Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Гүлнара Каримованын "батасы"


Гүлнара Каримова дизайнер катары Кытайдагы мода жумалыгында. 30-октябрь, 2012-жыл.
Гүлнара Каримова дизайнер катары Кытайдагы мода жумалыгында. 30-октябрь, 2012-жыл.

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо Telia деп аталган телекоммуникациялык ири компаниянын мурдагы үч жетекчисинин соту башталды. Алар Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн өлкөнүн мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 400 млн. доллардай пара берген деп айыпталып жатышат.

4-сентябрда Стокгольмдо башталган соттук жараянда Telia Sonera компаниясынын (азыр Telia) 2007-2012-жылдардагы башкы аткаруучу директору Ларс Ньюберг, ошол учурдагы каржы директору Терро Кивисаари, ошондой эле Евразия боюнча негизги юридикалык кеңешчиси жана компаниянын башкы адвокаты болгон Ули Туиманын иштери каралып жатат. Алар Өзбекстандын телекоммуникация тармагына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага кантип жана кандай жолдор менен пара беришкенине чогултулган документтерге таянып швециялык прокурор Гуннар Стеттлер сотто сүйлөгөн сөзүндө кеңири токтолду.

Ал америкалык, голландиялык, швейцариялык кесиптештери менен биргеликте топтогон документтер негизинен соттолуучулардын электрондук кат алмашууларынан, банк аркылуу которулган акча тууралуу кенемтелерден турат. Ошондой эле Швейцариянын банктарынын бириндеги Гүлнара Каримовага таандык банк уячасынан табылган документтер да камтылган.

Прокурор Стетлер сотто билдиргендей, TeliaSonera Өзбекстандын рыногуна кирүү аракеттерин 2007-жылдын февралында, америкалык MCT Telecom компаниясынын акцияларын сатып алуу менен баштаган. Ал кезде америкалык компания Өзбекстан базарынан кетүүгө камданып жаткан.

Teliaнын соттолуп жаткан мурунку үч жетекчиси өзбек рыногуна кирүү шарттарын иликтеп чыгууну Серкан Элдер аттуу жаранга тапшырган. Ал кезде Серкан Элдер акцияларынын 58 пайызы TeliaSoneraга караштуу Fintur Holdings деп аталган компаниянын аткаруучу директору болуп турган.

Стетлер билдиргендей, Серкан менен Теро Кивисаари жазышкан каттарда швед компаниясы өзүнө өзбек бийлигинен колдоочу издегени анык болгон. Тактап айтканда, алар президент Каримов менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн колдоо издешкен.

Ал каттарда Өзбекстанда "үстү жактын батасын алмайын" бизнес жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылган. Ошол себептен MCT Telecom компаниясынын акцияларын сатып алуу үчүн жогорку даражалуу аткаминерлерге, тактап айтканда Өзбекстандын маалымат технологиялары агенттигинин директоруна пара берүү керектиги да талкууланган.

"Номур экинчи кызыкдар"

​Соттолуучулардын кат алмашууларынан ошондой эле президент Каримовго жол таба алышпай, швед компаниясы өз "жуучуларын" анын кыздарына жөнөтө баштаганын билсе болот. Ал каттарда Гүлнара Каримова "Г, леди жана Кызы" деп белгиленген. Аны Өзбекстандагы телекоммуникация рыногуна кирүүгө "жол ачып берге турган таасирлүү адамдардын бири" деп аташкан. Ошондой эле швед тарап аны "атасынын мураскери" деп атаган.​

Маркум президент Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова. Самарканд. 28-август, 2017-жыл.
Маркум президент Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова. Самарканд. 28-август, 2017-жыл.

Ушул эле каттарда Ислам Каримовдун экинчи кызынын да ысымы аталат.

Стокгольм сотуна прокурорлор тапшырган электрондук кат алмашууларда "№2чи сүйлөшүүгө кызыкдар экенин биздин адамдарга айтышыптыр. Бул жагын да караштыруу керек" деп жазылган.

Көп өтпөй TeliaSonera Гүлнара Каримова менен Өзбекстанда бизнес жүргүзүү боюнча сүйлөшүп, анын сиңдиси Лола менен сүйлөшүүдөн баш тартат.

Гуннар Стетлердин ырасташынча, TeliaSoneraнын президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүү аракети 2007-жылдын мартында ийгиликке жеткен. Андан соң Гүлнара Каримова «Уздунробита» (MCT Telecom компаниясынын Өзбекстандагы бөлүмү) компаниясынын ошол кездеги башкы директору Бекзод Ахмедго швед компаниясы менен сүйлөшүүгө барууну тапшырган.

Стетлер: Бар документтер соттолуучулардын пара бергенин 100 пайыз далилдейт

Прокурор "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына берген маегинде документтердин баары АКШнын, Швейцариянын жана Голландиянын прокурорлору менен биргеликте даярдалганын билдирди.

"Бул документтер үч соттолуучу тең Гүлнара Каримовага алдын-ала ойлонуп, өз каалоосу менен пара беришкенин далилдейт", - деди ал.

Соттолуп жаткан үч адамды Швециядагы эң белгилүү адвокаттардын тобу жактап жатат.

Ишти кароо 5-6 айга созулат. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттар акыркы сөзүн сүйлөшөт. Өкүм 2019-жылдын январь-февралында чыгары күтүлүп жатат.

Telia компаниясынын мурдагы үч жетекчисине айып өткөн жылдын сентябрь айында, швед компаниясы бир топ жылга созулган коррупциялык иштин иликтөөсүнөн кийин АКШ жана Голландия бийликтерине бир миллиард доллардан ашуун айып пул төлөп берүүгө макул болгон соң тагылган.

Каримованын кайда экени дале белгисиз

Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. 2015-жылы августта Ташкент соту Гүлнара Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, офшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бирок Гүлнара азыр кайсы абакта жазасын өтөп жатканы жөнүндө маалымат жок.

Кийин Гүлнара Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптар коюлган. Демек мурдагы президенттин кызын дагы бир сот иши күтүп турат. Бирок өзбек бийлиги жана тунгуч президенттин үй-бүлөсү маалымат бербей келе жатат.

Бир ай мурда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каримованын Швейцариядагы акчасын кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Гүлнара Каримованын Швейцария банктарында камакка алынган каражатынын жалпы суммасы 800 миллион франкты түзөт. 18-июнда Швейцариянын банктары 800 миллион франктын 686,7 миллионун тез арада берүү тууралуу Өзбекстандан ордер келгенин жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG