Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Жарандар коррупцияга каршы чыгышты


25-ноябрь, Бишкек
25-ноябрь, Бишкек

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык коомдун коррупцияга каршы «#REакция» аттуу митинги өттү. Акцияга чыккандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюуну, реалдуу реформаны талап кылышты.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшту. Жүздөгөн адамдар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун элеси тартылган сүрөттөрдү жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар менен плакаттарды көтөрүп турушту.

Тынчтык акциясында эч кимге сөз берилген жок. Алгач Кыргызстандын гимнин ырдашып, модератор Улан Үсөйүн бул эч кандай саясий күчтүн митинги эмес, жөнөкөй тургундардын бийликке болгон талабы экенин эскертип жатты.

- Бул - жарандардын, кайдыгер эмес жашоочулардын акциясы. Бул саясатчынын же саясий күчтүн акциясы эмес. Бул келечекке кам көргөн жарандардын акциясы!

Жемкорлукка каршы чыккан жарандык коом
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00


Ала-Тоо аянтындагы акциянын башталышында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев катышуучуларга келип, акция мыйзамсыз өтүп жатканын эскертти. Казакеев муну Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-ноябрдан баштап 1-декабрга чейин митинг өткөрбөө боюнча чечим кабыл алганын айтып негиздеди. Бирок акцияга катышып жаткандар өз пикирин ачык айтууга укугу бар экенин белгилеп, мыйзамды бузбаса, башка адамдарга тоскоолдук жаратпаса, митингди токтотуу аракети болбой турганын кошумчалады. Тынчтык акциясында мыйзам бузган учурлар байкалган жок.

Коррупцияга каршы тынч акцияга келгендердин бири Таалайбек Ишенбай уулу жүк ташуу тармагында иштейт экен. Ал бийлик бажы тармагындагы коррупцияны тыйышы керек экенин айтты. "Чындыгында сол чөнтөккө кеткен акча журналисттер иликтегенден алда канча көп" деп божомолдойт.

- Бизде канча жылдан бери коррупция өнүктү. Эң коррупциялашкан тармак - бул бажы кызматы. Мен өз көзүм менен көрүп турган коррупцияны булар “жок” деп карандай калп айтып жатышат. Мен жүк ташуучу болгон үчүн билип калгам.

25-ноябрь, Бишкек
25-ноябрь, Бишкек


Акциянын демилгечилери менен байкоочулар тынчтык митингине эки миңден ашык адам келгенин айтса, милиция 400 адам келгенин кабарлады.

Байкоочулар чогулгандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгонун, алардын көпчүлүгү Интернеттен угуп келгенин белгилеп жатышат. Мындан сырткары жаштар арасында таанымал алып баруучу Эркин Рыскулбеков, радио алып баруучу Алина Баженова, ырчы Салтанат Аширова, блогер Эрулан Көкүлов сыяктуу эл назарындагы адамдар да жүрүштү. Ошондой эле парламент депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Ширин Айтматова, укук коргоочу Рита Карасартова, ишкер Жумадил Эгембердиев, Тилек Токтогазиев жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрү келди.

Журналист жана жазуучу Олжобай Шакир бул жолку митингден мындай өзгөчөлүктөрдү байкаптыр:

- Мурунку митингдерден айырмасы - саясатчылар микрофондон кыйкырып, өкүрө берген жок. Буларды баштап келген лидер болгон жок. Эл өз ыктыяры менен ушундай келип жатканы жакшы жышаан. Демек келечеги бар мамлекетте ушундай тынчсыздануу болот.

25-ноябрь, Бишкек
25-ноябрь, Бишкек


Ар кандай акцияларды жалгыз уюштуруп жүргөн активист Өндүрүш Токтонасыров митингде катуу талаптар айтылбаганын сындап, "митингге келгендер да аз болду" дейт.

- Митинг менин көңүлүмө толгон жок. Эл абдан аз келди. Мен кыргызстандыктардын баары келет деп ойлогом. Чогулуп, "урматтуу президент, Райымбы же Кыргызстанбы? Тандаңыз же өзүңүз кетиңиз", - деп айтышы керек болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев активисттердин "камалсын!" деген талабын 1937-жылга салыштырды. Мындай пикирин коммунист депутат "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасынын ушул күнкү чыгарылышына катышып жатып билдирди.

Саясат талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде мамлекетте күчтүү оппозиция, бийликке альтернативдүү пикир айткан саясий күчтөрдүн жоктугунан улам жөнөкөй жарандар көчөгө чыгат. Мындай нааразычылык акцияларга, андагы талаптарга бийлик реакция кылбаса социалдык чыңалууга алып келет дейт.

- Акция маданияттуу өттү. Эч кимди “кет” дебей, эч кимге акарат келтирген жок. Албетте оппозициянын болбогону, саясий партиялар өз милдетин аткарбаган жерде мындай митингдер мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Акциянын аягында катышуучулардын колдору коюлган талаптары 26-ноябрда Жогорку Кеңешке жана Президенттик аппаратка өткөрүлүп берилерин билдиришти. Демилгечилер алардын талаптарына бийлик эч кандай реакция кылбаса, катарын көбөйтүп кайрадан чогуларын айтышты.


Ушул күнү Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакын арада бул кеңештин жыйыны болорун жана анда коррупция маселеси караларын билдирди. Ал Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатканын айтып, аткаминерлерге «Коррупция» беренеси менен шек саналгандардын кылмыш ишинин мөөнөтү бүтпөй турганын эскертти.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсү кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратууда.

Бул иликтөөдө аты аталган мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгиледи. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG