун баары 90-жылдары Акаев башкарып турган кезде башталган. Ошол кезде бажы кызматынын башчысы өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн ал жерге алып келгенин билем. Кийин ал Бакиевдин бийлиги тушунда улантылды. Бажыдагы коррупциянын гүлдөп өнүгүшү, опсуз жайылып кетиши Атамбаевдин башкаруусуна туш келди.

Жээнбеков да ушул бизнести улантууда, менин оюмча, ал деле пайдасын көрүп жатат. Кийинки окуялар тууралуу айтсам, азыркы бийликке каш кайтарбаган парламент депутаты минтип айтпадыбы: «Кийинки парламенттик шайлоонун негизги демөөрчүсү болгон Матраимовду кантип айыптайбыз?». Жээнбеков шайлоо өнөктүгүнө 24 миллион долларды кантип алганын билбейм, бирок да анын шайлоосунун демөөрчүсү ким болгонун боолгоп жатпайбызбы.

Мухаммад Тахир: Илья, Кыргызстандан оңор эмес акчанын чыгарылышын иликтеп атканда сиздерди айран калтырган, чочулаткан учурлар болдубу?

Илья Лозовский: Болду да, 700 миллион АКШ доллары оңой эмес акча. Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору арам акчаны адалдоо, жашыруун каржы агымдары боюнча мындан көп каражаттар боюнча иликтөө жүргүзгөн, мисалы, миллиарддаган долларды камтыган азербайжандык же орусиялык схемалар. Бирок алар мунайга бай Орусия менен Азербайжан болуп жатпайбы. Кыргызстан үчүн кыйла дегидей акчанын ушундай жолдор менен чыгарылып кетиши таңкалычтуу. Албетте, андан биринчи кезекте Кыргызстан эли менен жарандары жабыркоодо, мыйзам үстөмдүгү жокко чыгууда. Кыргызстан өз калкынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кирешеден кол жууп отурбайбы. Бул кимдин да болсо эсин эңгиретчү нерсе. Анан, албетте, Саймаитинин өлтүрүлүшү бизди аябай сестентти.

Саймаити менен Стамбулда эки жума илгери эле сүйлөшкөнбүз, туура, ошондо эле анын коопсуздугу коркунучта экенин билчүбүз. Ал чочулап жүргөн, коркутуп жатышканын айткан, бирок бирөөлөр аны эл көп жүргөн жерде атып кетери… Киши колдуу болгон күнү ал кафелердин биринде чай ичип отурган. Анан да ал бизге буга чейин анын акча ташыган бир нече таанышы өлтүрүлгөнүн айткан. Баарынын көз алдында болгон кылмыштар жазасыз калууда. Бул адамдар бир топ жылдар бою алдагы схеманы түзүшкөн, менимче, биздин иликтөөнүн баалуулугу - буга чейин тек сөз болуп келаткан кыңыр иштерди ачыкка чыгарганыбызда.

Матраимовдун элге дайын каймана аты бар, адамдар аны "Райым миллион" дешет – ошончо акча тапкан бай. Анын байлыгы тууралуу сөздөр айтылып эле калып келген, биз аны документтер, кылдат даярдалган материалдардын негизинде далилдедик. Мени таң калтырганы, мына ушул системанын мамлекет тарабынан эч кандай тоскоолдукка учурабай ушунча жыл жашап келгени. Бул жерде коопсуздукка байланышкан коркунуч турат, бирок мен бул маселеде жөн эле куру сөз менен чектелип калгым келбейт.

Мухаммад Тахир: Коррупцияга байланышкан ушул сөздөн улам дагы бир суроо, Кыргызстан үчүн бул иликтөөнүн мааниси кандай, коррупциянын кенен, узакка тарап кеткен кесепети кандай болот?

Брюс Панниeр: Бул иликтөөнүн өзгөчө маанилүү нерсеси саясий өзгөрүүлөргө алып келиши керек, ал сөзсүз болушу зарыл. Менимче, көп кишилер “жөн эле айыптуу” болуп жазага тартылышат, нааразы болгон калктын көңүлүн алыш үчүн ушундай иштерди жасашат. Анан да, ушул иштен кийин бажы кызматынын иши түп-тамырынан өзгөрүлүп кетерине ишенбейм. Непадам, Абдукадырды жок кылышса, болбоду дегенде элүү киши анын ордун ээлегени чыгат, алар азыркыдан да татаал схеманы ойлоп табышат. Анын баары адамдардын проблеманы жок кылып, анын тамырын кыркып, экинчи андайдын кайталанышына жол бербешине тоскоолдук кылбашы керек. Бирок коррупция системага терең кирип, тамырын жайып алган, андан кутулуу аябай кыйын.

Айыптууларды азыр эле жоопкерчиликке тартып, коррупцияны жок кылсаңыз ал орунду ээлөөгө куштар башка адамдар жайнап чыгышат. Баарынан кыйыны президент Жээнбековдун алдыдагы төрт жылы, ошого оңбогондой оор милдет тагылат. Алдыдагы төрт жылында тынч-аман иштеп берсе - бактысы, себеп дегенде, ал ушу тапта болуп аткандарга эч кандай тиешеси жоктугун, коррупцияга каршы күрөштө эч кимди аябасын далилдеши абзел, анте албаса эл анын бийлигине каршы чыгат.

Экинчи тарабында унчукпаган бийлик, айтылган сөздү жактырбай, кабагын чытыгандар турат. Мамлекеттик телекөрсөтүү менен ЖМК жаштардын нааразылыгын Батыштын акчасына жасалган иш катары чагылдырууда. Бул жагынан аты чыккан «Дело №...» гезити «Америка Кыргызстанда төңкөрүш даярдап жатат» деп жазды.
Бакыт Бешимов.


Бакыт Бешимов: Бу иликтөө Кыргызстанда саясий кризис жаратты. Бир жагында жаалы кайнаган эл, нааразы көпчүлүк ишти тергеп, Райымбек Матраимовду жоопко тартууну талап кылууда, алардын саны күндөн-күнгө арбып баратат. Экинчи тарабында унчукпаган бийлик, айтылган сөздү жактырбай, кабагын чытыгандар турат. Мамлекеттик телекөрсөтүү менен ЖМК жаштардын нааразылыгын Батыштын акчасына жасалган иш катары чагылдырууда. Бул жагынан аты чыккан «Дело №...» гезити «Америка Кыргызстанда төңкөрүш даярдап жатат» деп жазды. Бул өлкөдө чыңалуу курчуп жатканын, ага карата президент менен өкмөт негиздүү жооп бериши керек дегенди түшүндүрөт.

Нааразылыктын эң натыйжалуу акциясын уюштурган жаштар биртоп үмүттү пайда кылды. Алар он-лайн өнөктүгүн токтотуп койбой, коррупция тууралуу маалыматтарды жарыялай беришерин, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты күчөтүп, ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрү иликтөөлөр жүргүзүшүн сурап, алардын Кыргызстанга берип жаткан инвестициясын көзөмөлдөп, дагы башка иштерди жүзөгө ашыра беришет деп ишенем. Бул жакшы башталыш. Ошондой эле бул оор маселе, анткени өкмөт нааразылыкка чыккан айрым адамдарды кысымга ала баштады, бирок мен кыргыз коомчулугу өлкөнүн болочогуна ишенимдүү багыт алат деп ойлойм.

Соттук доолор сөз эркиндигине басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:38 0:00

Илья Лозовский: Албетте, биздин мамлекеттик төңкөрүш жасоо оюбузда жок. Биз кайсы бир саясий тараптарга же кыймылдарга деле жан тартпайбыз, документтерге негиздеп, иликтөөлөрдү жүргүзө беребиз. Биздин уюмдун максаты - уюшкан кылмыштуулук менен коррупция тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирүү. Таасирдүү адамдардын өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен четте калып жатканын айта беребиз. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу – биздин үмүтүбүз эле ошол. Иликтөөнүн максаты деле ошол, укуктук жагынан жоопкер деп табылган адам сот алдында жооп бериши керек. Андайларга коомдук сурак жалгыз эле Кыргызстанда жүрүшү керек эмес, биз кайсы жерде иштесек, ошол жерде да коомдук талап болушу абзел, коррупцияга каршы күрөш аткаминерлердин кайсы бир амалдуу схемалардын жардамы менен жоопкерчиликтен кутулуп кетишине жол бербей, андайга мүмкүнчүлүк бербеген ырааттуу системаны түзүүгө багытталышы абзел. Биздин жасап жаткан ишибиз элдин колдоосуна ээ болсо – ошого ыраазыбыз, элге кылчу жардамыбыз ошол.

Кыргызстандагы коррупция тууралуу талкуунун англис тилиндеги аудиосун төмөндөн уксаңыз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG