Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

"Ферганалык келиндердин" таасири


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ислам Каримовдун жесири Татьяна Каримова.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ислам Каримовдун жесири Татьяна Каримова.

Өзбекстандын азыркы бийлиги мурдагы өлкө башчысы Ислам Каримовдун туугандарын, жакын санаалаштарын куугунтуктап жатабы? Жакында эле президент Шавкат Мирзиёев Ферганадагы завод-ишканалардын кыйрашы үчүн “Ферганалык келиндерди” айыптаган.

“Ферганалык келиндер”

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматына келип түшкөн аудиодо Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык деген үн Фергана облусунун экономикалык абалы тууралуу айтып жатып, чөлкөмдөгү ишканалардын иштебей турганын сынга алган.

- Соңку 27 жыл ичинде Ферганада бир да жаңы ишкана түптөлгөн эмес. Биз үчүн Ферганадагы мунай заводунун имаратын темир-тезекти кайра иштетип чыгарчу жерге өткөрүп салсак пайдалуу болот деп ойлойм. “Ферганалык келиндер” бул ишкананы бузуп, кыйратып салышты. Бул канчалык орой болбосун, мен айтам. Анткени силер баарыңар сөз ким жөнүндө болуп жатканын түшүнүп турасыңар. Ал келемиштер Ферганадагы бардык ишканаларды ээлеп алып, жок кылышты, тоноп кетишти. Бул да чындык, - деп айткандары 11-сентябрда Фергананын активи менен жолугушууда жаздырылган.

Шавкат Мирзиёев «Фергананын келиндери» деп мурдагы президент Ислам Каримовдун аялы Татьяна Каримова менен анын сиңдиси Тамараны айтып жатканын көп адамдар дароо белгилешкен.

Мурдагы биринчи айым сиңдиси экөө Ферганада туулуп-өскөн. Бул аймактагы завод-фабрикалардын бардыгы 2000-жылдардан тартып экс-президенттин балдызы Тамара Собированын уулу Акбарали Абдуллаевдин көзөмөлүнө өткөнү айтылып жүргөн. Ал 2012-жылы президент таажездесинин көзү тирүү кезинде эле ар кандай чуулуу иштерге байланыштуу 15 жылга абакка отургузулуп, эки жарым жылдан кийин шарттуу бошогон.

Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин бир ай өтпөй Абдуллаев чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал 800 млн. долларды чыгарып кеткенин тергөөчүлөр билдирип, кылмыш ишин да козгошкон.

- Акбарали Абдуллаевдин иши эгемен Өзбекстандын тарыхындагы каржыга байланыштуу эң ири иш болушу мүмкүн. Бул жерде кеп кеминде 800 млн. доллар тууралуу болуп жатат, бул прокуратуранын маалыматы. Канча каражаттын тек-жайы аныкталбай калды? Акбарали Абдуллаев Фергана өрөөнүндөгү эң кубаттуу ишканаларды, мунай заводдорун, кварц заводдорун жана башкаларды көзөмөлдөп турган. Жалпылап айтканда, Өзбекстандагы иштеп турган өндүрүш компанияларынын баары анын көзөмөлүндө болчу, - дейт "Азаттыктын өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сидиков.

Абдуллаев 2017-жылы Украинада Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалган. Расмий Ташкент Киевден аны экстрадициялоону талап кылган. Бирок ал мекенине кайтарылса өлтүрүп коюшарын айтып, украин бийлигинен качкын макамын сурап кайрылган. Украинанын Миграция кызматы былтыр июнь айында анын суранычын канааттандырган. Абдуллаевдинн азыр кайда экени белгисиз.

2000-жылдардагы АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жон Пурнелл өзүнүн турумун бекемдеш үчүн мурдагы президенттин жакындарын куугунтуктоо мурдагы советтик мамлекеттерге таандык көрүнүш экенин белгиледи.

- Болгону ошол. Мирзиёев ким бийликте турганын көрсөткүсү келет, -дейт Пурнелл.

Өкмөттөгү тазалоо

2016-жылдын сентябрь айынын башында Каримовдун өлгөнү жарыяланган соң бийликке келген Мирзиёев коррупцияга каршы өнөктүк баштап, анын алкагында ондогон жогорку кызматтагы аткаминерлер иштен алынды.

Алардын арасында кол тийбес деп саналган, өзбек атайын кызматын жыйырма жылдай жетектеген Рустам Иноятов да бар. Көп өтпөй маркум Ислам Каримовдун дарегине сын пикирлер бийлик тараптан да айтыла баштады.

Бир нече мамлекеттик телеканалдардын журналисттери аларга Каримовдун ысымын атоого тыюу салынганын белгилешсе, Ташкенттеги мамлекеттик музейден Каримовдун бардык сүрөттөрү алынганын ошол жерде иштегендер айтышты.

Ислам Каримовдун үй-бүлө мүчөлөрү кийинки убакта эл алдына да чыкпай калышты. Татьяна Каримова акыркы жолу 2017-жылдын август айында Ташкентте жолдошунун элесине арналып курулган мавзолейдин ачылышына катышкан. Ал жерде Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева да болгон. Ал өзү менен кошо Каримовдун жээн небереси, Гүлнаранын кызы Иманды ээрчите барган.

Имандын энеси, бир кездеги модел, дипломат, дизайнер жана ырчы Гүлнараны "атасынын мураскери" деп аташчу.

Кийин Гүлнаранын ысымы коррупция боюнча айыпталган бир катар чет элдик компаниялар менен байланышта болуп чыккан. 2014-жылы үй ал камагына отургузулган. 2015-жылы августта Ташкент соту Гүлнара Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок Гүлнара азыр кайсы абакта жазасын өтөп жатканы жөнүндө маалымат жок.

Ислам Каримовдун кыздары Гүлнара менен Лола.
Ислам Каримовдун кыздары Гүлнара менен Лола.

Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева 2017-жылы буга чейин аркалап келген мамлекеттик кызматтардпн кетерин жарыялаган. Тактап айтканда, Парижде жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду - ЮНЕСКОдогу Өзбекстандын элчиси кызматынан жана өлкөдөгү Гимнастика федерациясынын башчылыгынан кетип жатканын айткан.

Лола Каримованын жолдошу Тимур Тилляев Өзбекстандагы эң ири деп саналган “Абу-Сахий” соода-транспорт компаниясынын жана ушундай эле аталыштагы базардын кожоюну болчу.

Ал “Абу-Сахийди” 2006-жылы негиздеп, аны ири компанияга айланткан. Анткен менен 2017-жылдын соңунда “Абу-Сахий” башка колго өтүп, аталышы да өзгөртүлгөнү маалым болгон. Канчага жана кимге сатылганы белгисиз. Тилляевдин адвокаты бул маалыматты “Азаттыктын” өзбек кызматына ырастап, кеңири маалымат берген эмес. Ал ошондой эле "Абу-Сахий" салыктарды өз убагында төлөп келгенин кошумчалаган.

Март айында Өзбекстандын мамлекеттик телеканалында тогуз мүнөттүк берүү көрсөтүлүп, анда «Абу-Сахий» 2016-2017-жылдары мамлекетке 55 млн. доллар көлөмүндөгү салык төлөбөй койгону маалымдалган.

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола жана анын жолдошу Тимур Тилляев.
Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола жана анын жолдошу Тимур Тилляев.

Орус илимдер академиясынын жана Британиядагы Chatham House аналитикалык борборунун мүчөсү Станислав Притчин Өзбекстанда бардык нерсе кандайдыр институттарга эмес, адамдарга байланганын айтат.

- Буга чейин Ислам Каримов жана анын үй-бүлөсү бийлик менен экономиканын борборунда болушкан. Албетте, ал адам алмашкандан кийин система да өзгөрүшү керек - дейт Притчин.

Байкоочулар белгилешкендей, Мирзиёевдин бийлиги Каримовдун заманында ийгиликке жеткен ишкерлерге бут тосуп, өкмөттөгү аткаминерлердин кызматтан алып жатышы Өзбекстандагы саясий институттар абдан морт экенин жана өнүкпөй калганын көрсөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG