Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Райымбек Матраимов Айеркен Саймаитини тааныбай турганын айтты


Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бийлик өкүлдөрү менен Кара-Суудагы мелдеште, 1-май, 2019-жыл

6-декабрда жергиликтүү маалымат сайттарынын биринде жарыяланган видеодо Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кабарчылардын суроосуна жооп берди. Ал соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди. Мындан тышкары ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын, ошондон улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергенин, «Азаттык» радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын айтты.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (92)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG